Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу белгиленген продукттардын кошумча тизмегин, ошондой эле бөтөлкөлөрдү, упчуларды маркалоого жана эне жана бала үчүн атайын бөлмөнү/бурчту уюштурууга талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-ноябры № 669
Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу белгиленген продукттардын кошумча тизмегин, ошондой эле бөтөлкөлөрдү, упчуларды маркалоого жана эне жана бала үчүн атайын бөлмөнү/бурчту уюштурууга талаптарды бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 60 жана 110-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу белгиленген продукттардын кошумча тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу бөтөлкөлөрдү, упчуларды маркалоого талаптар 2-тиркемеге ылайык;
3) Эне жана бала үчүн атайын бөлмөнү/бурчту уюштурууга талаптар 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу талаптарды эске алуу менен "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
1-тиркеме
Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу белгиленген продукттардын кошумча ТИЗМЕГИ
Ушул Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу белгиленген продукттардын кошумча тизмеги балдарды жасалма тамактандыруу үчүн "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 95-пунктунун колдонулушуна кирген төмөнкүдөй продукттарды аныктайт:
1) сүт продукциясы - эрте жаштагы балдар үчүн арналган сүттү кайра иштетүү продукттары, эрте жаштагы балдарды тамактандыруу үчүн адаптацияланган же жарым-жартылай адаптацияланган баштапкы же андан кийинки сүт аралашмалары (анын ичинде кургак), кургак кычкыл сүт аралашмалары, сүт суусундуктары (анын ичинде кургак), колдонууга даяр сүт ботколору жана кургак (үй шартында ичүүчү суу менен даяр болгонго чейин калыбына келтирилүүчү) сүт ботколору;
2) эрте жаштагы балдарды тамактандыруу үчүн колдонууга даяр сүт ботколору жана кургак сүт ботколору (үй шартында ичүүчү суу менен даяр болгонго чейин калыбына келтирилүүчү) - акшактын жана (же) ундун, сүттүн жана (же) сүт продуктунун ар кандай түрлөрүнөн жана (же) сүт эмес компоненттерди кошуп же кошпостон жасалган, колдонууга даяр продуктунун кургак заттарындагы сүттүн кургак затынын 15 пайыздан кем эмес массалык үлүшү менен балдар тамак-ашы үчүн тамак-аш продукциясы;
3) эрте жаштагы балдардын тамак-ашы үчүн сүт суусундуктары - колдонууга даяр, эрте жаштагы балдардын тамактануусу үчүн чийки сүттөн жана (же) сүт эмес компоненттерди кошуп же кошпостон сүт продуктуларынан өндүрүлгөн, андан кийин жок дегенде пастеризациялоо жолу менен термикалык иштетилген жана жаш балдардын физиологиялык муктаждыктарына жооп берген сүт продукциясы;
4) белоктун жарым-жартылай гидролизаттарынын негизиндеги продукттар - балдар тамак-ашы үчүн жарым-жартылай гидролизге дуушар болгон айыл чарба жаныбарларынын сүтүнүн белокторунан өндүрүлгөн сүт продукциясы;
5) сүттүн негизиндеги балдар тамак-аш продукциясы - балдар тамак-ашы үчүн сүттү кайра иштетүү продукттарын жана (же) сүттүн курамдык бөлүктөрүн кошуп же кошпостон, ошондой эле даяр продуктунун жалпы массасынын 50 пайызынан ашпаган санда сүт эмес компоненттерди кошуп же кошпостон айыл чарба жаныбарларынын сүтүнөн өндүрүлгөн (кургак жана суюк сүт аралашмаларын, сүт суусундуктарын жана сүт ботколорун кошпогондо) тамак-аш продукциясы;
6) эрте жаштагы балдарды тамактандыруу үчүн кургак кычкыл сүт аралашмалары - эрте жаштагы балдардын тамак-ашы үчүн уютуучу микроорганизмдерди пайдалануу менен (органикалык кислоталарды колдонбостон), андан кийин кургак аралашмага тирүү уютуучу микроорганизмдерди кошуп же кошпостон, кычкыл сүт азыктарын өндүрүү технологиясына ылайык өндүрүлгөн, сүттүн активдүү кычкылдуулугунун (pH) көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө жана сүттүн белокторунун коагуляциясына алып келген сүт продукциясы;
7) эрте жаштагы балдардын тамактануусу үчүн кургак сүт суусундуктары - эрте жаштагы балдардын тамактануусу үчүн даяр продукциянын кургак заттарында сүттүн катуу заттарынын массалык үлүшү 15 пайыздан кем болбогон сүт эмес компоненттерди кошуп же кошпостон, уйдун сүтүнөн жана (же) сүт азыктарынан өндүрүлгөн сүт продукциясы;
8) ширелер (жемиш, мөмө же жашылча) - ар кандай мөмөлөрдөн, жемиштерден, жашылчалардан алынган суюк суусундук;
9) суусундуктар/чайлар, анын ичинде чөп чайлары - чөптөрдүн жана чөптөрдүн экстракттарынын негизинде даярдалган суюк суусундук.
2-тиркеме
Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу бөтөлкөлөрдү, упчуларды маркалоого ТАЛАПТАР
Ушул Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу бөтөлкөлөрдү, упчуларды маркалоого талаптар (мындан ары - Талаптар) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана белгиленген продукттарды, анын ичинде жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна туура келген бөтөлкөлөрдү, упчуларды маркалоого төмөнкүдөй кошумча талаптарды аныктайт:
1) белгиленген продукттардын, анын ичинде бөтөлкөлөрдүн, упчулардын маркаларындагы жана этикеткаларындагы маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши керек;
2) балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу бөтөлкөлөр, упчулар алардын таңгагындагы же этикеткасындагы маалыматтар ушул токтомдо жана Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу, жарнак жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келген учурда гана таратылышы мүмкүн.
Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу алып келинүүчү бөтөлкөлөрдүн, упчулардын ар бир партиясы стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш;
3) балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу бөтөлкөлөрдүн, упчулардын этикеткаларында аларды колдонуу ыкмалары менен таанышуудан тышкары, кандайдыр бир башка максаттарга арналган фотосүрөттөр, сүрөттөр же башка графикалык сүрөттөлүштөр болбошу керек. Этикеткаларда жасалма тамактандырууну идеалдаштырган сүрөттөр жана тексттер колдонулбашы керек;
4) балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу бөтөлкөлөрдү, упчуларды өндүрүүчүлөр жана таратуучулар продуктунун ар бир таңгагында мамлекеттик жана расмий тилдерде басылган, аны буюмдан оңой ажыратууга болбой турган маалыматты берүүгө милдеттүү.
Этикетка типографиялык ыкмада, бир өлчөмдөгү шрифт менен басылып, түшүнүктүү окулууга тийиш. Этикеткада жалаң гана эмчек эмизүүнүн артыкчылыгы жөнүндө көрсөтмө, аларды колдонуу боюнча нускама, туура эмес колдонулганда балдарда оорулардын пайда болуу коркунучу камтылышы керек;
5) балдарды жасалма тамактандыруу үчүн пайдаланылуучу бөтөлкөлөрдүн, упчулардын этикеткасында сактоо, иштетүү шарттары жөнүндө маалыматтар камтылууга, партиянын номери, даярдалган датасы, жарактуулук мөөнөтү, өндүрүүчүнүн жана таратуучунун аталышы, ошондой эле алардын так даректери көрсөтүлүүгө тийиш;
6) бөтөлкөлөрдүн жана упчулардын этикеткаларында, анын ичинде санариптик чөйрөдө "Көңүл буруңуз: бөтөлкөлөрдү жана упчуларды колдонуу эмчек эмизүүгө тоскоол болот" деген сөздөр менен маркалоосу болууга тийиш.
Бул билдирүү продукттун аталышындагы башка символдордун үчтөн биринен кем эмес өлчөмүндө жана бийиктиги 1,5 мм кем болбошу керек;
7) эгерде этикеткасы ушул токтомдо жана Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе, балдарды жасалма тамактандыруу үчүн колдонулуучу бөтөлкөлөрдү, упчуларды импорттоого же таратууга тыюу салынат.
3-тиркеме
Эне жана бала үчүн атайын бөлмөнү/бурчту уюштурууга ТАЛАПТАР
Бул Эне жана бала үчүн атайын бөлмөнү/бурчту уюштурууга талаптар (мындан ары - Талаптар) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесинин 5-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана эне жана бала үчүн атайын бөлмөнү/бурчту уюштурууга карата төмөнкүдөй талаптарды аныктайт. Эненин жана баланын атайын бөлмөсү/бурчу (мындан ары - бөлмө) ата-энелердин жана балдардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык талаптагыдай жабдылууга тийиш. Бөлмөнүн жеткиликтүү жерде болушу маанилүү. Бөлмө коляскалар үчүн пандусу бар биринчи кабатта болушу керек, же болбосо балдар коляскасын лифтке ыңгайлуу өтүшүн камсыз кылуу керек. Бөлмөнүн эшиги кенен болушу керек жана ага "Эне жана баланын бөлмөсү/бурчу", "Комната/уголок матери и ребенка", "Baby care room" жазуу белгиси илинип турушу керек. Балдарды дааратканада тамактандыруу гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Ушуга байланыштуу, бөлмө өзүнчө жайда болушу керек жана даараткананын бир бөлүгү болбошу керек. Бөлмө кичинекей балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болуп, бети оңой тазаланган эмеректер (кресло, отургуч/скамейка, жалаяк алмаштыруучу жээктелген стол) жана кийим илгич менен жабдылышы керек. Пол тайгак болбошу керек. Тазалыкка жооптуу кызматкерлер бөлмөнүн абалын такай текшерип, тазалап турушу керек. Жакшы жарыктандыруу, желдетүү, самын үчүн дозатору бар кол жуугуч, кагаз сүлгү диспенсери, капкагы бар таштанды үчүн себет, ысык жана муздак суу кулер (бөтөлкө менен тамактандыруу үчүн) болушу бөлмөнү жабдуудагы милдеттүү талаптардан болуп саналат. Бөлмөдө кол жуу үчүн кол жуугуч жок болсо, колду дезинфекциялоо үчүн каражат болушу керек. Бөлмөнүн температурасы ыңгайлуу болушу керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122