Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 771
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
"Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2030-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
1) жогоруда аталган Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылсын;
2) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
3) жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
2-тиркеме
2025-2030-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдет
Чаралар/иш-аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжа
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо
1-багыт: Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун, коммерциялык эмес, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын ыктыярчылык ишти өнүктүрүүсү үчүн шарттарды түзүү
1
Ыктыярчылык уюмдарды жана ыктыярчыларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ыктыярчылык уюмдарды каржылоо
Жыл сайын
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ыктыярчылык иш чөйрөсүндө 5тен кем эмес долбоор каржыланды
ММСЖСМ
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
Ченемдик укуктук базаны түзүү жана өркүндөтүү
2030-жылга чейин
Тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынды
ММСЖСМ
Талап кылынбайт
Корпоративдик ыктыярчылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү:
- бизнес-коомчулуктар менен кызматташтыкты орнотуу жана чыңдоо;
- корпоративдик социалдык жоопкерчилик маданиятын шыктандырууга жана жайылтууга көмөктөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүү
2025-2030-жылдар
Корпоративдик чөйрөгө социалдык жоопкерчилик маданиятын киргизүүгө көмөктөшүү боюнча бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен кызматташтык түзүлдү, бекемделди. Бизнес-түзүмдөрдүн базасында ыктыярчылык багыттар түзүлдү. Бизнес-коомчулукта корпоративдик социалдык жоопкерчилик маданиятын жайылтуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү
ММСЖСМ
Талап кылынбайт
2
Ыктыярчылык уюмдарды жана ыктыярчыларды колдоо, анын ичинде зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү
Ыктыярчылыкты уюштуруу чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорулатуу программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Жыл сайын 2030-жылга чейин
Ыктыярчылыкты уюштуруу чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорулатуу программасы даярдалды жана ишке киргизилди
ММСЖСМ, ыктыярчылык ишти уюштуруучулар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
Ыктыярчылык иштин санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү
Жыл сайын
volunteer.kg онлайн платформасын өркүндөтүү
ММСЖСМ, КР Кызыл Жарым ай коому (макулдашуу боюнча), ыктыярчылык ишти уюштуруучулар
Донордук каражаттар
3
Жынысына, расасына, тилине, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, билимине, тегине, мүлктүк, социалдык же башка абалына карабастан калктын бардык топторун ыктыярчылык ишке тартууга көмөктөшүү
Инклюзивдүү программаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, теңчилик жана инклюзивдүүлүк боюнча окууларды өткөрүү. Колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түзүү, ар кандай уюмдар менен кызматташуу, адистештирилген иш-чараларды уюштуруу жана программалардын инклюзивдүүлүгүн үзгүлтүксүз баалоо
Жыл сайын 2030-жылга чейин
Майыптыгы бар адамдардын катышуусу үчүн жеткиликтүү чөйрө түзүлдү. Программаларда инклюзивдүүлүк жана теңчилик деңгээли жогорулады
ММСЖСМ, БИМ ЭСММ, "Active volunteers" коомдук фонду, КР Кызыл Жарым ай коому (макулдашуу боюнча), ыктыярчылык ишти уюштуруучулар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
4
Тажрыйба алмашуу, инновациялык практикаларды иштеп чыгуу жана киргизүү, ыктыярчылык уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн платформа түзүү
Ыктыярчылардын катышуусу менен билим берүү семинарларын/тренингдерди өткөрүү
Жыл сайын 2030-жылга чейин
5000ден ашуун ыктыярчы окуудан өттү (онлайн жана оффлайн)
ММСЖСМ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, ыктыярчылар менен иштеген уюмдар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
5
Ыктыярчылык ишти жайылтуу жана чагылдыруу
Ыктыярчылык ишти жана ыктыярчылык практикалардын оң практикаларын ЖМКда интернет-ресурстарда, социалдык тармактарда, коомдук транспортто чагылдыруу
2025-2030-жылдар
Видеороликтер даярдалды жана көрсөтүлдү, теле/радио эфирлердин сериялары өткөрүлдү, басма материалдар чыгарылды жана таратылды ж.б.
ММСЖСМ, кызыкдар тараптар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
6
Ыктыярчылык ишти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү караган программаларды жергиликтүү деңгээлде стратегиялык пландоо документтерине киргизүү
Ыктыярчылык ишти өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди даярдоо Ыктыярчылык уюмдардын жана ыктыярчылардын жергиликтүү деңгээлдеги стратегиялык пландарды иштеп чыгуу процесстерине катышуусу
Жыл сайын 2030-жылга чейин
Ыктыярчылыкка тиешелүү маселелер аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизилди
ММСЖСМ, МКЖӨБМА
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
7
Ыктыярчылардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу
Тобокелдиктерди баалоо, тренингдерди уюштуруу, коопсуздук жана шашылыш кырдаалдардагы аракеттер боюнча нускамалар жана ыктыярчылык уюмдарды жана ыктыярчыларды колдоо, анын ичинде зарыл инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү
2025-2026-жылдар
Ыктыярчылардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү регламенти кабыл алынды. Ыктыярчылар үчүн коопсуздук техникасы боюнча типтүү нускамалар бекитилди
ММСЖСМ, министрликтер, ведомстволор, ыктыярчылык уюмдар, ыктыярчылык ишти уюштуручулар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
2-багыт: Ыктыярчылык уюмдардын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүү
8
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыктыярчылык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешти түзүү
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыктыярчылык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү; кеңештин биринчи жыйналышын өткөрүү; өз ара аракеттенүү регламентин бекитүү; бекитилген регламентке ылайык жыйналыштырды туруктуу өткөрүү
2025-жыл
Ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилди. Өз ара аракеттенүү регламенти иштелип чыкты
ММСЖСМ
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
9
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программаларын, жергиликтүү демилгелерди колдоо программаларын, өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө катышуусу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле ыктыярчылык ишке байланыштуу маселелерди региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын талкуулоого киргизүү
Техникалык, кесиптик окутуу уюмдарына, жогорку окуу жайларына тапшырууда жана ишке орношууда ыктыярчылык ишти эсепке алуу боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана талдоо; мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызматкерлерин ыктыярчылык иш менен алектенген субъекттер менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча окутуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, долбоорлорду ишке ашырууга ыктыярчыларды тартуу; ыктыярчылык иштин актуалдуу багыттарынын негизинде ишканаларда өндүрүштүк окутуудан жана кесиптик практикадан өтүүнү уюштуруу; ЖБӨИ жүргүзүү
2025-2027-жылдар
Ыктыярчылык ишти эсепке алуу механизмдери киргизилди. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери кызматташуу жана ыктыярчыларды мобилизациялоо багыты боюнча окутулду. Ыктыярчылык иштин багыттары боюнча өндүрүштүк практика системасы түзүлдү. 2025-жылга карата ыктыярчылык иштин абалы жөнүндө статистикалык маалыматтар алынды
ММСЖСМ, БИМ, МКЖӨБМА, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, КЭУлар (макулдашуу боюнча)
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
10
Ыктыярчылык иш боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү
Ишти консультациялык, методикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү боюнча ресурстук ыктыярчылык борборлорду түзүү.
2025-жыл
Коомдук башталыштарда иштеген ыктыярчылык ишти колдоонун консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү боюнча ресурстук ыктыярчылар борборлору ачылды
ММСЖСМ, КР Кызыл Жарым ай коому (макулдашуу боюнча)
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
Ыктыярчылык ишти илгерилетүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга көмөктөшүү
2030-жылга чейин
3-багыт: Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу
11
Ыктыярчылык ишти колдоо жана ыктыярчылык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү тематикасын формалдуу эмес билим берүү программаларына, ресурстук борборлордун билим берүү программаларына, корпоративдик социалдык жоопкерчилик программаларына киргизүүгө көмөктөшүү
Ыктыярчылык ишти уюштуруу боюнча методикалык окуу документтерин иштеп чыгуу
2025-2030-жылдар
Ыктыярчылык ишти уюштуруу боюнча окуу документтери иштелип чыкты жана колдонулууда
ММСЖСМ, БИМ, ыктыярчылык уюмдар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
12
Ыктыярчылыктын баалуулуктарын, анын ичинде ыктыярчылыктын мыкты практикаларын популярдаштыруу жана илгерилетүү
Санариптик чөйрөдө ыктыярчылык ишти популярдаштыруу үчүн социалдык активдүү блогерлерди тартуу.
2025-2030-жылдар
жалпы 1000000дон кем эмес көрүүнү камтуу менен 10дон кем эмес блогер тартылды.
ММСЖСМ, кызыкдар тараптар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
Ыктыярчылыктын баалуулуктарын илгерилетүү боюнча чаралар (теңден теңге ж.б.). Жыл сайын Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү үчүн эл аралык ыктыярчылар күнүн өткөрүү
Жыл сайын 2030-жылга чейин
Жыл сайын Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү үчүн эл аралык ыктыярчылар күнүнө (5-декабрь) карата ачык коомдук иш-чара өткөрүлөт. Жыл сайын ыктыярчылык жаатындагы өзгөчөлөнгөн ыктыярчыларга жана ыктыярчылык уюмдарга тиешелүү сыйлыктар тапшырылат
13
Ыктыярчыларды алардын укуктары, милдеттери жана ыктыярчылык уюмдарда ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жол-жоболору жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу
Ыктыярчылардын жана ыктыярчылык уюмдардын укуктары жана милдеттери боюнча колдонмону иштеп чыгуу. Ыктыярчынын кодексин иштеп чыгуу. Ыктыярчыларды жана ыктыярчылык уюмдарды укуктары жана милдеттери жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдоо
2025-2030-жылдар
Ыктыярчылардын жана ыктыярчылык уюмдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө колдонмо иштелип чыкты. Ыктыярчынын кодекси иштелип чыкты. Ыктыярчыларды жана ыктыярчылык уюмдарды укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлөт
ММСЖСМ, кызыкдар тараптар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
14
Ыктыярчылардын, ыктыярчылык уюмдардын жана ыктыярчылык ишти уюштуруучулардын потенциалын чыңдоого багытталган программаларды колдоо, бул өкүлчүлүгү аз топторду тартууга өбөлгө түзөт
Ыктыярчылык иш чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык программаларга жана иш-чараларга катышуу; инклюзивдүү ыктыярчылыкты өнүктүрүү боюнча социалдык долбоорлорду колдоо программаларын ишке киргизүү; өкүлчүлүгү аз болгон топторду ыктыярчылык ишке тартуу үчүн ыктыярчылык уюмдар жана ыктыярчылык ишти уюштуруучулар үчүн программаларды ишке киргизүү
2025-2030-жылдар
Жыл сайын мамлекеттик социалдык заказдын алкагында инклюзивдүү ыктыярчылык боюнча 2ден кем эмес долбоор колдоого алынат. Жыл сайын программа жүргүзүлөт жана 500дөн кем эмес ыктыярчылар, ыктыярчылык уюмдар ыктыярчылык иште инклюзивдүүлүк жана көп түрдүүлүк принциптери боюнча өз билимдерин жогорулатып турушат
ММСЖСМ, КЭУлар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
15
Коомго пайдалуу иштин тажрыйбасын эсепке алуу механизми катары ыктыярчынын өздүк китепчесин ишке киргизүү
Ыйгарым укуктуу орган бекиткен өздүк китепченин формасын киргизүү.
2025-жыл
Бекитилген жана ишке киргизилген өздүк китепченин формасын ыктыярчылар жана ыктыярчылык уюмдар колдонот. Ыктыярчынын өздүк китепчесинин формасы жана аны жүргүзүү тартиби өркүндөтүлдү (санариптик формат)
ММСЖСМ
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
Ыктыярчылардын өздүк китепчелерин жүргүзүү тартибин өркүндөтүү
2025-2030-жылдар
16
Ыктыярчылык ишти өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ведомстволук сыйлыкты уюштуруу, ыктыярчыларды сыйлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү сиңирген көрүнүктүү эмгектери үчүн сыйлыкка көрсөтүү практикасын ишке киргизүү
Ведомстволук сыйлык жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү.
2025-жыл
Ведомстволук сыйлык жөнүндө жобо бекитилди. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыктыярчылардын практикалык салымын баалайт, аларды шыктандырат, өзгөчөлөнгөн ыктыярчыларга жана ыктыярчылык уюмдарга сыйлыктарды тапшырат
ММСЖСМ, министрликтер жана ведомстволор
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
Ыктыярчыларды жана ыктыярчылык уюмдарды кошкон салымы үчүн мезгил-мезгили менен сыйлоо жана дем берүү
Жыл сайын
17
Коммерциялык эмес уюмдарга алар тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ыктыярчыларды тартуу көндүмдөрүн калыптандырууга көмөктөшүү
Ыктыярчылар менен иштөө боюнча ыктыярчылык уюмдар үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу. Ыктыярчылык уюм менен ыктыярчынын ортосунда ыктыярчылык иш жөнүндө типтүү келишимдин сунуш кылынган формасын иштеп чыгуу
2025-2030-жылдар
Ыктыярчылар менен иштөө боюнча ыктыярчылык уюмдар үчүн сунуштамалар иштелип чыкты. Ыктыярчылык уюм менен ыктыярчынын ортосунда ыктыярчылык иш жөнүндө типтүү келишимдин сунуш кылынган формасы иштелип чыкты
ММСЖСМ
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
4-багыт: Ыктыярчылык иш чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык
18
Тажрыйба алмашуу, биргелешкен ыктыярчылык демилгелерди жана ыктыярчылыкты илгерилетүүгө багытталган башка иш-чараларды ишке ашыруу үчүн интеграциялык бирикмелердин жана башка өлкөлөрдүн алкагында өлкөлөр менен кызматташтыкты орнотуу
Ыктыярчылык иштеги мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн диалог аянтчаларын түзүү жана илгерилетүү; ыктыярчылык иштин алкагында алмашуу программаларын ишке ашыруу үчүн эл аралык өнөктөштөр, чет элдик ыктыярчылык уюмдар менен байланыш түзүү; эл аралык форумдарды жана аянтчаларды уюштуруу
Жыл сайын 2030-жылга чейин
Ыктыярчылар жана ыктыярчылык уюмдар ММСЖСМдин ведомстволук иш-чаралар планына ылайык эл аралык форумдарга катышат. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндө эл аралык форумдар, конференциялар, диалогдор, аянтчалар өткөрүлдү. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндө меморандумдарга, макулдашууларга кол коюлду. Эл аралык ыктыярчылар тармагын чындоо. Тажрыйба жана мыкты практикалар менен бөлүшүү
ММСЖСМ, кызыкдар тараптар
ММСЖСМ, башка тыюу салынбаган булактар
Кыскартуулардын тизмеси
ММСЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
МКЖӨБМА
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
КЭУ
-
коммерциялык эмес уюмдар
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КФ
-
коомдук фонд
КР Кызыл Жарым ай коому
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым ай коому
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 19.12.2024 · № 771
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Ыктыярчылык иш жөнүндөЗакон · 31.03.2023 · № 77