Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 30-октябры № 559
Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо боюнча улуттук долбоорлорду жана программаларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 153 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1, 2-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
1-тиркеме
"1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө талдоо жүргүзүүгө жана координациялоого, инновациялык технологияларды киргизүүгө, ошондой эле өлкөнүн тездетилген санариптик өнүгүүсүнө жетишүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүүчү туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ачыктык жана калыстык;
2) чечимдерди даярдоодо жана түзүүдө маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө инновациялык тренддерди колдонуу;
3) даярдалган чечимдердин негиздүүлүгү;
4) Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
5) акыркы натыйжага багытталгандык.
3. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Кеңештин максаты жана милдеттери
4. Кеңештин максаты болуп санариптик башкаруунун архитектурасын курууга жана эксперттик коомчулукту санариптик трансформация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялык чечимдерди укуктук жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча ишке тартууга көмөк көрсөтүү саналат.
5. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында санариптик башкаруунун архитектурасын куруу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
2) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында санариптик технологияларды киргизүү деңгээлин системалуу натыйжалуу талдоону жана баалоону камсыз кылуу;
3) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, ошондой эле электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
4) санариптик башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү макулдашылган мамлекеттик саясатты түзүүгө көмөктөшүү;
5) Кеңештин сунуштамаларын ишке ашырууга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, талдоо жана баалоо.
3-глава. Кеңештин ыйгарым укуктары
6. Кеңештин ыйгарым укуктары:
1) Кыргыз Республикасында санариптик трансформация үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, коомдук мамилелерди жөнгө салууда инновациялык мамилелерди колдонуу, киберкоопсуздукту башкарууда жана камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонуу маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
2) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда инновациялык мамилелерди колдонуу жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелерин козгогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоого катышат;
3) санариптик трансформация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат жана илгерилетет;
4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана башка адамдардын демилгеси боюнча өзүнүн жыйналыштарында Кеңештин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү маалыматтарды угат;
5) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү сунуштамаларды киргизет жана алардын аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
6) каралып жаткан багыттар боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде эл аралык эксперттерди тартат;
7) санариптик башкарууну ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
8) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык эмес жана илимий-изилдөө уюмдарынан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте сурайт;
9) Кеңештин кабыл алынган чечимдерин ишке ашырууну баалоого мониторинг жүргүзүү системасын бекитет.
4-глава. Кеңештин курамы жана түзүү тартиби
7. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан эки жылдык мөөнөткө түзүлөт.
8. Кеңеш Кеңештин Жетекчисинен жана мүчөлөрүнөн турат.
9. Кеңештин мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
5-глава. Кеңештин ишинин формасы
10. Кеңештин ишинин негизги формасы болуп Кеңештин жыйналыштары саналат.
11. Кеңеш ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өзүнүн ишинин регламентин аныктайт.
12. Кеңештин ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп саналган жетекчи жүзөгө ашырат.
13. Кеңештин Жетекчиси:
1) жыйналышты даярдайт жана Кеңештин жыйналыштарында модератордун функцияларын аткарат, анын сунуштамаларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жеткирүүгө көмөктөшөт;
2) Кеңештин ишин уюштурууга байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусу менен Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
15. Кеңештин сунуштамалары жана сунуштары жыйналышка катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен протокол түрүндө кабыл алынат жана сунуштама мүнөзүндө болот. Добуштардын саны тең болгон учурда Кеңештин жетекчиси добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, ошондой эле Кеңештин чечимдерин, санариптик трансформация боюнча улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу максатында Кеңештин алдындагы санариптик трансформация маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) ушул Жобонун тиркемесине ылайык курамда түзүлөт.
17. Ведомстволор аралык жумушчу топ жогоруда аталган Концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, ошондой эле Кеңештин чечимдерин, санариптик трансформация боюнча улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу учурдагы маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кеңеш менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда оперативдүү өз ара аракеттенүүнү, коммуникацияны, кызматташууну камсыз кылат.
18. Ведомстволор аралык жумушчу топ аталган Концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, ошондой эле Кеңештин чечимдерин, санариптик трансформация боюнча улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну талдайт, Кеңештин жыйналышында жыйынтыктарды жана сунуштарды угат, ошондой эле санариптик трансформация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу максатында башка маселелерди карайт.
19. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жана Кеңештин жыйналыштарын, жыйналыштарга материалдарды, чечимдерин жана протоколдорун даярдоону уюштуруу, Кеңештин жана ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүүнүн датасы, орду жана убактысы жана кароого болжолдонгон маселелер жөнүндө маалымдоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан камсыз кылынат.
6-глава. Кеңештин ишин уюштуруу-методологиялык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
20. Кеңештин ишин уюштуруу-методологиялык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жүзөгө ашырат.
21. Кеңештин ишин материалдык-техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын күтүүгө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган тартылган каражаттардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
23. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында Кеңештин өзүнүн бөлүмү бар.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө жобого тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңештин алдындагы санариптик трансформация маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын өкүлү; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын юстиция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын коргоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча).".
2-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңештин КУРАМЫ
Ибраимов Азат Эмильбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директорунун орун басары - санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы, Эксперттик кеңештин жетекчиси.
Эксперттик кеңештин мүчөлөрү:
Кутнаева Нурия Асылбековна
-
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Догоев Дастан Давлетович
-
БУУнун Өнүктүрүү программасынын санариптештирүү боюнча улук кеңешчиси;
Шаршенова Индира Жанузаковна
-
санариптештирүү боюнча эксперт;
Джангазиев Бакыт Ишенович
-
санариптештирүү боюнча эксперт;
Турдалиев Эдуард Климович
-
маркалоо жана фискалдаштыруу маселелери боюнча эксперт;
Жусумамбетова Рахат Жусумамбетовна
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;
Жамангулов Азамат Саадатбекович
-
"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун мобилдик финансылык кызматтар бөлүмүнүн жетекчиси;
Таиров Медет Маратович
-
"Элдик Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары;
Асипбаева Салтанат Дуйшоновна
-
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун санариптик бизнес башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Куренкеев Айбек Суербекович
-
"Электрондук коммерция ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору, санариптик ишкер;
Омуралиев Мирлан Жумабекович
-
Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн менеджери;
Омуралиев Дастан Кубанычбекович
-
Кыргыз Республикасындагы "TSARKA" кеңсесинин жетекчиси;
Абакиров Азиз Джумабекович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын, "Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору;
Шатемиров Кубанычбек Таалайбекович
-
"Кыргызстан коммерциялык банкы" ачык акционердик коомунун санариптик сервистерди жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча департаментинин директору;
Гуринов Андрей Викторович
-
"Kanda Software" компаниясынын техникалык директору, "TimelySoft" жоопкерчилиги чектелген коомунун тең негиздөөчүсү;
Окенов Мирбек Турдубекович
-
"УЛУТ Софт" жоопкерчилиги чектелген коомунун тең негиздөөчүсү;
Базарбаев Алмаз Джамалбекович
-
санариптештирүү жаатындагы эксперт (финансылык технологиялар);
Мамбеталиева Татту Эмильбековна
-
"Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору;
Байкулова Ирина Султановна
-
"Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директорунун орун басары;
Шахин Татьяна Николаевна
-
стратегиялык коммуникациялар жана санариптик трансформация боюнча эксперт;
Усенов Жапар Джолдошбекович
-
санариптештирүү жаатындагы эксперт;
Сагынов Эсен Сагалыевич
-
"Манчо" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, санариптештирүү жаатындагы эксперт.".
0
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2024 · № 90