Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-декабры № 747
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасын бекитүү жөнүндө
Туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рыногунун туруктуулугунун ички жана тышкы коркунучтарына ыкчам аракеттерди көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы (мындан ары - Индикаторлор матрицасы) 3-тиркемеге ылайык;
4) Иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка уюмдар макулдашуу боюнча анын аткарылышын камсыз кылсын жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине тиешелүү маалыматты берип турсун.
3. Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруу "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында жана тиешелүү жылдарга республикалык, жергиликтүү бюджеттерде каралып, бекитилген каражаттардын, ошондой эле башка тартылган булактардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар (продукт)
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булагы
1-глава. Базалык тамак-аш азыктарынын ички өндүрүшүнүн өсүшүнө дем берүү
1
Айыл чарба кооперативдерин, өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканаларын, кластердик бирикмелерди өнүктүрүү
1) кластердик бирикмелерди өнүктүрүү боюнча концепцияны иштеп чыгуу
2025-жылдын IV кварталы
Кластердик бирикмелерди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө КР МК токтому кабыл алынды
САЧКӨМ
Талап кылынбайт
2) инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү реестрин түзүү
2025-жылдан тартып (дайыма)
Инвестициялык долбоорлордун реестри жүргүзүлүүдө
САЧКӨМ
Талап кылынбайт
3) мыкты жергиликтүү/эл аралык тажрыйбалар боюнча кластердик бирикмелерди өнүктүрүү боюнча колдонмону жана окуу куралын иштеп чыгуу
2025-жылдын IV кварталы
Мыкты жергиликтүү/эл аралык тажрыйбалар боюнча кластердик бирикмелерди өнүктүрүү боюнча колдонмо жана окуу куралы иштелип чыкты
САЧКӨМ, ФАО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
4) эки кластер (эт жана сүт) боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу
2026-жылдын II кварталы
Эки продукт боюнча (эт жана сүт) ТЭН иштелип чыкты
САЧКӨМ, ФАО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин, донордук уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бюджеттеринин алкагында
2
Базалык тамак-аш азыктарынын ички өндүрүш көлөмүн көбөйтүү
1) кыртышты талдоонун негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча аймактык жер карталарын иштеп чыгуу
2027-2030-жылдар
Кыртышка талдоо жүргүзүлдү. Айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча аймактык карта иштелип чыкты
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин алкагында
2) мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишканалар үчүн салыктык преференциялардын механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү
2026-жылдын II кварталы
Мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишканалар үчүн салыктык преференциялар жөнүндө КР МК токтому кабыл алынды
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ
Талап кылынбайт
3) үрөн жана отургузуу материалдарын ташып киргизүүнү жөнгө салуучу "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
2025-жылдын IV кварталы
"Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үрөн жана отургузуу материалдарын импорттоону (ташып киргизүүнү) жөнгө салуу жана ташып киргизилүүчү өсүмдүктөрдү көзөмөлдөө жагында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
САЧКӨМ
Талап кылынбайт
4) Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү жана отургузуу материалдарын импорттоону (ташып киргизүүнү) жөнгө салуучу "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу
2026-жылдын II кварталы
Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү жана отургузуу материалдарын импорттоо (ташып киргизүү) тартибин бекитүү жөнүндө КР МК токтому кабыл алынды
САЧКӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
5) райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана САЧКӨМдүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айыл чарба продуктуларын өндүрүүчүлөргө консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү
Жыл сайын
1500 ата мекендик өндүрүүчүгө консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүлдү
САЧКӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
6) үрөн чарбаларын жана фермерлерди эсепке алуу жана каттоо боюнча маалыматтык системаны иштеп чыгуу
2026-жылдын IV кварталы
Үрөн чарбаларынын жана фермерлердин маалыматтык системасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди
САЧКӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
7) кантты кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан кант кызылчасын кабыл алуу процессин оптималдаштыруу
2025-жылдын IV кварталы
Фермерлердин жана кайра иштетүүчү ишканалардын пайдаларын жана чыгымдарын эсепке алуу менен кант кызылчасын сатуу жөнүндө КР МК токтому кабыл алынды
КРП облустардагы ЫУӨ, САЧКӨМ
Талап кылынбайт
8) жогорку өндүрүмдүү жана сапаттуу сортторду колдонуунун эсебинен буудайдын айдоо аянтын көбөйтүү
2025-2030-жылдар
2030-жылга карата буудайдын айдоо аянты 300,0 миң гектарга чейин көбөйтүлдү
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ
Талап кылынбайт
9) май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтын көбөйтүү
2025-2030-жылдар
2025-жылдын IV кварталына карата май өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча кырдаалга талдоо даярдал, айдоо аянтын кеңейтүү планы иштелип чыкты. 2030-жылга карата май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты 25 миң гектарга чейин көбөйтүлдү
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ
Талап кылынбайт
10) короодо багуу методу боюнча асыл тукум малдын башын жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын санын көбөйтүү
2025-2030-жылдар
Короодо багуу методу боюнча айыл чарба жаныбарларынын башы 10%га көбөйдү. Эт азыктарын өндүрүү боюнча 15 жаңы ишкана иштейт
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Эл аралык каржылоо булагы
3
Тоют базасын жакшыртуу
1) айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар, балыктар үчүн тоют өндүрүү боюнча жабдууларды/линияларды сатып алууга жеңилдетилген кредит берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2025-жылдын III кварталы
Тоют өндүрүү боюнча жабдууларды/ линияларды сатып алууга жеңилдетилген кредит берүү механизмдерин бекитүү жөнүндө ЮР МК токтому кабыл алынды. 2027-жылдан тартып каржылоо булактары жана көлөмү аныкталды
САЧКӨМ
АӨКК
2) көп жылдык көчөттөр үчүн өндүрүмдүүлүгү аз жерлерди өздөштүрүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу
2025-жылдын IV кварталы
Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн өндүрүмдүүлүгү аз жерлерди өздөштүрүү боюнча механизмдер иштелип чыкты жана КР МК токтому менен жактырылды
САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
3) көп жылдык өсүмдүктөр үчүн өндүрүмдүүлүгү аз жерлерди өздөштүрүүнүн жактырылган механизмдерин ишке киргизүү
2025-2030-жылдар
2025-жылы - региондор боюнча өндүрүмдүүлүгү аз жерлерди картага түшүрүү; 2026-жылы - региондор боюнча өздөштүрүү механизмдери жана пландары жөнүндө КР МК токтому. 2027-жылдан баштап айыл чарба продукциялары үчүн өндүрүмдүүлүгү аз жерлерди өздөштүрүү иштери башталды
САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
4) деградацияга дуушар болгон жана чөлгө айланган айдоо жерлеринин, жайыттардын "паспортун" түзүү
2026-жылдын III кварталы
Айдоо жерлеринин, жайыттардын деградацияга дуушар болгон жана чөлгө айланган аянттары жана себептери жөнүндө отчет аларды четтетүү боюнча сунуштар менен
САЧКӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
2-глава. Калктын аялуу бөлүгү үчүн азык-түлүктүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
4
Социалдык жана азык-түлүк жардамынын даректүүлүгүн жогорулатуу
1) калктын аялуу катмарларынын азык-түлүккө экономикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу
2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын IV кварталы
Калктын аялуу катмарларынын тамак-ашка экономикалык жеткиликтүүлүгүн караган социалдык коргоонун минималдуу деңгээлдери боюнча отчеттор даярдалды
ЭСКММ, ККФ (макулдашуу боюнча), иш берүүчүлөрдүн бирикмеси, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин, донордук уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында
2) өлкөнүн калкынын социалдык жактан аялуу катмары алуучу социалдык жана гуманитардык (азык-түлүк) жардамдын маалыматтар базасын, анын ичинде анын түзүмүн жана форматын даярдоо (айыл өкмөттөрү, райондор, облустар боюнча зарыл болгон бөлүктө)
2027-жылдын IV кварталы
Ар кандай булактардан берилүүчү жардамды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасын киргизүү жөнүндө МКЖӨБМА буйругу
ЭСКММ, СӨМ, МКЖӨБМК
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
3) өлкөнүн калкынын социалдык аялуу катмары алуучу социалдык жана гуманитардык (азык-түлүк) жардам боюнча "Санарип аймак" АМТ модулун иштеп чыгуу жана киргизүү
2027-жылдын IV кварталы
Ар кандай булактардан берилүүчү жардамды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасын киргизүү жөнүндө МКЖӨБМА буйругу
ЭСКММ, СӨМ, МКЖӨБМА
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттик каражаттарынын алкагында
5
Өзгөчө кырдаалдар шарттарында калктын аялуу топторун мамлекеттик колдоону күчөтүү
1) төмөнкүлөр үчүн өзгөчө кырдаалдар (ӨК) шарттарында гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн "азык-түлүк топтомун" иштеп чыгуу:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр;
- пенсионерлер;
- кош бойлуу жана бала эмизген аялдар;
- 5 жашка чейинки балдар
2027-жылдын I кварталы
ӨК учурунда гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн "азык-түлүк топтомун" аныктоочу КР МК токтому кабыл алынды
ЭСКММ, ССМ, САЧКӨМ, ӨКМ
Талап кылынбайт
2) ӨК шарттарында турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга (ДМЧА, улгайган адамдар, балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ж.б.) мамлекеттик социалдык, гуманитардык (азык-түлүк) жардам көрсөтүүнүн жана бир жолку социалдык (гуманитардык) төлөмдөрдү накталай эмес түрдө берүүнүн тартибин жана көлөмүн киргизүү
2026-жылдын IV кварталы
ӨК шарттарында мамлекеттик социалдык, гуманитардык (азык-түлүк) жардам жана бир жолку социалдык төлөмдөр турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга бекитилген тартипке жана көлөмгө ылайык берилет
ЭСКММ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
6
Азык-түлүк коопсуздугу системасын санариптештирүү
1) социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын бар экендигине мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу
2026-жылдын III кварталы
КР МКнын социалдык маанилүү товарлардын бар экендигине мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык системасын киргизүү жөнүндө тескемеси
САЧКӨМ, СӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
2) жооптуу кызматкерлерди маалыматтык системаларды колдонууга үйрөтүү
2026-жылдын III кварталы
Республика боюнча жооптуу кызматкерлерди маалыматтык системаларды колдонуу боюнча окутуу өткөрүлдү
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, УСК (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
3) маалыматтык системаны Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен интеграциялоо (макулдашуу боюнча)
Зарылчылыкка жараша
Кызматтар электрондук форматта көрсөтүлүүдө (макулдашуу боюнча)
САЧКӨМ, СӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
3-глава
Тамактануу жана тамак-аш коопсуздугу менен байланышкан оорулардын үч эселенген жүгүн азайтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
7
Тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында көп секторлуу кызматташтыкты өнүктүрүү
1) көп секторлуу платформа (КСП) жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү
2026-жылдын IV кварталы
КР МКнын Көп секторлуу платформа жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө тескемеси кабыл алынды
САЧКӨМ, ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча), БУУнун ДАТП (макулдашуу боюнча), ФАО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
2) азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасын ишке ашыруу маселелери боюнча КСПнын жыл сайын өтүүчү форумун уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылуу
2026-2030-жылдар
КСП форумунун резолюциясы кабыл алынды
САЧКӨМ, ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча), БУУнун ДАТП (макулдашуу боюнча), ФАО (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
8
Калктын жетиштүү тамактанууга болгон укугун ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
1) "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын калкынын камсыз болуу деңгээлин аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү
2025-жылдын III кварталы
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди
САЧКӨМ, ССМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
2) калктын адекваттуу тамактануу укугун ишке ашыруу үчүн иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу
2026-жылдын III кварталы
КР МКнын "Калктын туура тамактануу укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтому кабыл алынды
ССМ, САЧКӨМ (тамактанууну жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыруу боюнча жарандык альянс - макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө" токтомуна социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын тизмегин кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү
2026-жылдын III кварталы
КР МКнын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому кабыл алынды
САЧКӨМ, ССМ
Талап кылынбайт
4) Кыргыз Республикасынын калкына социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын кеңейтүү жөнүндө маалымдоо
Жыл сайын IV кварталда
Өлкөнүн калкына тамактануу түзүмүнө базалык тамак-аш азыктарынын тизмегине киргизилген кошумча продукттарды киргизүү сунушталды
САЧКӨМ, ССМ
Талап кылынбайт
5) болгон продукттардын негизинде туура тамактануунун улуттук башкаруу принциптерин иштеп чыгуу жана киргизүү (тамактанууну диверсификациялоо, тузду, кантты жана трансмайларды колдонууну чектөө ж.б.).
ФАО методологиясынын негизинде тамактануунун диеталык моделдерин иштеп чыгуу
2026-2030-жылдардын IV кварталы
Саламаттык сактоо жаатындагы кырдаалга тамак-аш коопсуздугу бөлүгүндө талдоо жүргүзүлдү. Туура тамактануунун улуттук башкаруу принциптери иштелип чыкты. Тамактануунун диеталык моделдери иштелип чыкты. Туура тамактануунун улуттук башкаруу принциптерин киргизүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет берилди
ССМ, САЧКӨМ, ЭСКММ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча), ДСУ (макулдашуу боюнча), ФАО (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында, ЮНИСЕФ, ФАО
9
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана алардын сапатын контролдоонун/ көзөмөлдөөнүн интеграцияланган системасын түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү
1) тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу программасын ишке ашыруу планы менен иштеп чыгуу
2026-жылдын III кварталы
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуунун улуттук программасын бекитүү жөнүндө КР МК токтому кабыл алынды
САЧКӨМ, ССМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
10
Байытылган тамак-аш азыктарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
1) унду өндүрүү жана сатуу этабында унду байытуунун сапатына мониторинг жүргүзүү
Дайыма
Сунуштамалары менен мониторингдин жыйынтыгы жөнүндө отчет
ССМ, САЧКӨМ
Талап кылынбайт
2) жогорку жана биринчи сорттогу байытылбаган буудай унун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө (импорттоого) тыюу салуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын аймагына санитардык чараларды киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу
2027-жылдын II кварталы
Кыргыз Республикасынын аймагына жогорку жана биринчи сорттогу байытылбаган буудай унун алып келүүгө (импорттоого) тыюу салуу боюнча санитардык чара киргизилди
ССМ, САЧКӨМ, ДСУ (макулдашуу боюнча), ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
4-глава
Кадрлардын потенциалын жана калктын туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу
11
Калктын эң аялуу катмарынын тамактануу муктаждыктары жана бул муктаждыктарды канааттандыруу үчүн эң ылайыктуу тамак-аш жөнүндө маалымдуулук жана билим деңгээлин жогорулатуу
1) тамактануу жаатындагы жүрүм-турум аспекттери боюнча формативдүү изилдөө жүргүзүү (маалыматтарды чогултуу жана талдоо)
2026-жылдын I кварталы
2025-жылы - тамактануу жаатында жүрүм-турум аспекттери боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо жүргүзүлдү; 2026-жылы - изилдөө жөнүндө отчет даярдалды
ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын, ЮНИСЕФтин гранттык каражаттарынын алкагында (макулдашуу боюнча)
2) туура тамактануу боюнча, анын ичинде байытылган унду жайылтуу боюнча улуттук маалыматтык-коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2026-жылдын II кварталы
Кыргыз Республикасынын туура тамактануу боюнча улуттук маалыматтык-коммуникациялык стратегиясын бекитүү жөнүндө КР МК тескемеси кабыл алынды
ССМ, САЧКӨМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
3) тамак-аш азыктарын жана керектөө товарларын өндүрүү жана технологиясы багыттарын/адистиктерин даярдоочу кесиптик жогорку жана кесиптик орто билим берүү уюмдарынын окуу программаларына туура тамактануу жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө маалыматты киргизүү жана иштеп чыгуу
2026-жылдын III кварталы
Туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө кесиптик жогорку жана кесиптик орто билим берүү уюмдарынын окуу программаларына киргизүү тууралуу БИМ буйругу кабыл алынды
БИМ, ССМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
4) туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө маалыматты иштеп чыгуу жана МБУ жана ЖБМ окуу программаларына киргизүү
2029-жылдын II кварталы
Туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө маалыматты МБУ жана ЖБМ окуу программаларына киргизүү жөнүндө БИМ буйругу кабыл алынды
БИМ, ССМ, БУУнун ДАТП (макулдашуу боюнча), Мерсико (макулдашуу боюнча)
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
5) мамлекеттик кызматтын жана ЖӨБО өкүлдөрүн калктын эң аялуу катмарынын тамактанууга болгон муктаждыктары жана эң ылайыктуу тамак-аш жөнүндө окутуу жана маалымдоо
2025-2027-жылдар. Ар жылдык отчеттуулук
Мамлекеттик кызматтын жана ЖӨБО өкүлдөрү калктын аялуу катмарынын тамактанууга болгон муктаждыктары жана кыйла ылайыктуу тамак-аш жөнүндө окутулду
ССМ, КРП облустардагы ЫУӨ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
12
Азык-түлүк системалары жаатында илимий изилдөөлөрдүн потенциалын жогорулатуу жана ролун күчөтүү
1) азык-түлүк коопсуздугу проблемалары жаатындагы илимий багыттарды иштеп чыгуу:
- топурактын, суунун курамын химиялык талдоо;
- топурак кыртышын картага түшүрүү жана өсүмдүктөрдү райондоштуруу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн райондоштуруу жана которуштуруп айдоо;
- тамак-аш коопсуздугу;
- жаңы азыктуу продукттардын жана кошулмалардын технологияларын иштеп чыгуу
2025-2030-жылдар. Ар жылдык отчеттуулук
БИМ аркылуу каржылануучу азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы артыкчылыктуу проблемаларды чечүүгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жыл сайын гранттар бөлүнөт
САЧКӨМ, ССМ, БИМ, УИА
Эл аралык каржылоо булагы
2) өсүмдүктөрдү райондоштуруу үчүн топурактын, суунун курамын талдоо боюнча лабораторияларды түзүү
2026-2030-жылдар
2025-жылы - болгон лабораторияларга инвентаризация жүргүзүлдү; 2026-жылы - ченемдик документтер даярдалды; 2027-жылы - республиканын бардык региондорунда топуракка жана сууга талдоо жүргүзүү боюнча көчмө лабораториялар түзүлдү
САЧКӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин каражаттарынын алкагында
3) химик-лаборанттарды даярдоо
2025-2026-жылдар
2025-жылы муктаждык аныкталып, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу жана дипломго чейин окутуу программалары түзүлдү. 2026-жылдан баштап кадрларды окутуу башталды
БИМ, САЧКӨМ, ССМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттик каражаттарынын алкагында
4) аккредитациялоо боюнча эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык топурактын, суунун курамын талдоо лабораторияларын аккредитациялоо материалдарын даярдоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук органга аккредитациялоого өтүнмө берүү
2028-жылдын III кварталы
Эл аралык стандарттын талаптарына ылайык топурактын, суунун курамын талдоо боюнча лабораторияларды аккредитациялоо жүргүзүлдү
САЧКӨМ, ЭКМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттик каражаттарынын алкагында
5) айыл чарба багытындагы кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдардын окуу программасына айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарды иштеп чыгуу жана киргизүү
Жыл сайын
Айыл чарба багытындагы кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарда айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча фермерлердин квалификациясын жогорулатуу программасын бекитүү тууралуу БИМдин буйругу кабыл алынды
БИМ, САЧКӨМ
Министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттик каражаттарынын алкагында
13
Тамактануу маселелерин саламаттык сактоо системасына интеграциялоо
1) адамдын бүткүл өмүрүндө тамактануу боюнча артыкчылыктуу иш-чараларды комплекстүү ишке ашырууда медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу жана колдоо көрсөтүү
2025-2030-жылдар
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында 1700 медициналык кызматкердин потенциалы жогорулатылды
ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) ДССУ (макулдашуу боюнча)
Гранттык каражаттардын алкагында
2) тамактануу боюнча көрсөтмөлөрдү жана окуу программаларын акыркы глобалдык сунуштамаларга ылайык туруктуу жаңыртып туруу
2025-2030-жылдар
Тамактануу колдонмолору жаңыртылды
ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) ДССУ (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
14
Тамактануу боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча улуттук потенциалды чыңдоо
1) учурдагы саламаттык сактоо маалыматтык системалары менен интеграциялоо чекиттерин талдоону кошуу менен саламаттык сактоо секторунун бардык регистрлерин техникалык баалоо (нерв түтүгүнүн кемтиги, церебралдык шал оорусу, контрацептивдерди колдонуу)
2026-жыл
Саламаттык сактоо секторунун бардык регистрлерин техникалык баалоо жөнүндө отчет берилди
ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
2) учурдагы маалымат системалары менен интеграциялоо боюнча сунуштамаларды же тамактануу боюнча маалыматтарды жыйноо жана талдоо боюнча жаңы платформаны иштеп чыгуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу
2027-жыл
Сунуштар менен отчет берилди. Тамактануу боюнча маалыматтарды жыйноо жана талдоо боюнча бириктирилген каттоо маалыматтары түзүлдү (жалпы платформа)
ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
15
Аялуу топтордо микронутриенттик жетишсиздикти азайтуу
1) аялуу топтордун тамактануусу боюнча микронутриенттерге жеткиликтүүлүккө экономикалык талдоо жүргүзүү
2026-жыл
Талдоо жөнүндө отчет жүргүзүлдү жана КР МК берилди
ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
2) кош бойлуу аялдар үчүн фолий кислотасынын наркынын ордун 100 пайыз толтуруу бөлүгүндө жарандарды медициналык-манитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра карап чыгуу
2026-жыл
Кош бойлуу аялдар үчүн фолий кислотасынын наркынын ордун 100 пайыз толтуруу бөлүгүндө жарандарды медициналык-манитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына тиешелүү толуктоолор киргизилди
ССМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча)
Талап кылынбайт
3) репродуктивдүү курактагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга темир жана фолий кислотасынын саплементациясын камсыз кылуу
2026-жыл
Темир жана фолий кислотасынын саплементациясы камсыз кылынды
ССМ
Талап кылынбайт
4) диверсификацияланган тамактанууну, макро- жана микронутриенттерге бай азык-түлүктү туруктуу негизде керектөөнү илгерилетүү
2026-жыл
Диверсификацияланган тамактанууну, макро- жана микронутриенттерге бай азык-түлүктү туруктуу негизде керектөөнү илгерилетүү боюнча медиа-планды бекитүү боюнча ССМдин буйругу кабыл алынды
ССМ
Талап кылынбайт
Кыскартуулардын тизмеси
КР МК
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ӨКМ
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
СӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ЖРЭТКМ
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
КРП облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
УСК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
УИА
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
ФАО
-
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ДСУ
-
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму
БУУнун ДАТП
-
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ЧУА
-
ченемдик укуктук актылар
ЖӨБО
-
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ТЭН
-
техникалык-экономикалык негиздеме
АӨКК
-
агроөнөр жай комплексин кредиттөө
ККФ
-
Кыргызстандын кесиптик бирлик федерациясы
МЧБУ
-
мектепке чейинки билим берүү уюму
ЖБМ
-
жалпы билим берүүчү мектеп
3-тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№
Индикатордун аталышы
Өлчөө бирдиги
Базалык жыл
Орто аралык индикаторлор (жылдык)
Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр
Жооптуу орган
2023
2025
2026
2027
2028
2029
2030
1-глава. Базалык тамак-аш азыктарынын ички өндүрүшүнүн өсүшүнө дем берүү
1
Калктын жан башына айыл чарба продукциясынын дүң көлөмүнүн өсүшүнүн индекси
%
103,5
103,0 кем эмес
103,0 кем эмес
103,0 кем эмес
103,0 кем эмес
103,0 кем эмес
103,0 кем эмес
103,0 кем эмес
САЧКӨМ
2
Азык-түлүк коопсуздугунун (мындан ары - АК) айрым базалык азыктар боюнча азык-түлүк көз карандысыздыгы (импортко көз карандылык):
САЧКӨМ
Нан жана нан азыктары
%
29,3
19,9
4,7
0
0
0
0
0
САЧКӨМ
Мөмө жана жемиштер
%
35,9
35,0
34,0
33,0
31,0
29,0
27,0
27,0
САЧКӨМ
Кант
%
28,4
18,0
17,0
16,0
15,0
14,0
13,0
13,0
САЧКӨМ
Өсүмдүк майы
%
71,7
71,0
69,0
67,0
65,0
63,0
61,0
61,0
САЧКӨМ
Башка АК базалык азыктар
%
20% төмөн
20% төмөн
20% төмөн
20% төмөн
20% төмөн
20% төмөн
20% төмөн
20% төмөн
САЧКӨМ
3
АК базалык азыктарды өндүрүүнүн жетиштүүлүгү:
Эт жана эт азыктары
%
88,1
90,7
93,4
95,3
95,7
96,2
96,8
96,8
САЧКӨМ
Мөмө жана жемиштер
%
28,4
34,8
34,8
34,9
34,9
35,0
35,1
35,1
САЧКӨМ
Жумуртка
%
53,9
54,5
51,3
51,1
51,1
52,3
52,3
52,3
САЧКӨМ
Кант
%
58,5
85,2
85,6
86,1
86,6
87,2
87,7
87,7
САЧКӨМ
Өсүмдүк майы
%
20,2
28,5
31,9
35,3
37,2
39,1
41,0
41,0
САЧКӨМ
Башка АК базалык азыктары
%
100%дан жогору
100%дан жогору
100%дан жогору
100%дан жогору
100%дан жогору
100%дан жогору
100%дан жогору
100%дан жогору
САЧКӨМ
4
Сортту жаңылоонун эсебинен буудай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү
миң тонна
47,8
47,8
47,8
47,8
47,8
47,8
мезгил үчүн 286,8
САЧКӨМ
5
Жаңы сугат жерлерин киргизүү
миң га
1023
0,430
3,125
4,550
6,050
8,180
10,113
1031,18
САЧКӨМ
6
Жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу
миң га
64,7
11,3
14,4
17,5
19,0
22,3
25,0
89,7
САЧКӨМ
7
Мамлекеттик материалдык резервде дан эгиндеринин запастарынын жетиштүүлүгү
%
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
Чектүү босоголук мааниден төмөн эмес
ММРФ
2-глава. Калктын аялуу бөлүгү үчүн азык-түлүктүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
8
1-квинтилдеги калк үчүн рациондун суткалык энергетикалык баалуулугу
Ккал
1722
1798
1873
1949
2025
2101
2177
2177
УСК (макулдашуу боюнча)
1-3 жаштагы балдар
Ккал
1294
1367
1440
1513
1587
1661
1735
1735
9
Жалпы керектөө чыгымдарындагы тамак-аш чыгымдары (бардык калк)
%
46
45,5
45
44,5
44
43,5
43,0
42,5
УСК (макулдашуу боюнча)
10
Жалпы керектөө чыгымдарындагы тамак-аш чыгымдары (1-квинтиль)
%
49
48,5
48
47,5
47
46,5
46
45,5
11
АКнын базалык азыктары боюнча керектөөнүн жетиштүүлүгүнүн орточо деңгээли
0,74
САЧКӨМ
12
Мектеп окуучуларын ысык тамак менен камтуу
Мектептердин саны
1507
1636
1765
1894
2023
2154
2283
2283
БИМ
3-глава. Калктын тамактануу статусун жакшыртуу
13
Кош бойлуу аялдар арасындагы анемия оорусу
%
49
44
39
35
30
24
19
19
ССМ
14
Репродуктивдик курактагы аялдар арасында фолий кислотасынын жетишсиздиги оорусу
%
83,2
74
66
57
49
40
32
32
ССМ
15
Өспүрүм кыздардын арасында фолий кислотасынын жетишсиздиги оорусу
%
83,6
74
66
57
49
40
32
32
ССМ
16
6-59 айлык балдар арасында А витамининин жетишсиздиги оорусу
%
15
13
11
9
7
5
3
3
ССМ
Кыскартуулардын тизмеси
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ММРФ
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
УСК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
4-тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын БЮДЖЕТИ
№
Милдеттер
Мөөнөтү
Муктаждык
Мүмкүнчүлүк
Финансылык ажырым
Бардыгы
Анын ичинде
Бардыгы
Анын ичинде
Бардыгы
Анын ичинде
МБ
МИП жана гранттар
Башка булактар
МБ
МИП жана гранттар
Башка булактар
МБ
МИП жана гpaнттар
Башка булактар
РБ
ЖБ
РБ
ЖБ
РБ
ЖБ
Иш-чаралар планы боюнча бардыгы
2025
4863946,5
3899050,2
21044,4
215000,0
728851,9
4435146,5
3474050,2
21044,4
215000,0
725051,9
-428800,0
-425000,0
0,0
0,0
-3800,0
2026
5913256,9
5084326,6
16598,4
86000,0
726331,9
5149456,9
4324326,6
16598,4
86000,0
722531,9
-763800,0
-760000,0
0,0
0,0
-3800,0
2027
7403179,4
6589103,5
5434,0
86000,0
722641,9
5274379,4
4464103,5
5434,0
86000,0
718841,9
-2128800,0
-2125000,0
0,0
0,0
-3800,0
2028
8892105,6
8078179,7
5434,0
86000,0
722491,9
5934805,6
5124679,7
5434,0
86000,0
718691,9
-2957300,0
-2953500,0
0,0
0,0
-3800,0
2029
10805317,1
10077491,2
5434,0
0,0
722391,9
6608842,1
5884716,2
5434,0
0,0
718691,9
-4196475,0
-4192775,0
0,0
0,0
-3700,0
2030
13204097,5
12314694,2
6640,3
0,0
882762,9
7183811,4
6396686,5
5906,8
0,0
781218,1
-370968390
-3706413,1
0,0
0,0
-3270,8
Бардыгы
51081903,0
46042845,4
60585,1
473000,0
4505472,4
34586441,9
29668562,7
59851,5
473000,0
4385027,6
-14184858,9
-14162688,1
0,0
0,0
-22170,8
72,3%
27,7%
1-глава. Базалык тамак-аш азыктарынын ички өндүрүшүнүн өсүшүнө дем берүү
1
Кооперативдик чарбаларды жана кластердик өндүрүштү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү
2025
1453,0
153,0
0,0
1300,0
1453,0
153,0
0,0
1300,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2
Базалык тамак-аш азыктарынын ички өндүрүш көлөмүн көбөйтүү
2025
336885,1
3105,1
0,0
333780,0
333285,1
3105,1
0,0
330180,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2026
335383,7
1603,7
0,0
333780,0
331783,7
1603,7
0,0
330180,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2027
334865,4
1265,4
0,0
333600,0
331265,4
1265,4
0,0
330000,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2028
334865,4
1265,4
0,0
333600,0
331265,4
1265,4
0,0
330000,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2029
334712,4
1112,4
0,0
333600,0
331112,4
1112,4
0,0
330000,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2030
409018,6
1359,4
0,0
407659,2
359919,2
1209,2
0,0
358710,0
-3182,4
0,0
0,0
0,0
-3182,4
3
Тоют базасын жакшыртуу
2025
52930,0
1050,0
9880,0
42000,0
52930,0
1050,0
9880,0
42000,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
48119,5
685,5
5434,0
42000,0
48119,5
685,5
5434,0
42000,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
48043,0
609,0
5434,0
42000,0
48043,0
609,0
5434,0
42000,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
48043,0
609,0
5434,0
42000,0
48043,0
609,0
5434,0
42000,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
48043,0
609,0
5434,0
42000,0
48043,0
609,0
5434,0
42000,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
58708,5
744,2
6640,3
51324,0
52222,7
662,0
5906,8
45654,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
1-глава боюнча бардыгы. Базалык тамак-аш азыктарынын ички өндүрүшүнүн өсүшүнө дем берүү
2025
391268,1
4308,1
9880,0
0,0
377080,0
387668,1
4308,1
9880,0
0,0
373480,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2026
383503,2
2289,2
5434,0
375780,0
379903,2
2289,2
5434,0
372180,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2027
382908,4
1874,4
5434,0
375600,0
379308,4
1874,4
5434,0
372000,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2028
382908,4
1874,4
5434,0
375600,0
379308,4
1874,4
5434,0
372000,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2029
382755,4
1721,4
5434,0
375600,0
379155,4
1721,4
5434,0
372000,0
-3600,0
0,0
0,0
0,0
-3600,0
2030
467727,1
2103,6
6640,3
458983,2
412141,9
1871,2
5906,8
404364,0
-3182,4
0,0
0,0
0,0
-3182,4
Бардыгы
2391070,6
14171,1
38256,3
2338643,2
2317485,4
13938,7
37522,8
2266024,0
-21182,4
0,0
0,0
0,0
-21182,4
99,1%
0,9%
2-глава. Калктын аялуу бөлүгү үчүн азык-түлүктүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
4
Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү
2025
888427,9
327936,0
0,0
215000,0
345491,9
888427,9
327936,0
0,0
215000,0
345491,9
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
448627,9
17136,0
0,0
86000,0
345491,9
448627,9
17136,0
0,0
86000,0
345491,9
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
448627,9
17136,0
0,0
86000,0
345491,9
448627,9
17136,0
0,0
86000,0
345491,9
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
448627,9
17136,0
0,0
86000,0
345491,9
448627,9
17136,0
0,0
86000,0
345491,9
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
362627,9
17136,0
0,0
0,0
345491,9
362627,9
17136,0
0,0
0,0
345491,9
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
443131,3
20940,2
0,0
0,0
422191,1
394176,5
18626,8
0,0
0,0
375549,7
0,0
0,0
0,0
0,0
5
Социалдык жана азык-түлүк жардамынын даректүүлүгүн жогорулатуу
2025
12529,5
1165,1
11164,4
200,0
12329,5
1165,1
11164,4
0,0
-200,0
0,0
0,0
-200,0
2026
12529,5
1165,1
11164,4
200,0
12329,5
1165,1
11164,4
0,0
-200,0
0,0
0,0
-200,0
2027
659,0
459,0
0,0
200,0
459,0
459,0
0,0
0,0
-200,0
0,0
0,0
-200,0
2028
659,0
459,0
0,0
200,0
459,0
459,0
0,0
0,0
-200,0
0,0
0,0
-200,0
2029
329,5
229,5
0,0
100,0
229,5
229,5
0,0
0,0
-100,0
0,0
0,0
-100,0
2030
402,6
280,4
0,0
122,2
249,5
249,5
0,0
0,0
-88,4
0,0
0,0
-88,4
6
Өзгөчө кырдаалдар шарттарында калктын аялуу топторун мамлекеттик колдоону күчөтүү
2025
382,5
382,5
0,0
0,0
382,5
382,5
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
153,0
153,0
0,0
0,0
153,0
153,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
7
Азык-түлүк коопсуздугу системасын санариптештирүү
2025
1071,0
1071,0
0,0
0,0
1071,0
1071,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
1994,8
1994,8
0,0
0,0
1994,8
1994,8
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
617,8
617,8
0,0
0,0
617,8
617,8
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
8
Мектепте тамактандыруу андан ары өркүндөтүү
2025
832,0
382,0
0,0
450,0
832,0
382,0
0,0
450,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
606,0
306,0
0,0
300,0
606,0
306,0
0,0
300,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2-глава боюнча бардыгы. Калктын аялуу бөлүгү үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
2025
903242,9
330936,6
11164,4
215000,0
346141,9
903042,9
330936,6
11164,4
215000,0
345941,9
-200,0
0,0
0,0
0,0
-200,0
2026
463911,2
20754,9
11164,4
86000,0
345991,9
463711,2
20754,9
11164,4
86000,0
345791,9
-200,0
0,0
0,0
0,0
-200,0
2027
449904,7
18212,8
0,0
86000,0
345691,9
449704,7
18212,8
0,0
86000,0
345491,9
-200,0
0,0
0,0
0,0
-200,0
2028
449286,9
17595,0
0,0
86000,0
345691,9
449086,9
17595,0
0,0
86000,0
345491,9
-200,0
0,0
0,0
0,0
-200,0
2029
362957,4
17365,5
0,0
0,0
345591,9
362857,4
17365,5
0,0
0,0
345491,9
-100,0
0,0
0,0
0,0
-100,0
2030
443533,9
21220,6
0,0
0,0
422313,3
394426,0
18876,3
0,0
0,0
375549,7
-88,4
0,0
0,0
0,0
-88,4
Бардыгы
3072837,0
426085,4
22328,8
473000,0
2151422,8
3022829,1
423741,1
22328,8
473000,0
2103759,1
-988,4
0,0
0,0
0,0
-988,4
100,0%
0,0%
3-глава
Тамактануу жана тамак-аш коопсуздугу менен байланышкан оорулардын үч эселенген жүгүн азайтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
9
Тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында көп секторлуу кызматташтыкты өнүктүрүү
2025
1206,0
306
0,0
900
1206,0
306
0,0
900
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
603,0
153
0,0
450
603,0
153
0,0
450
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
603,0
153
0,0
450
603,0
153
0,0
450
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
603,0
153
0,0
450
603,0
153
0,0
450
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
603,0
153
0,0
450
603,0
153
0,0
450
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
736,9
187,0
0,0
549,9
655,5
166,3
0,0
489,2
0,0
0,0
0,0
0,0
10
Калктын жетиштүү тамактанууга болгон укугун ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
2025
3502506,5
3501606,5
0,0
900,0
3102506,5
3101606,5
0,0
900,0
-400000,0
-400000,0
0,0
0,0
2026
5002841,8
5001491,8
0,0
1350,0
4267841,8
4266491,8
0,0
1350,0
-735000,0
-735000,0
0,0
0,0
2027
6501109,3
6501109,3
0,0
0,0
4411109,3
4411109,3
0,0
0,0
-2090000,0
-2090000,0
0,0
0,0
2028
8001109,3
8001109,3
0,0
0,0
5072609,3
5072609,3
0,0
0,0
-2928500,0
-2928500,0
0,0
0,0
2029
10001109,3
10001109,3
0,0
0,0
5833334,3
5833334,3
0,0
0,0
-4167775,0
-4167775,0
0,0
0,0
2030
12221355,6
12221355,6
0,0
0,0
6340834,4
6340834,4
0,0
0,0
-3684313,1
-3684313,1
0,0
0,0
11
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана алардын сапатын контролдоонун/көзөмөлдөөнүн интеграцияланган системасын түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү
2025
1520,4
1520,4
0,0
0,0
1520,4
1520,4
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
889,3
889,3
0,0
0,0
889,3
889,3
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
12
Байытылган тамак-аш азыктарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
2025
32225,3
31415,3
0,0
810,0
32225,3
31415,3
0,0
810,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
32210,5
31300,5
0,0
910,0
32210,5
31300,5
0,0
910,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
30712,0
30612,0
0,0
100,0
30712,0
30612,0
0,0
100,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
30712,0
30612,0
0,0
100,0
30712,0
30612,0
0,0
100,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
30712,0
30612,0
0,0
100,0
30712,0
30612,0
0,0
100,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
37530,1
37407,8
0,0
122,2
33383,9
33275,2
0,0
108,7
0,0
0,0
0,0
0,0
3-глава
боюнча бардыгы. Тамактануу жана тамак-аш коопсуздугу менен байланышкан оорулардын үч эселенген жүгүн азайтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
2025
3537458,2
3534848,2
0,0
0,0
2610,0
3137458,2
3134848,2
0,0
0,0
2610,0
-400000,0
-400000,0
0,0
0,0
2026
5036544,6
5033834,6
0,0
0,0
2710,0
4301544,6
4298834,6
0,0
0,0
2710,0
-735000,0
-735000,0
0,0
0,0
2027
6532424,3
6531874,3
0,0
0,0
550,0
4442424,3
4441874,3
0,0
0,0
550,0
-2090000,0
-2090000,0
0,0
0,0
2028
8032424,3
8031874,3
0,0
0,0
550,0
5103924,3
5103374,3
0,0
0,0
550,0
-2928500,0
-2928500,0
0,0
0,0
2029
10032424,3
10031874,3
0,0
0,0
550,0
5864649,3
5864099,3
0,0
0,0
550,0
-4167775,0
-4167775,0
0,0
0,0
2030
12259622,5
12258950,4
0,0
0,0
672,1
6374873,8
6374275,9
0,0
0,0
597,9
-3684313,1
-3684313,1
0,0
0,0
Бардыгы
45430898,2
45423256,1
0,0
0,0
7642,1
29224874,5
29217306,6
0,0
0,0
7567,8
-14005588,1
-14005588,1
0,0
0,0
68,9%
31,1%
4-глава
Кадрлардын потенциалын жана калктын туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу
13
Калктын эң аялуу катмарынын тамактануу муктаждыктары жана бул муктаждыктарды канааттандыруу үчүн эң ылайыктуу тамак-аш жөнүндө маалымдуулук жана билим деңгээлин жогорулатуу
2025
2452,9
1432,9
0,0
1020,0
2452,9
1432,9
0,0
1020,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
603,0
153,0
0,0
450,0
603,0
153,0
0,0
450,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
14
Азык-түлүк системалары жаатында илимий изилдөөлөрдүн потенциалын жогорулатуу жана ролун күчөтүү
2025
25994,5
25994,5
0,0
0,0
994,5
994,5
0,0
0,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2026
26300,5
26300,5
0,0
0,0
1300,5
1300,5
0,0
0,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2027
36606,5
36606,5
0,0
0,0
1606,5
1606,5
0,0
0,0
-35000,0
-35000,0
0,0
0,0
2028
26453,5
26453,5
0,0
0,0
1453,5
1453,5
0,0
0,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2029
26147,5
26147,5
0,0
0,0
1147,5
1147,5
0,0
0,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2030
31952,2
31952,2
0,0
0,0
1247,3
1247,3
0,0
0,0
-22100,0
-22100
0,0
0,0
15
Тамактануу маселелерин саламаттык сактоо системасына интеграциялоо
2025
1029,5
229,5
0,0
800,0
1029,5
229,5
0,0
800,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
653,0
153,0
0,0
500,0
653,0
153,0
0,0
500,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
653,0
153,0
0,0
500,0
653,0
153,0
0,0
500,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
653,0
153,0
0,0
500,0
653,0
153,0
0,0
500,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
653,0
153,0
0,0
500,0
653,0
153,0
0,0
500,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
797,9
186,9
0,0
611,0
709,8
166,3
0,0
543,5
0,0
0,0
0,0
0,0
16
Тамактануу боюнча маалыматтарды
2025
1059,0
459,0
0,0
600,0
1059,0
459,0
0,0
600,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
1059,0
459,0
0,0
600,0
1059,0
459,0
0,0
600,0
0,0
0,0
0,0
0,0
чогултуу жана талдоо боюнча улуттук потенциалды чыңдоо жана саясатты, стратегияларды жана программаларды негиздөө үчүн мындай маалыматтарды пайдаланууну колдоо
2027
303,0
153,0
0,0
150,0
303,0
153,0
0,0
150,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
17
Аялуу топтордо микронутриенттик жетишсиздикти азайтуу
2025
1441,5
841,5
0,0
600,0
1441,5
841,5
0,0
600,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2026
682,5
382,5
0,0
300,0
682,5
382,5
0,0
300,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2027
379,5
229,5
0,0
150,0
379,5
229,5
0,0
150,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2028
379,5
229,5
0,0
150,0
379,5
229,5
0,0
150,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2029
379,5
229,5
0,0
150,0
379,5
229,5
0,0
150,0
0,0
0,0
0,0
0,0
2030
463,7
280,4
0,0
183,3
412,5
249,5
0,0
163,1
0,0
0,0
0,0
0,0
4-глава
боюнча бардыгы. Кадрлардын потенциалын жана калктын туура тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу
2025
31977,4
28957,4
0,0
0,0
3020,0
6977,4
3957,4
0,0
0,0
3020,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2026
29298,0
27448,0
0,0
0,0
1850,0
4298,0
2448,0
0,0
0,0
1850,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2027
37942,0
37142,0
0,0
0,0
800,0
2942,0
2142,0
0,0
0,0
800,0
-35000,0
-35000,0
0,0
0,0
2028
27486,0
26836,0
0,0
0,0
650,0
2486,0
1836,0
0,0
0,0
650,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2029
27180,0
26530,0
0,0
0,0
650,0
2180,0
1530,0
0,0
0,0
650,0
-25000,0
-25000,0
0,0
0,0
2030
33213,9
32419,6
0,0
0,0
794,3
2369,7
1663,1
0,0
0,0
706,5
-22100,0
-22100,0
0,0
0,0
Бардыгы
187097,3
179333,1
0,0
0,0
7764,3
21253,1
13576,5
0,0
0,0
7676,5
-157100,0
-157100
0,0
0,0
12,3%
87,7%
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 458 токтомуна)Приложение · 03.07.2026 · № 458
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 747…Программа · 09.12.2024 · № 747
Шилтеме берет (3)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183