Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабры № 763
Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Көмүр тармагынын экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана логистикалык инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD" ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун аймагында кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам-автожолу" өткөрүү пунктунун жанына тасма конвейери бар көмүр логистикалык борборун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы көмүрдү конвейердик транспорт аркылуу экспорттоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобону жетекчиликке алсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө ЖОБОПоложение · 18.12.2024 · № 763
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122