Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 771 токтомуна)
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Киришүү
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүүнүн ушул концепциясы (мындан ары - Концепция) ыктыярчылык ишти илгерилетүү жана өнүктүрүү, ыктыярчыларды жана ыктыярчылык уюмдарды колдоо жана алардын потенциалын жогорулатуу боюнча мамлекеттин негизги багыттарын, максаттарын, милдеттерин аныктаган документ болуп саналат. Ыктыярчылык инсандын өзүн-өзү ишке ашыруунун, гуманизмдин, жарандык активдүүлүктүн көрүнүшүнүн социалдык маанилүү формасы болуп саналат, социалдык чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн жана жаратман демилгени камсыз кылат. Ыктыярчылык коомду өнүктүрүүнүн, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, калкты социалдык колдоо, дене тарбия жана спорт, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу сыяктуу жана бир катар ушул сыяктуу чөйрөлөрдөгү социалдык маселелерди чечүүнүн маанилүү фактору жана ресурсу болуп саналат. Ыктыярчылык адамдын тынчтыкка, эркиндикке, коопсуздукка, адилеттүүлүккө жетүүгө жана курактык, гендердик, диний, социалдык, экономикалык жана башка эч кандай чектөөлөрсүз бардык адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга болгон умтулуусун ишке ашырат. Коомдо ыктыярчылыктын жардамы менен жакынына кам көрүү, коом үчүн акы албастан кызмат кылуу сыяктуу адамдык баалуулуктар колдоого алынат жана бекемделет, коомчулуктарда дени сак социалдык-пайдалуу байланыштар белгиленет. Жаштардын жана башка социалдык топтордун өлкөнүн экономикалык, маданий, социалдык жана коомдук турмушуна катышуу механизмдеринин бири катары ыктыярчылык ишти өнүктүрүү керек. Ыктыярчылык жыл сайын Кыргызстандын калкынын арасында кеңири популярдуулукка ээ болууда. Акыркы жылдардагы окуялар ыктыярчылык иш адамдардын өлкөнүн коомдук турмушуна катышуусунун популярдуу формаларынын бири болуп саналарын көрсөтөт. 1985-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 40-сессиясында 5-декабрды Ыктыярчылардын эл аралык күнү деп тааныган резолюция кабыл алынган, бул дүйнөлүк коомчулуктун назарын ыктыярчылык кыймылдын дүйнө жүзүндөгү адамдардын жашоосундагы маанилүү ролуна бурду.
2. Учурдагы кырдаалга сереп
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишке катышкан жарандардын жана уюмдардын саны туруктуу өсүп жатканы байкалууда, алар ишке ашырып жаткан программалардын жана долбоорлордун масштабы кеңейүүдө, иштин ар түрдүү чөйрөлөрүндө ыктыярчылардын өзүн-өзү уюштуруусу жүрүүдө. 2022-жылы жүргүзүлгөн "Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубатчылык индекси" улуттук изилдөөсүнө ылайык акыркы жылдары жаштардын Кыргызстанда да, дүйнөдө да коомдук-саясий активдүүлүгүнүн төмөндөшү байкалууда. Жаштар алардын үнү этибарга алынбастыгын жана саясий катышуу үчүн аларда ресурстар же компетенциялар жок экендигин сезип, салттуу саясий процесстерге катышпоону туура көрөт. Мунун ордуна алар жарандык катышуунун альтернативалык формаларын тандайт, алардын бири - ыктыярчылык иш болуп саналат. Изилдөө көрсөткөндөй, ыктыярчыларды тарткан уюмдардын 33%ын 14-18 жаш курактагы окуучулар, 22%ын 19-24 жаштагы жаштар түзөт. Ошондой эле 25-35 жаш курактан жогору адамдарды тарткан уюмдар бар. Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери ыктыярчылыкты өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган чараларды аныктайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жарандык катышууга түрткү берүү, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишине дем берүү, жарандардын жана бизнестин социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу, ыктыярчылык кыймылды колдоо максатында мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгын белгилейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кризистик шартта бүтүндөй коомдун аракеттерин консолидациялоонун маанилүүлүгүн түшүнүү, бул багыттарды өнүктүрүүнүн дем берүүчү механизмдерин кароо менен ыктыярчылардын жана кайрымдуулук уюмдарынын ишин мыйзамдуу бекемдөө зарылдыгын карайт. Көп тилдүүлүктүн, жаштардын керектөөлөрүн жана эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен кесиптик жана санариптик көндүмдөрдү, квалификацияны жана компетенцияларды өнүктүрүүнүн негизинде жаштар лидерлерин колдоонун атайын программаларын киргизүү зарыл. Ошондой эле жаштардын ыктыярчылык кыймылдарын өнүктүрүү артыкчылыкка ээ болууга тийиш. Жаштарда жарандуулук (ыктыярчылык, жарандык катышуу, социалдык активдүүлүк) көндүмдөрүн жана жаштарга жарандык позицияны ээлөөгө жана деструктивдүү жана экстремисттик топтордон алыс болууга мүмкүндүк берүүчү республикалык да, жергиликтүү да деңгээлде биримдикти өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 562 токтому менен бекитилген 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясындагы "Жаштардын атаандаштыкка жөндөмүн комплекстүү жана системалуу жогорулатуу" 3-артыкчылыктуу багытынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Коомду өнүктүрүүдө ыктыярчылык иштин өсүп жаткан ролун көңүлгө алуу менен 2023-жылдын февралында "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда ыктыярчылыктын укуктук негиздери белгиленген, Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруунун максаты, милдеттери жана тартиби аныкталган. Аталган Мыйзамга ылайык ыктыярчылык иштин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- коомдо жарандык позицияны, социалдык жоопкерчилик, тилектештик, өз ара жардамдашуу жана боорукердик сезимдерин калыптандыруу;
- уюштуруучулардын макулдугу менен коомдук маанилүү иш-чараларга акысыз катышуу, жардамга муктаж адамдарга жана социалдык топторго акысыз жардам көрсөтүү;
- жарандарды социалдык практикага тартуу аркылуу алардын өзүн көрсөтүүсүнө, өз потенциалын ишке ашыруусуна жана эмгегине жараша таанылуусуна мүмкүнчүлүк берүү.
Ыктыярчылык иштин милдеттери:
- социалдык милдеттерди чечүүдө жана коомдук маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө мамлекетке, мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга, жеке адамдарга жардам берүү;
- жашоонун коопсуздук негиздерине, алгачкы жардам көрсөтүү, экологиялык коргоо, калктын ар түрдүү категориялары менен социалдык иштөө көндүмдөрүнө ээ болууда жарандарга жардам берүү;
- кесиптик багыт алууга дем берүү жана кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу;
- социалдык милдеттерди чечүү үчүн жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруу жана өзүн-өзү уюштуруу көндүмдөрүнө ээ болуусуна жардам берүү;
- ыктыярчылардын кадрдык резервин даярдоо;
- калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, маданий мурасты сактоого, жаштарга адеп-ахлактык, мекенчилдик жана экологиялык тарбия берүүгө багытталган көп түрдүү коомдук ишке жарандарды тартуунун механизмдерин түзүү;
- жаштардын ыктыярчылык ишти уюштурууга жана жүзөгө ашырууга багытталган демилгелерин өнүктүрүү жана колдоо.
"Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен жарандардын жана уюмдардын ортосундагы мамилелер, ошондой эле алардын ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү регламенттелген. Белгилей кетсек, 2023-жылдын август айында кабыл алынган "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы жаштардын ыктыярчылык ишин жаштардын коомдук жана/же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, ыктыярдуу башталышта ар түрдүү формада акчалай сый акы албастан аткаруучу коомдук пайдалуу эмгекти ишке ашыруусу катары аныктайт, анын жүрүшүндө билимге, тажрыйбага, көндүмгө ээ боло алат жана өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн ала алат. Жаштардын ыктыярчылык ишин өнүктүрүү жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат. "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жаштардын көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын компетенцияларынын алкагында кызмат адамдары тарабынан, анын ичинде жаштардын ыктыярчылык ишин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жаштардын аярлуу топторун ыктыярчылык ишке тартуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошентип бүгүнкү күндө ыктыярчылык иш чөйрөсүндө улуттук ченемдик укуктук база түзүлгөн, бул Кыргыз Республикасында ыктыярчылыкты андан ары өнүктүрүү, ыктыярчыларды мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде колдоо, эл аралык кызматташууну кеңейтүү үчүн негиз жана жөнөтүү түйүнү болуп саналат. Ыктыярчылык кыймыл социалдык жоопкерчиликтин жана өнүккөн жарандык коомдун көрүнүшү болгондуктан, "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы ыктыярчылык чөйрөсүн чыңдоо багытындагы чоң позитивдүү кадам болуп саналат. Ошону менен катар аталган Мыйзамды андан ары ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган концептуалдык документтерди улуттук деңгээлде кабыл алуу талабы айкын. "Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү боюнча тиешелүү программаларды, стратегияларды жана концепцияларды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирет. Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында ыктыярчылык ишти илгерилетүү жана ар тараптуу колдоо максатында төмөнкүлөрдүн туруктуу жана жемиштүү өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү күтүлүүдө:
- мамлекеттик органдардын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- бизнес-коомчулуктун;
- академиялык чөйрөнүн;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын;
- билим берүү мекемелеринин;
- коммерциялык эмес уюмдардын;
- башка кызыкдар тараптардын.
Ыктыярчылыкты өнүктүрүү социалдык маанилүү маселелерди аныктоо жана чечүү процессине жалпы коомду тартууга өбөлгө түзөт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында ыктыярчылыктын кыйла өнүккөн багыттарынын бири болуп ар кандай өзгөчө учурларга жана кризистик кырдаалдарга таасир этүү учурундагы ыктыярчылык болуп саналат. Ошол эле учурда жардам көрсөтүп жаткан жарандар тобокелдик зонасында турат жана терс таасирлерден корголгон эмес. Бул Концепция ыктыярчылардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коргоо механизмин кароого, ар кандай терс кырдаалдар келип чыкканда жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө тийиш. Ыңгайлуу иштөө үчүн ыктыярчылык иш үчүн коопсуз шарттарды түзүү сунушталат.
3. Максаттары жана принциптери
Ушул Концепциянын негизги максаты болуп коомдук өнүгүүдө ыктыярчылыктын ролун жогорулатуу, ыктыярчылардын социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө катышуусун кеңейтүү, социалдык иште ыктыярчылык практиканы калыптандыруу жана жайылтуу болуп саналат. Көрсөтүлгөн максатка жетүүнү камсыз кылуучу ыктыярчылыкты өнүктүрүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекет тарабынан ыктыярчылык ишти колдоонун туруктуу механизмдерин түзүү;
2) ыктыярчылыкты кеңейтүү жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүү, иштеп жаткандардын ишин колдоо жана жаңы ыктыярчылык уюмдардын пайда болушу үчүн шарттарды түзүү, алардын потенциалын жогорулатууга көмөктөшүү;
3) ар кандай формалардагы жана түрлөрдөгү ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
4) ыктыярчылык иш чөйрөсүндө мамилелердин бардык субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүү;
5) ыктыярчылык долбоорлорго жана демилгелерге катышуунун жүрүшүндө жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, улутуна, жынысына, курагына, социалдык абалына, диний ишенимине, ар кандай социалдык топторго таандыктыгына карабастан бардык категориядагы жарандар үчүн ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу;
6) ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу үчүн максималдуу жагымдуу жана коопсуз чөйрөнү түзүү, ыктыярчылардын демилгелерин ишке ашыруунун жүрүшүндө алардын коопсуздугун колдоо жана камсыз кылуу;
7) катышууга тоскоолдук кылган физиологиялык, экономикалык, социалдык жана маданий тоскоолдуктарды болтурбоо аркылуу ыктыярчылык ишке жетүү шарттарын түзүү.
Мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, бизнес-коомчулукту, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарды кошо алганда, ыктыярчылык ишке көмөктөшүүчү уюмдардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү ыктыярчылыкты өнүктүрүүдөгү ийгиликтин негизги факторлорунун бири болуп саналат. Ыктыярчылык иш төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) эркин ачык билдирүү, эмгектин акысыздыгы, ыктыярдуулук, чынчылдык, тең укуктуулук жана мыйзамдуулукту сактоо;
2) адамдын жана жарандын укуктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, каада-салттарды жана коомдук тартипти сөзсүз түрдө сактоого негизделген ыктыярчылык ишти тандоодо максаттарды, формаларды, түрлөрдү жана методдорду аныктоодогу эркиндик;
3) адам укуктарын, жеке маалыматтарын жана маалыматтарды сактоо менен ыктыярчылык иш жөнүндө маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
4) гумандуулук, ыктыярчылык жардамды алуучу, ошондой эле ыктыярчынын өзү катары адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо;
5) жынысына, расасына, тилине, этноско таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, билимине, тегине, мүлктүк, социалдык же башка абалына карабастан ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу укугунда бардыгынын бирдейлиги;
6) тилектештик, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, абийирдүүлүк жана ыктыярчылык ишке катышуучуларды колдоо;
7) ыктыярчынын жана анын айланасындагылардын жашоосу үчүн коопсуздук, алардын мүлкүнүн сакталышы, айлана-чөйрөнү коргоо.
4. Ыктыярчылык ишти өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана милдеттери
Ушул Концепциянын максатына жетүү үчүн 2025-2030-жылдар мезгилине ыктыярчылык ишти өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй негизги багыттары аныкталат. 1-багыт. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун, коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын ыктыярчылык ишти өнүктүрүүсү үчүн шарттарды түзүү Бул багытта ыктыярчылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү төмөнкү милдеттерди чечүү аркылуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу жолу менен жүзөгө ашырылат:
- ыктыярчылык уюмдарды жана ыктыярчыларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- ыктыярчылык уюмдарды жана ыктыярчыларды колдоо, анын ичинде зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү;
- жынысына, расасына, тилине, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, билимине, тегине, мүлктүк, социалдык же башка абалына карабастан калктын бардык топторун ыктыярчылык ишке тартууга көмөктөшүү;
- тажрыйба алмашуу, инновациялык практикаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жана ыктыярчылык уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн платформаларды түзүү;
- ЖМКда ыктыярчылык ишти илгерилетүү, чагылдыруу ыктыярчылык жаатында актуалдуу тенденцияларды, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана алдын алуу чараларын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасындагы жалпы ыктыярчылык кырдаалга баалоо жана талдоо жүргүзүү;
- ыктыярчылык ишти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү караган программаларды жергиликтүү деңгээлде стратегиялык пландоо документтерине киргизүү;
- ыктыярчылардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу.
2-багыт. Ыктыярчылык уюмдарынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүү Ыктыярчылык ишти өнүктүрүүнү натыйжалуу колдоону камсыз кылуу, өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу максатында төмөнкү милдеттерди чечүү каралат:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыктыярчылык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешти түзүү;
- ыктыярчылардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу үчүн, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программаларын, жергиликтүү демилгелерди колдоо программаларын, өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө шарттарды түзүү, ошондой эле ыктыярчылык ишке байланыштуу маселелерди региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын талкуулоого киргизүү;
- ыктыярчылык иш боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү
3-багыт. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамилелер субъекттеринин потенциалын жогорулатуу Ыктыярчылык ишти өнүктүрүү үчүн ыктыярчылардын жана ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамилелер субъекттеринин потенциалын улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Бул максаттарды чечүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
- ыктыярчылыкты колдоо жана ыктыярчылык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү тематикасын формалдуу эмес билим берүү программаларына, ресурстук борборлордун билим берүү программаларына, корпоративдик социалдык жоопкерчилик программаларына киргизүүгө көмөктөшүү;
- ыктыярчылыктын баалуулуктарын, анын ичинде ыктыярчылык иштин мыкты практикаларын популярдаштыруу жана илгерилетүү;
- ыктыярчылардын укуктары, милдеттери жана ыктыярчылык уюмдарда ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жол-жоболору жөнүндө алардын маалымдуулугун жогорулатуу;
- таанымал эмес топторду тартууга өбөлгө түзгөн ыктыярчылардын, ыктыярчылык уюмдардын жана ыктыярчылык ишти уюштуруучулардын потенциалын чыңдоого багытталган программаларды колдоо;
- коомдук пайдалуу иштин тажрыйбасын эсепке алуу механизми катары ыктыярчынын өздүк китепчесин киргизүү;
- ыктыярчылык ишти өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ведомстволук сыйлыктарды уюштуруу, ыктыярчыларды сыйлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү көрүнүктүү эмгектери үчүн сыйлыкка көрсөтүү практикасын ишке киргизүү;
- коммерциялык эмес уюмдарга алар тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ыктыярчыларды тартуу көндүмдөрүн калыптандырууга көмөктөшүү.
4-багыт. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасында ыктыярчылыкты өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт, ыктыярчылык программаларынын сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берген тажрыйба, билим жана ресурстар менен алмашууга өбөлгө түзөт. Ыктыярчылык чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн интеграциялык процесстерин колдоо, Кыргызстандын ыктыярчылары менен башка өлкөлөрдүн ыктыярчыларынын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоого көмөк көрсөтүү, гуманитардык дипломатияны өнүктүрүү, биргелешкен ыктыярчылык долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгууда жана ишке ашырууда ар түрдүү өлкөлөрдүн ыктыярчыларынын күч-аракеттерин консолидациялоо максатында жүзөгө ашырылат. Тажрыйба алмашуу интеграциялык бирикмелеринин, биргелешкен ыктыярчылык демилгелерди жана ыктыярчылыкты илгерилетүүгө багытталган башка иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында өлкөлөр менен кызматташтыкты белгилөө бул багыттагы негизги милдет болуп саналат.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун негизги натыйжалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Социалдык жоопкерчиликтин деңгээлин жогорулатуу: ыктыярчылык долбоорлорго катышуу ыктыярчылар арасында социалдык жоопкерчилик сезимин жана жарандык активдүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
2. Ыктыярчылык программаларын өнүктүрүү: ишке ашырылып жаткан ыктыярчылык программалардын натыйжалуулугун жогорулатуу, диалог үчүн ар түрдүү аянтчаларды түзүү жана ыктыярчылык ишти бардык формаларда жана түрлөрдө өнүктүрүү үчүн мыкты практикаларды иштеп чыгуу.
3. Көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүү: ыктыярчылар турмуштук көндүмдөрдү жана жарандык компетенцияларды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.
4. Коомчулукту чыңдоо: ыктыярчылык иш коомчулуктун ичиндеги байланыштарды бекемдөөгө, калктын бардык топторунун ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты жакшыртууга өбөлгө түзөт.
5. Социалдык долбоорлорду ишке ашыруу: Кыргыз Республикасында ыктыярчылык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу коомчулукта жашоонун сапатын жакшыртууга, конкреттүү социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө жана калктын аярлуу топторун колдоого алып келет.
6. Концепцияны ишке ашыруунун механизми
Бул Концепцияга 2025-2030-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркелет. План өзүнө ар бир багыттын жана милдеттин алкагында конкреттүү чараларды камтыйт, ошондой эле конкреттүү иш-аракеттерди, мөөнөттөрдү жана ишке ашыруу үчүн жооптууларды аныктайт. Ушул Концепцияны жана Планды ишке ашырууну координациялоо жана камсыз кылуу жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт, ал мониторингдин жана баалоонун жана Планды ишке ашыруунун жүрүшү жана ушул Концепциянын максаттарына жетүү жөнүндө үзгүлтүксүз отчетторду даярдоонун негизинде маалыматтарды чогултууну жүзөгө ашырат. Ушул Концепцияны ишке ашырууда эл аралык уюмдар менен кызматташуу каралат. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Концепциянын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына үзгүлтүксүз берет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн маалымат булагы сурамжылоолордун жыйынтыктары, көз карандысыз баалоо жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү башка субъекттердин отчеттору болот.
7. Тобокелдиктерди баалоо жана тобокелдиктерди башкаруу чаралары
Ушул Концепцияны ишке ашырууда ушул Концепциянын негизги багыттарында каралган максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүүгө таасир этиши мүмкүн болгон төмөнкү тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн:
- бюджеттик каражаттардын кыскарышы Планды кайра карап чыгууну, көрсөткүчтөрдү өзгөртүүнү жана айрым бир иш-чаралардан баш тартууну талап кылышы мүмкүн;
- ишке ашыруунун узак мөөнөтү белгисиздикти жана пландалган милдеттерден жана иш-чаралардан четтөө ыктымалдыгын көбөйтөт;
- натыйжасыз уюштуруу жана башкаруу ишке ашыруу процессин координациялоодо жана башкарууда мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү жаратат;
- бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануу;
- иш-чаралардын аткарылышына жетишсиз контролго алып келген начар мониторинг;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жетишсиз деңгээли, координациянын жана аткаруучулук тартиптин жоктугу.
Тобокелдиктерди башкаруу мүмкүн болгон коркунучтарды же потенциалдуу терс кесепеттерди аныктоого, талдоого жана баалоого мүмкүндүк берет. Тобокелдиктерди башкаруу чаралары:
- аткарылышына мониторинг жүргүзүү: терс факторлорду азайтуу үчүн талаптагыдай мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу жана анын жыйынтыктарына ыкчам чара көрүү;
- туруктуу баалоо: ушул Концепцияны жана Планды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана майнаптуулугун үзгүлтүксүз баалоо;
- натыйжалуу өз ара аракеттенүү: жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Концепцияны ишке ашырууга катышуучулар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн чечимдерди кабыл алуу.
8. Концепцияны ишке ашырууну финансылык камсыздоо
Ушул Концепцияда каралган, финансылык чыгымдарды талап кылган иш-чараларды ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде камсыз кылынат. Каржылоонун кошумча булактарына өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (эл аралык финансы институттарынын, донордук уюмдардын), коммерциялык эмес уюмдардын каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактары кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Ыктыярчылык иш жөнүндөЗакон · 31.03.2023 · № 77
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 562 "2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2019 · № 562
- Жаштар жөнүндөЗакон · 04.08.2023 · № 157
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 771 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын бекитүү…Постановление · 19.12.2024 · № 771
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон