Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-ноябры № 667
Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14