Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 718
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
1-пунктчанын экинчи абзацында "ун өндүрүүчүнүн жана/же" деген сөздөр алып салынсын; 2-пунктчада "ун өндүрүүчүнүн жана/же" деген сөздөр алып салынсын; 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101), улпакты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2302 30 100 0) салык салынуучу жеткирүүлөргө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"11. 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) өсүмдүк майына андан ары кайра иштетүү үчүн гана өсүмдүк майын өндүрүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген рафинирленбеген өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 9, 1512 11 990 9, 1514 11 900 9 жана 1512 21 900 0) салык салынуучу импортуна;
2) ата мекендик рафинирленбеген өсүмдүк майынан жана/же ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн рафинирленбеген өсүмдүк майынан өндүрүлгөн өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 1, 1512 19 900 2, 1512 11 990 1, 1512 19 900 3, 1514 11 900 1, 1512 19 900 9, 1514 99 900 1, 1514 99 900 9, 1514 11 900 1 жана 1512 29 900 0) салык салынуучу жеткирүүлөргө.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.У. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында…Постановление · 30.04.2022 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк…Постановление · 23.07.2026 · № 504
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана…Постановление · 11.03.2022 · № 137 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында…Постановление · 30.04.2022 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк…Постановление · 23.07.2026 · № 504