Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 „Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кара-Балтинского городского кенеша от 10 апреля 2026 года № 12 "Об утверждении Положения “О комиссии, рассматривающих дела о правонарушениях по городу Кара-Балта”» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-10.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 34 Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 451-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 2-августундагы номур 01-5 / 1152 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Балта шаардык кенешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04"Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" төмөнкүдөй баяндалсын:
Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы -Комиссиянын төрагасы - Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
- Комиссиянын катчысы - Кара-Балта шаарынын мэриясынын коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү маселелери боюнча адиси;
Комиссиянын мүчөлөрү
- Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары (ар бир фракциядан бирден);
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын ЖК жана ӨК боюнча адиси
- Кара-Балта шаарынын мэриясына каращтуу МС жана ММБ муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси-юрист.
2. Кара-Балта шаардык Кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелинсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жиберилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Регламент, этика жана укук маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М. Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылсын: Кара-Балта шаарынын мэриясына, комиссияларга, Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 4-августундагы № 04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү…Постановление · 04.08.2023 · № 04
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 12 «Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароочу комиссиялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуПостановление · 10.04.2026 · № 12