Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө ЖОБО
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 763 токтомуна)
Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конвейердик транспорту (мындан ары - конвейердик транспорт) бар көмүр логистикалык борборлорунун ишин уюштуруу тартибин, көмүрдү ташууга арналган конвейердик транспорттун конструкциясына карата милдеттүү техникалык талаптарды, анын ичинде аны башкаруу системасын, көмүрдү коопсуз ташууну уюштурууга карата талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу конвейердик транспорт менен көмүр продукциясын ташууда бажылык жөнгө салууну жүзөгө ашырууну белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкү терминдер колдонулат:
конвейердик транспорт - бул көмүр продукциясынын чубурма, кесек же даана жүктөрүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) аркылуу ташууга арналган үзгүлтүксүз транспорт механизми; бажылык декларациялоо - чек ара аймагына (аймактарына), чек ара тилкесине (тилкелерине) көмүр продукциясын ташып келүүгө (ташып чыгууга) уруксат алуу жана аны Мамлекеттик чек ара аркылуу андан ары ташуу үчүн зарыл болгон товарлар жөнүндө, тандалган бажы жол-жобосу жөнүндө маалыматтарды жана (же) башка маалыматтарды бажы декларациясын пайдалануу менен бажы органына билдирүү; декларант - көмүр продукциясын жайгаштырууда бажы декларациясын берүүчү же анын атынан бажы декларациясы берилүүчү, уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишкана же чарбалык субъект; жүктөө жана түшүрүү кампалары - көмүр продукциясын жүктөөдө жана түшүрүүдө көмүр продукциясын сактоочу жайлар.
3. Конвейердик транспорт Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарына жакын орнотулат.
2-глава. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборлорунун ишин уюштурууга карата жалпы талаптар
4. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборлорун долбоорлоо жана куруу экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана бажы кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар (мындан ары - контролдоочу мамлекеттик органдар) менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин, КЧжЭ 2.05.07-91* (Өнөр жай транспорту) талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборлорун долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундуларын алгандан кийин жүзөгө ашырылат.
6. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборун жетектөө, конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунда иштөө үчүн чет өлкөлүк адистерди тартуу, инвестицияларды тартуу жолу менен уюштурулган учурда конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишинен түшкөн пайданы бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жетишилген макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Жүктөө жана түшүрүү кампалары
7. Жүктөө жана түшүрүү кампалары ушул Жобонун 11 жана 13-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, конвейердик транспортту токтотпостон көмүр продукциясын ыңгайлуу жана коопсуз жүктөөнү жана түшүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
8. Жүктөө жана түшүрүү кампалары жарылуудан коопсуз стационардык шам чырактар, тараза жабдуулары, конвейердик транспорттун бардык участогу боюнча орнотулган онлайн-байкоо камералары, ташылуучу көмүр продукциясын сканерлөө үчүн түзүлүштөр, радиациялык контролдоо жана өрткө каршы коопсуздук түзүлүштөрү менен жабдылат, ошондой эле тиешелүү техника жана жабдуулар (өрт өчүрүү автомашинасы, комплекттеги өрт өчүргүч калкандары ж.б.) менен комплекттелет.
9. Жүктөө жана түшүрүү кампаларынан тышкары конвейердик транспорт бийиктиги 2,2 метрден кем эмес тосмолор (дубал), конвейердик транспорттун бардык участогу боюнча орнотулган онлайн-байкоо камералары, кыймыл көрсөткүчтөрү, чектеш мамлекеттин мамлекеттик чек арасына чейин корголуучу зона менен (конвейердик транспорттон периметри боюнча 20 м) жабдылууга тийиш.
4-глава. Сигнализация, байланыш, шашылыш өчүрүү жана коргоо түзүлүштөрү
10. Көмүр логистикалык борборунун кызматкерлеринин конвейердик транспорттун ишин башкаруучу адамдар жана контролдоочу мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен байланышын камсыз кылуучу сүйлөшүү түзүлүштөрү жүктөө жана түшүрүү кампаларынан 5 метрден ашпаган аралыкта орнотулат.
11. Конвейердик транспорт бүткүл узундугу боюнча конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун кызматкерлерине токтотуу (өчүрүү) мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу түзүлүштөр менен жана Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдардын мыйзамсыз өтүүсүн жана контрабандалык жүктөрдү, товарларды ташуунун алдын алуу максатында кирүүгө жол бербөө үчүн сигнализация системасы менен жабдылууга тийиш.
12. Көмүр продукциясын ташуу мезгилинде коргоо иштеп кеткен учурда конвейердик транспортту кайра иштетүүгө уруксат конвейердик транспорттун токтоп калышынын себеби аныкталгандан жана жоюлгандан кийин гана конвейердик транспорту бар логистикалык борбордун жетекчилиги тарабынан контролдоочу мамлекеттик органдардын уруксаты менен берилет.
13. Мамлекеттик чек араны бузуу, бузуу белгилери жана көмүр продукцияларын мыйзамсыз ташуу аныкталган учурда контролдоочу мамлекеттик органдардын кызматкерлери көмүр логистикалык борборунун ишин токтотууга көрсөтмө берүүгө укуктуу.
5-глава. Конвейердик тасмалар
14. Конвейердик транспортто көмүр продукциясын ташуу үчүн отко чыдамдуу материалдан жасалган тасмалар колдонулууга тийиш.
15. Тасмаларды бириктирүү конвейердик тасмаларды даярдоочулардын же бириктирүүчү материалдарды даярдоочулардын нускамаларынын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек. Конвейер тасмалары ысык же муздак вулканизация ыкмалары менен бириктирилиши керек.
16. Тасма конвейерин эксплуатациялоо мөөнөтү прокладканын бышыктыгы 3 кН/см же андан жогору болгон резина кездеме тасмалары үчүн 1 жыл, ошондой эле прокладканын бышыктыгы 3 кН/смдан азыраак резина кездеме тасмалары үчүн - 1,5 жыл. Ушул пунктта саналып өткөн кемчиликтер жок болгон учурда көрсөтүлгөн мөөнөттөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү техникалык көзөмөлдөө органынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен конвейердик транспорту бар логистикалык борбордун жетекчилиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде жыл сайын узартылышы мүмкүн.
17. Конвейердик транспорт жабык типтеги конвейер болуп саналат, ал көмүр логистикалык борборунан чектеш мамлекеттин мамлекеттик чек арасына чейинки жолдо бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол бербейт.
6-глава. Конвейердик транспортто көмүр продукциясын ташууну уюштуруу
18. Көмүр продукциясын ташуу үчүн конвейердик транспорт аймактык мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө органдарынын жана мамлекеттик контролдоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен конвейердик транспорту бар логистикалык борбордун жетекчилиги тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан сыноодон жана кабыл алуудан кийин эксплуатацияга берилет.
19. Көмүр продукциясын коопсуз ташуу жоопкерчилиги конвейердик транспорт карамагында турган конвейердик транспорту бар логистикалык борборго жүктөлөт. Көмүр продукциясын коопсуз ташууга кезметтик көзөмөл жоопкерчилиги логистикалык борбордун жетекчилерине жүктөлөт.
Логистикалык борбордун аймагында көмүр продукциясынын сакталышы үчүн жоопкерчилик конвейердик транспорт карамагында турган логистикалык борбордун жетекчилигине жүктөлөт.
20. Көмүр логистикалык борборунун конвейердик транспорт менен иштей турган бардык жумушчулары жана инженердик-техникалык кызматкерлери конвейердик транспортто коопсуз иштөөнү уюштуруу эрежелери боюнча тиешелүү инструктаждан өтүшөт, ошондой эле эксплуатациялоо эрежелери менен таанышууга жана жүктөө жана түшүрүү ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш, бул жөнүндө иштердин коопсуздук техникасы боюнча инструктаж китебине тиешелүү жазуулар жазылат.
21. Аянтчаларды жарыктандырууну камсыз кылуучу стационардык шам чырактар, тараза жабдуулары, онлайн-байкоо камералары, көчүрүлүүчү объекттерди сканерлөө үчүн түзүлүштөр, радиациялык контролдоо түзүлүштөрү жана коопсуздук системасынын башка элементтери: нөөмөт сайын - конвейердик транспортту тейлөөчү мастер же адам жана контролдоочу мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан; сутка сайын - нөөмөттүн начальниги (механиги) же анын орун басары (жардамчысы) тарабынан; ай сайын - көмүр логистикалык борборунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерилүүгө тийиш. Текшерүүнүн натыйжалары конвейердик транспортту текшерүү жана оңдоо китебинде белгилениши керек.
22. Логистикалык борбордун жетекчилигинин буйругу менен түзүлгөн комиссия 6 айда бирден кем эмес жолу конвейердик транспорттогу резина трос тасмаларынын жана бардык тасмалардын бириктирилген жерлеринин абалын текшерүүгө милдеттүү. Текшерүүнүн натыйжалары аталган комиссиянын жана аймактык мамлекеттик техникалык көзөмөл органдарынын өкүлдөрүнүн объекттеги коопсуздуктун абалы жана тасманын андан ары эксплуатациялоого жарактуулугу жөнүндө корутундусу менен таризделүүгө тийиш.
23. Конвейердик транспорттун элементтеринин (анын ичинде роликтердин), жүктөө жана түшүрүү кампаларынын, сигнализация каражаттарынын, башкаруу жана коргоо түзүлүштөрүнүн, бекитмелердин же кен иштетүүлөрдү жарыктандыруунун бузулуулары табылганда же алар жок болгондо, табылган бузулуулар жоюлганга чейин көмүр продукциясын ташууга тыюу салынат.
7-глава. Көмүр продукциясын конвейердик транспортко жүктөө жана түшүрүү эрежелери
24. Заказчы өзүнүн каражаттары жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен көмүрдү көмүр логистикалык борборуна жеткирет.
25. Заказчы декларанттын өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен сапатын алдын ала контролдоону камсыз кылуу үчүн сынамдарды тандап алат. Көмүрдүн сапаты декларант тарабынан көмүрдүн ар бир партиясы менен берилүүчү сапатын күбөлөндүрүүчү (шайкештик сертификаты), анын ичинде радиациялык коопсуздугуна лабораториялык сыноо протоколу менен тастыкталат.
26. Көмүр продукциясын саны жана сапаты боюнча кабыл алуу көмүр продукциясынын сапатын күбөлөндүрүүчү экспресс-лабораториянын милдеттүү корутундусу менен, түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Көмүр продукциясын кабыл алууда жана түшүрүүдө заказчынын өкүлүнүн катышуусу милдеттүү. Заказчынын өкүлү келбеген учурда кандай болбосун дооматтар кабыл алынбайт.
28. Эгерде көмүр продукциясын көрүп кароодо товардын сапатынан күмөн пайда болсо, заказчы көмүр продукциясынын сапаты толук аныкталганга чейин көмүр продукциясын түшүрбөй коюуга жана анын келишимдик сапаттык мүнөздөмөлөргө шайкеш эместиги тастыкталган учурда, контролдоочу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен, түшүрүлбөгөн партияны кайтарып берүүгө укуктуу.
29. Көмүр продукциясынын сапаты жана саны жөнүндө маалымат заказчыга көмүр продукциясы жүктөө жана түшүрүү кампасына келип түшкөн күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
8-глава. Көмүр продукциясын ташып чыгууга контролду жүзөгө ашыруунун тартиби
30. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери Мамлекеттик чек арада контроль жүргүзүүдө:
- Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар тарабынан чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана жүрүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын текшерүү боюнча рейддерди жүргүзөт;
- транспорт каражаттарындагы жүктөрдү жана ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтерди, жарандардын чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүсүнө (өтүүсүнө), убактылуу болуусуна жана жүрүүсүнө укук берген уруксаттарды текшерет.
31. Чек арага жакын аймактын жана чек ара тилкесинин чегинде кирүүнүн (өтүүнүн), убактылуу болуунун же жүрүүнүн, иштерди жана иш-чараларды жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузган жарандар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
9-глава
Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу конвейердик транспорт менен көмүр продукциясын ташууда бажылык жөнгө салууну жүзөгө ашыруу тартиби
32. Көмүр продукциясына карата тарифтик эмес жөнгө салуу жана чектөө чараларын сактоо Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
33. Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагынан конвейердик транспорт менен ташылуучу көмүр продукциясын ташып чыгууда Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 116-беренесине ылайык аларды мезгилдүү бажылык декларациялоого жол берилет.
34. Көмүр продукциясына декларация товарларды экспорт бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борбору жайгашкан региондо иштеген бажы органына берилет.
35. Мезгилдүү бажылык декларациялоодо товарларга декларация Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу жеткирүү мезгилинин ичинде эки же андан көп партия менен ташылуучу көмүр продукциясына карата берилет.
36. Көмүр продукциясына декларация 31 календардык күндөн ашпаган билдирилген жеткирүү мезгили башталганга чейин берилет.
37. Мезгилдүү бажы декларациясын берүүдө конвейердик транспорт менен ташылуучу көмүр продукциясын бажы органына көрсөтүү талап кылынат.
38. Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу конвейердик транспорт менен ташылуучу товарларды бажылык декларациялоодо эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрү колдонулат, алар төмөнкүлөрдүн аймагында жайгашкан:
1) көмүр продукциясын жөнөтүүчү өлкө болуп саналган Кыргыз Республикасынын;
2) чектеш мамлекеттин - бажы органдарынын кызмат адамдарынын ушул эсепке алуу приборлоруна жетүү тартибин аныктаган чектеш мамлекет болуп саналган үчүнчү тарап менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдери болгон шартта.
39. Декларанттын конвейердик транспорт менен ташылуучу товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдети бажы органы мезгилдүү бажы декларациясын каттаган учурдан тартып пайда болот.
40. Көмүр продукциясын эсепке алуу приборуна бажы пломбаларын коюуда же болбосо аларды алып салууда же өзгөртүүдө конвейердик транспорттун операторунун персоналы тарабынан пломба коюлуучу жерлери даярдалат.
41. Бажы идентификациясынын сакталышы үчүн жоопкерчилик конвейердик транспорттун операторуна жүктөлөт.
42. Бажы идентификациясы конвейердик транспорт жайгашкан региондо иштеген бажы органдары тарабынан гана өзгөртүлүшү же жок кылынышы мүмкүн.
43. Көмүр продукциясынын конвейердик транспорт менен иш жүзүндө ташылышына бажылык контролду бажы органынын кызматкерлери жүргүзөт.
44. Ай сайын конвейердик транспорттун оператору менен бирдикте бажы органы конвейердик транспорт менен ташылуучу товарлардын санын ырастоо үчүн эсепке алуу приборундагы маалыматтарды салыштырып текшерет.
45. Эсепке алуу приборлорунан көрсөткүчтөрдү алууда ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча эки нускада конвейердик транспорт аркылуу ташылуучу көмүр продукциясын эсепке алуу приборлорунан көрсөткүчтөрдү алуу жөнүндө акт (мындан ары - көрсөткүчтөрдү алуу жөнүндө акт) түзүлөт.
Бажы органынын кызматкери көрсөткүчтөрдү алуу жөнүндө актыны түзгөндөн кийин маалыматтарды ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конвейердик транспорт аркылуу ташылуучу көмүр продукциясын эсепке алуу приборлорунан көрсөткүчтөрдү алуу жөнүндө актыларды каттоо журналында каттайт. Көрсөткүчтөрдү алуу жөнүндө актынын бир нускасы конвейердик транспорттун операторунда сакталат, ал эми экинчи нускасы конвейердик транспорт жайгашкан региондо иштеген бажы органында сакталат.
46. Конвейердик транспорттун ишинде ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуулар табылганда, конвейердик транспорт жайгашкан региондо иштеген бажы органынын кызматкери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык токтоосуз чара көрөт.
Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобого 1-тиркеме
Конвейердик транспорт аркылуу ташылуучу көмүр продукциясын эсепке алуу приборлорунан көрсөткүчтөрдү алуу жөнүндө АКТ 20___-жылдын "___" ____________
Көмүр логистикалык борборунун аталышы
Эсепке алуу приборунун номери
Эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрү
Эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн айырмасы
Эскертүү
учурдагы айдын 1-күнү
өткөн айдын 1-күнү
Бажы органынын кызматкеринин аты-жөнү, кызмат орду ________________________________________________________________________________ Кызматкердин колу _______________________________ Конвейердик транспорттун жооптуу операторунун аты-жөнү, кызмат орду ________________________________________________________________________________
Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобого 2-тиркеме
Конвейердик транспорт аркылуу ташылуучу көмүр продукциясын эсепке алуу приборлорунан көрсөткүчтөрдү алуу жөнүндө актыларды каттоо ЖУРНАЛЫ
№
Датасы
Жөнөтүүчү
Алуучу
Саны (кг)
Бажы наркы
Эскертүү
Кызмат адамынын колу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 763 "Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 18.12.2024 · № 763
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон