Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координатору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 9-декабры № 748 Кыргыз Республикасынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координатору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасымын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин уюштуруу жана камсыз кылуу, ошондой эле оорулардын эл аралык жайылышын алдын алуу максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3, 4-пункттарына, 66-беренесине, 73-беренесинин 2-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координатору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча улуттук координатор болуп жана Улуттук координатордун жооптуу адамы болуп Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү жылдарга бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10