Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 „Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 августа 2025 года № 531 "О Департаменте развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики и о некоторых вопросах Министерства водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 739
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Айыл жеринде жана райондук маанидеги шаарларда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) Ысык-Көл облусунун Түп району, Нарын облусунун Кочкор району жана Жалал-Абад облусунун Сузак району Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоо пилоттук режимде апробациялануучу райондор болуп аныкталсын.".
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
- жогоруда көрсөтүлгөн райондордо ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоону пилоттук режимде апробациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу планын иштеп чыксын;
- иш-чараларды ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын тиешелүү жылга бекитилген каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.04.2024 · № 207
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен…Постановление · 28.08.2025 · № 531
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.04.2024 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен…Постановление · 28.08.2025 · № 531