Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Билим берүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 30-декабры № 208 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
48-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: "8. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 741-берене менен толукталсын:
"741-берене. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу
1. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жалпы билим берүү мектептеринин алдында коомдук фонддорду жана бирикмелерди түзүү аркылуу жасалган ошол эле жосун -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (жалпы билим берүүчү мектеп) имараттарына оңдоп-түзөө же курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле көрсөтүлгөн мекемелерди материалдык-техникалык жактан камсыздоо менен байланышкан иш-чараларды же аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн каражаттарды чогултуу мыйзамсыз чогултуу деп түшүнүлөт.";
2) 456-берене "74-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү," деген сөздөрдөн кийин "741," деген цифралар менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 27-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
Шилтеме берет (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179