Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишинин айрым маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-октябры № 218
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишинин айрым маселелери жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266, 2023-жылдын 28-августундагы № 439, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "жана туризм" деген сөздөр ", спорт жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "жана туризм" деген сөздөр ", спорт жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментине белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү бекитип берсин:";
- 3-пунктундагы "Өкмөттүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти жөнүндө жободо:
- аталышындагы "жана туризм" деген сөздөр ", спорт жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти.";
- расмий тилде: "Департамент кинематографии при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики".";
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жүргүзөт.";
- 16 жана 17-пункттарындагы "жана туризм" деген сөздөр ", спорт жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментине бекитилген кинотеатрлардын тизмесинде:
- аталышындагы "жана туризм" деген сөздөр ", спорт жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
У.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2012 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун…Постановление · 27.12.2013 · № 710
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп…Постановление · 28.08.2023 · № 439
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266 "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына…Постановление · 20.05.2022 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Витязь" мамлекеттик ишканасынын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын…Устав · 27.09.2010 · № 214 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2012 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266 "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына…Постановление · 20.05.2022 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп…Постановление · 28.08.2023 · № 439
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон