Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 4-августу № 04 Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө
(Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
Жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароону укуктук жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 451 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө Типтүү жобону, "Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 36-беренелерин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген Кара-Балта шаарынын мэриясынын туруктуу иштөөчү комиссиясы жөнүндө Жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-декабрындагы 1-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кара-Балта шаарынын мэри М. Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
______________________________________________________________________________________ Таркатылсын: иш кагаздарына, Кара-Балта шаарынын мэриясына.
Кеңештин төрагасы
М.Дуйшеналиев
Тиркеме № 2 Кара-Балта шаардык кеңешинин № 04 Токтомуна "4" 08 2023-ж.
Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы
-Комиссиянын төрагасы - Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
- Комиссиянын катчысы - Кара-Балта шаарынын мэриясынын коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү маселелери боюнча адиси;
Комиссиянын мүчөлөрү
- Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары (ар бир фракциядан бирден);
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын ЖК жана ӨК боюнча адиси
- Кара-Балта шаарынын мэриясына каращтуу МС жана ММБ муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси-юрист.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 12 «Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароочу комиссиялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуПостановление · 10.04.2026 · № 12
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018 жылдын 31 декабрындагы № 1 «Кара-Балта шаарындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 1
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 34 "Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө…Постановление · 13.09.2024 · № 34 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2023 · № 35
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018 жылдын 31 декабрындагы № 1 «Кара-Балта шаарындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу» Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.