1-берене
Күчүндө · 30.12.2024 редакциясы
"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 220-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья "аткаруу бийлигинин органдары жана кызмат адамдары" деген сөздөрдөн кийин ", советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдар, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдар" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган төмөнкүдөй жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн айыптоо өкүмүнө карабастан, Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдар:
а) 58-статьянын 1-18-бөлүктөрүндө каралган контрреволюциялык кылмыштар үчүн;
б) 59-статьянын 1-7-бөлүктөрүндө, 10; 60-62, 69; 70; 72-73, 76; 82; 84; 91-92-статьяларда каралган башкарууга каршы кылмыштар үчүн;
в) 109-111-статьяларда каралган кызматтык кылмыштар үчүн;
г) 131-статьяда каралган чарбалык кылмыштар үчүн;
д) 162-статьянын "а-д" пункттарында каралган мүлктүк кылмыштар үчүн;
е) 182, 191, 192-статьяларда каралган элдин саламаттыгын сактоо, коомдук коопсуздук жана тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн.
Ушул статьянын жетинчи-он экинчи абзацтарында саналган кылмыштар боюнча саясий репрессиянын белгилери болуп бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актылардын мазмунунан жана маңызынан келип чыккан негизде кылмыш-жаза жана/же административдик тартиптеги колдонуудагы негиздемелер боюнча чечимдери саналат.";
3) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргызстандын аймагында аскер кызматына чакырылган жана аскер кызматчыларынын же командалык курамдын катарында Экинчи дүйнөлүк согушка жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын Мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн;";
4) 6-статьянын экинчи бөлүгү "ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн адамдар тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Реабилитациялоо боюнча комиссия) сунушу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 61 жана 62-статьялар менен толукталсын:
"61-статья.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча адам саясий репрессиялардын курмандыгы деп таанылышы мүмкүн. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишинин тартиби, милдеттери, ыйгарым укуктары, ошондой эле анын курамын түзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо менен аныкталат. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ар бир парламенттик фракциядан жана депутаттык топтон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бирден депутаты, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттардан бир өкүл;
- жарандык коомдун 5 өкүлү;
- Кыргызстандын совет мезгилиндеги тарыхын изилдеген 3 окумуштуу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, улуттук коопсуздук органдарынан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматынан 1ден өкүл.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын иши бюджеттен тышкаркы каражаттардын, анын ичинде тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 30.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөЗакон · 27.05.1994 · № 1538-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230020362/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>