Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-ноябры № 663
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 298-беренесин ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинде:
- үчүнчү, төртүнчү саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
0102 21 100 0
Ири мүйүздүү мал - кунажын: швиц, симменталь (монбельярд), голштин-фриз, герефорд, абердин-ангус, шароле
0102 21 300 0
Уйлар: швиц, симменталь, голштин-фриз, герефорд, абердин-ангус, шароле
";
- жетинчи, сегизинчи саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
0104 10 100 0
Койлор: меринос, жарым уяң жүндүү, гиссар, эдильбаев, дорпер
0104 20 100 0
Эчкилер: эчкинин жүндүү жана тыбыттуу породалары
";
2) жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы жетимиш бешинчи сан менен толукталсын:
"
0602 20 800 0 0602 20 200 0
Айва
";
- төмөнкүдөй мазмундагы сексен тогузунчу сан менен толукталсын:
"
0602 90 300 0
Жашылча өсүмдүктөрү, кызылгаттар (кулпунайлар)
";
- жүз жыйырманчы саптагы "себүү үчүн талаа сулусу" деген сөздөр "себүү үчүн шалбаа бетегеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 11.03.2022 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122