Гроздь айыл кеңешинин “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ГРОЗДЬ АЙЫЛ КЕНЕШИ ТОКТОМ ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫНЫН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ОТУРУМУНУН
2024-жылдын 10-январындагы № 157
“Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, 2023-жылдын 10-августундагы Гроздь айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Гроздь айылдык аймагынын административдик-аймактык рефармалоо боюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Гроздь айылдык кеңешинин 25-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Аламүдүн районунун айылдык аймактарын бириктирүүдө, Гроздь айылдык аймагынын Гроздь, Бирдик, Жогорку Ат Башы, 2-Пятилетка жана Лесное айылдары менен Ленин айылдык аймагынын Ленин жана Константиновка айылдары, Ак-дебе айыл аймагынын Кайырма жана Молдовановка айылдары биригип бир айыл аймак болуусуна макулдук берилсин.
2. Бириккен айылдык аймактардын административдик борбору Ленин айылы деп бекитилсин.
3. Бириккен айылдык аймактын аталышы “Достук айыл аймагы” болуп аталсын.
4. Бул токтом Гроздь айыл өкмөтүнүн веб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
6. Айылдык Кеңештин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 134 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Джумалиевге жүктөлсүн.
Гроздь айылдык Кенештин төрагасы
А.У.Усманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.