Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-ноябры № 664
Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, 2024-жылдын 1-февралында кол коюлган "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык макулдашуунун төмөнкү катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү товарлар товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин:
1) "SPEC ENGINEERING INC" компаниясы жана/же Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналган анын туунду же аффилирленген компаниясы;
2) "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому;
3) "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52