Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 30.12.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 741-берене менен толукталсын:
"741-берене. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу
1. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жалпы билим берүү мектептеринин алдында коомдук фонддорду жана бирикмелерди түзүү аркылуу жасалган ошол эле жосун -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (жалпы билим берүүчү мектеп) имараттарына оңдоп-түзөө же курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле көрсөтүлгөн мекемелерди материалдык-техникалык жактан камсыздоо менен байланышкан иш-чараларды же аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн каражаттарды чогултуу мыйзамсыз чогултуу деп түшүнүлөт.";
2) 456-берене "74-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү," деген сөздөрдөн кийин "741," деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 30.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230020125/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>