Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Акциздик маркаларды жок кылуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 2-декабры № 769-т
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун талаптарын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Акциздик маркаларды жок кылуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында болгон, "Айыл Банк" ачык акционердик коомундагы, өндүрүүчүлөр - "DeLaRue" жабык акционердик коому, "Garsu Pasaulis" жабык акционердик коому жана "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан даярдалган акциздик маркалардын калдыктарын жок кылсын.
3. Бул тескеме күчүнө кирген күндөн тартып 3 жумуш күн өткөндөн кийин "DeLaRue" жабык акционердик коому, "Garsu Pasaulis" жабык акционердик коому жана "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому компанияларынын дизайнындагы, 2023-жылы жана андан мурда даярдалган акциздик маркаларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынсын.
4. Алкоголдук продукцияларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр 2023-жылдагы жана андан мурдагы акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялардын калдыктарындагы акциздик маркаларды 2024-жылдагы акциздик маркаларга ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте акциз салыгын кайрадан төлөбөстөн алмаштырсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Акциздик маркаларды жок кылуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Мамырбаева Чынара Асанбековна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктарды башкаруу башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Акматов Бакыт Аманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын акциздик товарларды контролдоо жана маркалоо боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын начальниги;
Калысбеков Нурсултан Калысбекович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын мамлекеттик кирешелерди талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Жоробеков Чыңгыз Айдарбекович
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алкоголдук рынокту жүгүртүүнү контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
Абдубалиев Азим Бакытбекович
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук маселелер боюнча башкы адиси;
Кутуев Нурлан Маратбекович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын бажы жол-жоболору бөлүмүнүн инспектору;
Жолочуев Эрмек Жолочуевич
-
"Учкун" ачык акционердик коомунун акциздик маркалар боюнча адиси;
Дайыр уулу Айбек
-
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун Аламүдүн филиалынын акциздик маркалар боюнча адиси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94