Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координатору жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 748 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координатору жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо 2005-жылы кабыл алынган Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (мындан ары - ЭМСЭ) киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координаторунун (мындан ары - Улуттук координатор) функцияларын, милдеттерин жана укуктарын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргыз Республикасындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын ЭМСЭ боюнча Улуттук координатору болуп саналат, анын жооптуу адамы болуп кызмат орду боюнча "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы эсептелет.
3. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДСУ) ЭМСЭ боюнча байланыш пункту менен байланышта болуу үчүн ЭМСЭ боюнча Улуттук координатор жумасына 7 күн 24 саат бою жеткиликтүү.
4. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Эл аралык медициналык-санитардык эреже - бул 2005-жылдын 23-майында Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын элүү сегизинчи сессиясында кабыл алынган жана 2007-жылдын 15-июнунда күчүнө кирген улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлде медициналык-санитардык коопсуздукту чыңдоо максатында коомдук саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык эрежелерди белгилеген эл аралык-укуктук макулдашуу;
2) эл аралык мааниге ээ болгон коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал - координацияланган эл аралык жооп кайтаруучу чараларды талап кылган, ЭМСЭ тарабынан оорулардын жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы башка тобокелдиктердин эл аралык жайылышынын натыйжасында башка мамлекеттерде калктын ден соолугу үчүн тобокелдик катары аныкталган өзгөчө окуя;
3) контаминацияланган товар - бул бактериялар, вирустар же алардын токсиндери сыяктуу инфекциялык агенттер менен кокусунан же байкоосуздан булганган товарлар.
2-глава. Улуттук координатордун функциялары
5. Улуттук координатор төмөнкү функцияларды аткарат:
1) эл аралык мааниге ээ болгон коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалды түзгөн окуялар жөнүндө ЭМСЭ боюнча ДСУнун Европа региондук бюросунун (мындан ары - ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБ) ЭМСЭнин байланыш пункту менен үзгүлтүксүз маалымат алмашуу;
2) ЭМСЭнин байланыш пункту менен байланыш системасын тестирлөө жана баалоо жүргүзүү;
3) ЭМСЭнин алкагында өлкөгө эл аралык жардам көрсөтүү максатында эл аралык мааниге ээ болгон коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал катары аныктоо, эл аралык тобокелдиктин олуттуулугуна жана эпидемияга каршы жана алдын алуу иш-чараларынын толуктугуна баа берүү боюнча ДСУ менен кызматташуу;
4) ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБнын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жатат деп болжолдонгон эл аралык мааниге ээ болгон коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалды түзгөн окуя жөнүндө билдирүүлөрдүн, маалыматтардын же консультациялардын ишенимдүүлүгүн аныктоо;
5) келип түшкөн маалыматтарды жалпылоо, талдоо жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтерине, ведомстволоруна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ЭМСЭнин иш-чараларын ишке ашыруу боюнча тиешелүү, ыкчам чараларды көрүү үчүн жөнөтүү;
6) санитардык-эпидемиологиялык контролдоо, көзөмөлдөө жана өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу чаралары боюнча улуттук системасынын мүмкүнчүлүктөрүн баалоого катышуу;
7) эл аралык уюмдар, кызыкдар министрликтер, ведомстволор жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасында ЭМСЭни ишке ашыруу боюнча республикалык, региондук жана эл аралык семинарларга, тегерек столдорго, тренингдерге, кабинеттик жана симуляциялык машыгууларга катышуу;
8) дүйнөдөгү жана Кыргыз Республикасындагы коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери боюнча калктын кеңири катмарына маалымдоо;
9) мезгил-мезгили менен ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБ менен бирдикте Кыргыз Республикасындагы ЭМСЭнин мүмкүнчүлүктөрүнө биргелешкен тышкы баа берүү.
3-глава. Улуттук координатордун милдеттери
6. Улуттук координатор төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын - Улуттук координатордун жооптуу бөлүмүнүн байланышуучу адамдарынын маалыматтары жөнүндө ар жылдык отчетторду, жаңылоолорду, билдирүүлөрдү даярдоо жана жөнөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын атынан ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБнын байланыш пунктуна биологиялык, химиялык, радиациялык мүнөздөгү эл аралык мааниге ээ болгон коомдук саламаттык сактоо жаатындагы, ошондой эле тамак-аш коопсуздугу, микробго каршы туруктуулук жаатындагы өзгөчө кырдаалды түзгөн Кыргыз Республикасындагы окуялар жана ушул окуяларга карата жооп кайтаруу үчүн Кыргыз Республикасында көрүлгөн медициналык-санитардык чаралар жөнүндө шашылыш билдирүүлөр тууралуу маалымат жөнөтүү;
3) ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБга лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары, тобокелдик булактары, түрлөрү, оорулардын, өлүмдүн саны, оорулардын жайылышына таасир этүүчү шарттар жана көрүлгөн медициналык-санитардык чаралар боюнча өз убагында жана толук медициналык-санитардык маалымат берүү жана кабарлоо;
4) зарыл учурда болгон кыйынчылыктар жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча ДСУнун колдоосу зарылдыгы жөнүндө билдирүү;
5) адам оорулары, инфекцияны алып жүрүүчүлөр же контаминацияланган товарлар импорттолгон/экспорттолгон учурлардын натыйжасында оорунун эл аралык жайылышына алып келиши мүмкүн болгон, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде аныкталган калктын ден соолугу үчүн тобокелдик жөнүндө маалымат алгандыгы тууралуу ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБнын байланыш пунктуна 24 сааттын ичинде маалымдоо;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүүдөн же консультациялардан тышкары башка булактардан келген консультацияларды жана билдирүүлөрдү тастыктоолорго карата ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБдан келген суроо-талаптарга/өтүнүчтөргө жооп берүү. ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБга 24 сааттын ичинде алгачкы жоопту же тастыктоону берүү;
7) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча операциялык борбору менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
8) Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБнын оорулардын эл аралык жайылышын алдын алуу боюнча сунуштамаларын жөнөтүү;
9) Кыргыз Республикасынын жооптуу адамдары, министрликтери, ведомстволору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен телефон, электрондук почта же "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кечиктирилгис байланышты жүзөгө ашыруу.
4-глава. Улуттук координатордун укуктары
7. Улуттук координатор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) ЭМСЭни ишке ашыруунун алкагында медициналык-санитардык чараларды жүзөгө ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, ведомстволорунан жана мамлекеттик бийлик органдарынан коомдук саламаттык сактоо жаатында келип чыккан өзгөчө кырдаалга байланыштуу окуяларды жана тобокелдиктерди талдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;
2) оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана контролдоого;
3) зарыл болгон учурда оорулардын жайылышын алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды аткаруу үчүн белгиленген тартипте макулдашуу боюнча башка министрликтердин жана ведомстволордун, ишканалардын жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартууга;
4) мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында контролду жүзөгө ашыруучу башка кызматтар менен санитардык-карантиндик кызматтын өз ара аракеттенүүсүн координациялоого;
5) мамлекеттик бийлик, башкаруу органдарынан жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден алардын компетенциясынын чегинде эпидемияга каршы жана алдын-алуучу иш-чараларды өз убагында жүргүзүүсүн талап кылууга;
6) зарыл болгон учурда саламаттык сактоо чөйрөсүндө түзүлгөн өзгөчө кырдаалды жеңүүдө техникалык жетекчилик жана жардам алуу өтүнүчү менен белгиленген тартипте ДСУга кайрылууга;
7) министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ЭМСЭни ишке ашыруу боюнча ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын аймагында келип чыккан жана кабарлоону талап кылбаган окуяларга карата ЭМСЭ боюнча ДСУ ЕРБ менен консультацияларды өткөрүүгө.
5-глава
Кыргыз Республикасына Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүүнүн алкагында өз компетенциясынын чегинде медициналык-санитардык чараларды ишке ашырууга жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тизмеги
8. Өз компетенциясынын чегинде ЭМСЭни ишке ашырууга төмөнкүлөр жооптуу болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
5) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
6) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
7) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;
8) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
9) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
10) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
11) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;
14) "Манас эл аралык аэропорту" ААК.
Эскертүү. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал катталган учурда жана зарылчылыкка жараша башка министрликтер менен ведомстволор тартылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координатору…Постановление · 09.12.2024 · № 748