Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтомуна)
Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү КОНЦЕПЦИЯСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 298 токтомунун редакциясына ылайык)
Киришүү
Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын уюштуруунун максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана өнүктүрүү багыттарын чагылдырган негизги документ болуп саналат. Концепция Кыргыз Республикасынын Конституциясына (46-берене), "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, ошондой эле 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасына жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык иштелип чыккан. Азыркы учурда дүйнөлүк коомчулуктун жана ар бир өлкөнүн турмушунун экономикалык, социалдык, саясий, маданий чөйрөлөрүндө өсүп келе жаткан муундун социалдашуусун жакшыртууну талап кылган маанилүү түзүмдүк жана мазмундуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Мектеп - мамлекеттин коомдук түзүлүшүнүн фундаменталдуу негиздери, анын социалдык-экономикалык жана саясий түзүлүшү, коомдук турмуштун жана ар бир жарандын жашоосунун мүнөзү жана басымдуу багыты менен органикалык түрдө байланышкан эң ири социалдык институт. Мектеп менен коом бири-бирине өз ара таасир берет. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн мисалында көрүнүп тургандай, XXI кылымда экономикалык потенциал жаратылыш ресурстарынын болушуна же жоктугуна эмес, адам капиталын өнүктүрүү деңгээлине көз каранды. Ал биринчи кезекте сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү жана анын жеткиликтүүлүгү менен аныкталат. Бүткүл дүйнө жүзү билим берүүнүн жаңы моделин/моделдерин издөөдө. Ошол эле учурда билим берүү экономикалык тартипти индустриялаштыруу башталгандан бери концептуалдык жактан жаңыланган жок. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн жаңы түзүмүнүн калыптанышынын жана мазмунун жаңылоонун контексти болуп бир катар глобалдык тренддер саналат:
- глобалдык технологиялык өзгөрүүлөр өнөр жай, экономика жана коомдогу өзгөрүүлөрдүн тездешин шарттайт. Глобалдык рыноктордун жана башкаруу системаларынын татаалдыгынын өсүшү жана жаңы тармактарды, кластерлерди, иштин жана кооперациянын башка формаларын түзүүнүн эсебинен улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы булактарын издөө жүрүп жатат;
- эмгек рыногу динамикалуу түрдө трансформацияланууда. Өндүрүштө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө салттуу кесиптердин 70%га чейини жасалма интеллект, роботтор, автоматташтырылган логистикалык системалар ж.б. киргизилгендигине байланыштуу 2035-жылга карата алмаштырылышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө түшүнүк калыптана элек билимди жана көндүмдөрдү талап кылган жаңы кесиптер пайда болот. Бул өмүр бою билим алууну калыптандыруу зарылдыгын жаратат, анын түзүүчүсү болуп мектеп жана ошондой эле кошумча билим берүү түзүмдөрү да саналат;
- санариптик инструменттердин өнүгүшү, маалыматка жана билим берүү ресурстарына кеңири жеткиликтүүлүк жаңы муундардын социалдык-маданий, когнитивдик, психологиялык жөндөмдөрүнө таасирин тийгизет. Мектеп билим берүү монополиясын жоготуп бара жатат, анын натыйжасында коомдун билим берүү системасына болгон жаңы күтүүлөрү пайда болууда;
- билим берүү жана эмгек мобилдүүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү окуучулардын маданий жана тилдик адаптациялоо, жаңы чөйрөдө жемиштүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринде (мисалы, Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясынын (мындан ары - БЭСК) негизинде) адамдын билиминин натыйжаларын жана квалификациясын салыштырууну камсыз кылуу зарылдыгын шарттайт;
- климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү, технологиялык, финансылык жана экологиялык стандарттардын кысымы менен байланышкан адамзат үчүн маанилүү факторлорду актуалдаштыруу билим берүүдө жаңы жүрүм-турум стратегияларын чагылдырууну талап кылат.
Ушундай шарттарда жалпы билим берүү уюмун жаңылоо орто жалпы билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн зарыл болот, бул 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын улуттук өнүктүрүү стратегиясында: "Дүйнөдөгү жана региондогу татаал жана тез өзгөрүп турган экономикалык жана геосаясий кырдаал, коомдук жашоонун негизги чөйрөлөрүн жана глобалдуу экономиканын секторлорун камтыган санариптик трансформация, Жердин экосистемасына адамзаттын таасир тийгизүүсүнүн өсүшү, анын айынан глобалдык климаттын жана демографиянын өзгөрүүсү өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы моделин түзүүнү талап кылат" деп белгиленген. Бул моделдин маанилүү бөлүгү болуп сапаттуу билим берүү саналат, ал гармониялуу инсанды тарбиялоону, ар бир адамдын потенциалын ачууну, практикада колдонула турган билимди жана компетенттүүлүктү калыптандырууну камсыз кылышы керек.
1-глава. 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн негиздери, максаттары жана милдеттери
Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнү шарттаган негизги себептердин катарында төмөнкүлөр бар:
- өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шарттарында бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмдөрүнүн ачылышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын түзүмдүк кайра түзүү жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоо зарылчылыгы;
- компетенттүүлүк мамиле методологиясынын негизинде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу;
- билим берүүнүн деңгээлдеринин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
- окуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу үчүн, анын ичинде профилдик окутуу аркылуу жеке билим берүү траекториясын (окутууну дифференциациялоо) түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле кесиптик (кесипке чейинки) көндүмдөргө ээ болуу үчүн кесиптик билим берүү уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
- билим берүү жаатында мамлекеттик жана коомдук институттардын социалдык өнөктөштүк системасын калыптандыруу зарылдыгы, билим берүүнүн экосистемасын түзүү, бул мамлекеттин, коомдун жана билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун ортосунда билим берүү үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүүнүн жаңы системасын издөөнү шарттайт;
- мектептик билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн мобилдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо зарылдыгы;
- алты жаштагы балдарды мектепке чейинки даярдоо менен жалпы камтуу жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
Реформанын максаттары болуп: эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук билим берүү системасын түзүү; улуттун социалдык-маданий мурасынын сакталышын жана өнүгүшүн камсыз кылган, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берген сапаттуу билим берүүгө коомдун керектөөлөрүн канааттандыруу саналат. Билим берүүнү реформалоонун милдеттери:
- билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин жаңы билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, анын ичинде ийгиликтүү эл аралык практикалардын тажрыйбасына негизделген окуу пландарын жана программаларын киргизүү жана адаптациялоо. Коомдун жана мамлекеттин социалдык-маданий муктаждыктарына негизделген улуттук компонентти иштеп чыгуу жана киргизүү;
- кошумча кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде 12 жылдык билим берүүнү киргизүүгө ылайык педагогикалык кызматкерлерди окутуу жана кайра даярдоо;
- мектептик билим берүүнүн деңгээлдеринин түзүмүн өзгөртүүнү жана анын мазмунун жаңылоону эске алуу менен билим берүү уюмдарын инфраструктуралык өзгөртүү жана материалдык-техникалык жабдуу;
- билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында 12 жылдык билим берүүдө окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгуу жана жаңылоо;
- 12 жылдык билим берүүнү киргизүүнү маалыматтык жактан коштоо. Окуучуларга, ата-энелерге жана педагогдорго жаңы билим берүү системасына ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам бере турган маалыматтык ресурстардын кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
2-глава. Учурдагы абалды талдоо
Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү менен камтуу. Азыркы учурда Кыргызстанда орто жалпы билим берүү менен тиешелүү курактагы балдарды камтуу 93,5%ды түзөт. 2023/2024-окуу жылынын башталышына карата 1-класстан 11-класска чейин (даярдоо класстарын кошкондо) 1,491 млн. окуучу 2377 мектепте (алардын ичинен: мамлекеттик - 2173, менчик - 204 мектеп) окуган, бул 2022/2023-окуу жылына караганда 43 миң балага көп. Пландаштырылган 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү окуучулардын санынын уланып жаткан жана байкалган өсүшү менен шайкеш келүүдө - 2020-жылдагы 1,35 млн. окуучудан 2029-жылга карата 1,67 млн. окуучуга чейин. Бала бакчаларга 233,9 миң бала барат, бул 28,3% түзөт. 2023/2024-окуу жылынын башталышына карата 86,6 миң бала мектепке чейинки даярдоо менен камтылган (72,9 миң - жалпы билим берүү уюмдарында жана 13,6 миң - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында) (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары), бул процесске 35,6 миң бала тартылган эмес. Алты жаштагы балдарды "Наристе" программасы менен толук камтууну камсыз кылуу үчүн 61293 бала үчүн 2452 класстарды ачуу жана педагогдорго жумасына 15 сааттык окуу жүктөмүн кошуу зарыл. Кошумча класстардын педагогдоруна эмгек акы төлөө үчүн жылына 731,7 млн. сом керек. Кадрлар менен камсыз болуу. Балдардын санынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу 2020-жылдан 2024-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү системасында 8301ден 10426га чейин жана мектептик билим берүү системасында 82055тен 93531ге чейин педагогдордун саны өсүүдө. 2022-жылы педагогдун социалдык статусун жогорулатуу боюнча көрүлгөн аракеттер педагогдордун жетишсиздигин 3 эсеге кыскартууга мүмкүнчүлүк берди жана 2023/2024-окуу жылынын башына карата 720 адамды түздү. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө башталгыч жалпы билим берүү системасына гана бир учурда кошумча 3,8 миң педагог талап кылынат жана ал жыл сайын дагы 300гө жакын адамга көбөйүп турат. Кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу. Мектептердин 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында жаңыланган стандарттарга жана программаларга даярдыгын камсыз кылуу үчүн 2025-жылдын январынан тартып 2027-жылдын августуна чейин 83 миң педагогдун жана 7,3 миң директордун жана директорлордун орун басарларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоону уюштуруу зарыл. Болжолдуу чыгымдар 414,6 млн. сом өлчөмүндө аныкталган. Педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу бир катар олуттуу маселелерди жаратууда. Мектеп директорлорунун пикири көрсөткөндөй, жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) көптөгөн бүтүрүүчүлөрү билим берүү кызматкерлерине карата коюлган талаптарга жооп бербейт. Жаңы талаптарга ылайык педагогдорду даярдоо жана кайра даярдоо программаларын кайра карап чыгуу жана педагогикалык багытта даярдоону ишке ашырган жогорку окуу жайларынын кафедраларынын кызматкерлерин окутуу талап кылынат. Инфраструктура. 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүдө өзгөчө ири шаарларда инфраструктура боюнча бир катар маселелер жаралат. Даярдоо жылында эле билим берүү системасына кошумча 35-40 миңге чейин бала келет, андан ары жыл сайын окуучулардын санынын өсүшү 10 миң адамга жетиши мүмкүн. Алты жаштагы балдарды 100% камтуу үчүн долбоордук кубаттуулугу 500 окуучулук орун болгон кошумча 168 мектеп, башталгыч класстарда ысык тамак берүү маселелерин чечүү талап кылынат. Мектептердин ашыкча толуп кетүү коркунучу бар, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой толуп кетип, 2-3 нөөмөт менен иштеп жаткан райондук борборлордогу мектептерде. Учурда мектептер ар бир облус жана район боюнча 3 жылдык демографиялык божомолдорду эске алуу менен картага түшүрүлүүдө. Жаңы мектептерди/мектептерге кошумча курулмаларды куруу планы каржылоо булактарын көрсөтүү менен алынган маалыматтардын негизинде иштелип чыккандыгына байланыштуу бул планды аткаруу 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет. 1-класстарды жабдуу үчүн 6800 класс-комплект эмерек жана 5568 жогорку класстар үчүн окуу жабдуулары менен камсыз кылуу талап кылынат. Санариптик инфраструктура. 2023/2024-окуу жылында мектептерди Интернет түйүнү менен камсыздоо 95,5% түздү (2269 мектеп Интернетке кошулду, анын ичинен 2085 мамлекеттик мектеп; 2024-жылы дагы 189 мамлекеттик мектеп кошулат). 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 100% мектептердин сабак өтүү ишинде колдонуу үчүн жетишерлик туруктуу жогорку ылдамдыктагы Интернет менен камсыз кылуу, мектептерди лабораториялар, анын ичинде виртуалдык, жана педагогго мамлекеттик билим берүү стандартында талап кылынган билим берүү натыйжаларына жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү башка дидактикалык каражаттар менен камсыздоо зарыл. 2017-2019-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - АӨБ) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту сервердик система, компьютердик класстар, электрондук билим берүү ресурстары, синхрондуу (бир эле учурда 10 миң угуучуну камтуу менен) жана асинхрондуу формада онлайн-окутуу үчүн санариптик окутуу платформасы, табигый-илимий жана математикалык предметтер боюнча педагогдор үчүн лабораториялык жабдуулар менен жабдылган. 2022-2023-жылдары Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында жогорку технологиялык жабдуулардын жана программалык камсыздоонун жардамы менен кесипкөй деңгээлдеги видеоконтентти (видеосабактарды) түзүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап видеостудия уюштурулган. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 2022/2023-окуу жылында 1200 мектепте жана 8 педагогикалык колледждерде атайын компьютердик класстар түзүлгөн. Мектептерге эмерек менен жабдылган 25 миң компьютер, сканерлер, принтерлер, көчүрүүчү модулдар берилген, мультимедиялык класстар жабдылган. Мектептерге компьютердик техниканын жеткирилишин эске алуу менен заманбап системалык талаптарга жооп берген 1 компьютерге туура келген окуучулардын саны 12/1 деңгээлине жеткирилген (2020-жылга салыштырмалуу - 27/1). Дүйнөлүк банктын колдоосу менен педагогдордун квалификациясын жогорулатуу үчүн видеоматериалдарды онлайн-режиминде эркин пайдалануу мүмкүндүгүн берген санариптик билим берүү платформасы иштелип чыгууда. Окутууда маалыматтык технологияларды колдонуу үчүн шарттар түзүлүүдө, электрондук китепкана өнүгүүдө жана окутуучу материалдар биринчи кезекте мамлекеттик тилде түзүлүүдө. Санариптик билим берүү ресурстарынын репозиторийи болуп эсептелген "Ар бир мугалим үчүн жеке ноутбук "Санарип кампа" долбоордук программасы иштелип чыгууда, бул педагогго санариптик чөйрөдө иштөөгө мүмкүндүк берет. Окуу материалдары менен камсыз кылуу. 2019-2023-жылдар аралыгында жалпы суммасы 378,6 млн. сомго 2 млн. 75 миң окуу китеби басып чыгарылган. 2023-жылы окуу-методикалык комплекстерди даярдоого жана сатып алууга республикалык бюджеттен 152 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинен 5 млн. сом мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайл шрифти менен окуу китептерин басып чыгарууга багытталган. 2024-жылы Кыргызстандын мектептери үчүн SТЕМ-билим берүүнүн негизинде мамлекеттик жана расмий тилдерге котормосу менен табигый-илимий циклдин предметтери үчүн Кембридж стандарттары боюнча даярдалган окуу китептерин (Маршалл Кавендиш басма үйү) адаптациялоо иши башталды. 12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн 8,7 млрд. сомго 17,4 млн. окуу китебин (1 окуучуга 12 окуу китеби) 100% алмаштыруу керек. Окуу китептерин, эксперттик, ата-энелер жана педагогикалык коомчулугунун пикирлерин талдоо алардын мазмунунун мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына шайкеш келбегендигин, компетенттүүлүк мамилеге ылайык келбегендигин көрсөтүп турат, билим берүү максаттарын билүү менен коюу көпчүлүк учурда үстөмдүк кылат, операциялык максаттардын жоктугу, окуу китептеринде жана жумушчу дептерлерде компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар системасынын жоктугу, окуу китептеринин тексттери теориялаштырылган, ашыкча академиялык мүнөздө, илимий мүнөзү басымдуулук кылат, татаал синтаксис, билимдин негизинде милдеттердин конструктору, практикага багытталган тапшырмалар минималдаштырылган жана критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү калыптандырууга, ошондой эле турмуштук кырдаалдык маселелерди чечүүгө багытталган эмес. Лабораториялык иштер көйгөйлүү маселелерди чечүү жана өз алдынча изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылбастан, эмнени жана кантип аткаруу керек экенин белгилөө менен алдын ала алгоритмдештирилген. Сүрөттөр/иллюстрациялар көбүрөөк даражада констатациялоочу-демонстрациялоочу функцияны аткарат, б.а. бул айрым түшүнүктөрдүн мазмунунун проекциясы. Илимпоздордун сүрөттөрү, алардын кыска өмүр баяны, туулган жана өлгөн даталары, суроолору илимпоздордун өлгөн күнүн (жылын) аныктоого багытталган тесттер менен ашыкча толтурулган. Бирок, дүйнөдөгү эң мыкты он билим берүү системасынын курамына кирген ийгиликтүү билим берүү системаларынын окуу китептери стандарттарда белгиленген керектөөлөргө, педагогдордун жана окуучулардын керектөөлөрүнө шайкештигин көрсөтөт, аларда дисциплиналар аралык байланыштар, реалдуу турмуштук кырдаалдарды моделдөөчү контенти, окуу процессине стимул жана түрткү берүүчү контенти бар. Билим берүүнүн сапаты. 2021-жылы Окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин улуттук баалоонун (мындан ары - ОБЖУБ) 4 жана 8-класстарда жүргүзүлгөн изилдөөсү окуучулардын олуттуу бөлүгү мектептин башталгыч да, негизги да деңгээлдеринде окутуунун натыйжасы боюнча окуу жана түшүнүү, математика жана табигый-илимий сабаттуулук боюнча мурдагыдай эле төмөн көрсөткүчтөргө ээ экендигин көрсөттү. ОБЖУБдун 2017-жылдагы өлчөөлөрүнө салыштырмалуу башталгыч класстарда "Мекен таануу" (азыркы учурда "Мен жана дүйнө") интеграцияланган предмети аркылуу калыптануучу табигый-илимий сабаттуулук, 8-класстарда окуу, түшүнүү жана математикалык сабаттуулук боюнча оң динамика белгиленүүдө. 4-класстарда окуу жана түшүнүү боюнча натыйжалардын дээрлик жарымы (49,2%) жана математика боюнча 60%дан ашыгы минималдуу алгылыктуудан (базалык) төмөн деңгээлде калууда; "Мекен таануу" боюнча 60%га жакын окуучу базалык жана андан жогору деңгээлдеги натыйжаларды көрсөткөн. 8-класстарда окуучулардын 61%ы окуу жана түшүнүү боюнча базалык жана андан жогору деңгээлде жетишкендиктерди көрсөттү; окуучулардын дээрлик 53%ы математика боюнча базалык деңгээлге жетпейт; окуучулардын үчтөн экиси табигый-илимий сабаттуулук боюнча базалык деңгээлге жетпейт. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (мындан ары - ЖРТ) натыйжалары да кооптондурат, ал ЖОЖдо окууга кыйла жөндөмдүү жана мотивацияланган мектеп бүтүрүүчүлөрүн тандоонун инструменти болуп саналат. 2022 жана 2023-жылдардагы ЖРТнын орточо баллы жөнүндө маалыматтарды талдоо орточо 31% абитуриент негизги тест боюнча босоголук баллдан (110 балл) төмөн жыйынтык көрсөткөн. Өлкөнүн 4 облусунда (Баткен, Чүй, Жалал-Абад жана Ош) 40-50% мектептин бүтүрүүчүлөрү босоголук баллдан төмөн балл алган. Акыркы 3 жылда ЖРТнын төмөн жыйынтыктары 50%дан ашкан райондордун саны өстү (9дан 15ке чейин). Бир нече жыл ичиндеги предметтик тестирлөөнүн жыйынтыктарын талдоо табигый-математикалык багыттагы предметтер: математика, физика, химия жана биология боюнча кыйла төмөн жыйынтыктар белгиленгендигин көрсөтөт. Башкаруу. Билим берүүнү башкаруу системасын жаңылоо 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат. Билим берүүнү башкаруу системасындагы негизги көйгөйлөр болуп башкаруу түзүмдөрүнүн өздөрүнүн балансталбагандыгы; борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде алардын ишине функциялык талдоонун жоктугу; өнүктүрүү пландарын түзүүдө жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда региондук керектөөлөрдү начар эсепке алуу; санариптик башкаруунун жетишсиз деңгээли; Мамлекеттик билим берүү стандартында баяндалган 3-деңгээлдеги проекцияда (репродуктивдик, өнүмдүүлүк, креативдүүлүк) жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын жетишкендиктерине (негизги компетенцияларына) мониторинг жүргүзүү процесстеринин жана динамикасынын жоктугу; мектептик билим берүүнүн предметтик стандарттарында көрсөтүлгөн билим берүү натыйжаларына жетишүүнүн жана калыптануусунун деңгээлин аныктоо үчүн үзгүлтүксүз текшерүүлөрдүн жоктугу. Кырдаалды жакшыртуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун маанилүү багыттарын ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында 2024-жылы "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлгөн, ал окуу-методикалык комплекстердин (мындан ары - ОМК) логистикасын жетектөө, адаптациялоо, түзүү жана басып чыгарылышын долбоорлоо менен байланышкан маселелердин бүткүл комплексине жооп берет. Ошентип абалды талдоо 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында билим берүү системасын түзүмдүк жана мазмундук жактан кайра түзүү зарылдыгын көрсөтүп турат, анын негизги аспекттери төмөнкүлөр болот:
- жаңы билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, дүйнөлүк эл аралык практикага жана функционалдык сабаттуулукту (окуу, математикалык жана табигый-илимий, санариптик, финансылык жана салыктык сабаттуулукту), XXI кылымдын көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасоо менен окуучулардын жетишкендиктерин мониторингдик изилдөөлөрдүн маалыматтарын талдоого негизделген окуу пландарын жана программаларын киргизүү жана адаптациялоо;
- жаңы ОМКларды киргизүү;
- билим берүү стандарттарынын жаңы суроо-талаптарына, мамлекеттин жана коомдун талаптарына ылайык келген педагогикалык кызматкерлерди окутуу жана кайра даярдоо;
- 12 жылдык мектептик билим берүүгө натыйжалуу өтүү үчүн тиешелүү билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу максатында билим берүү уюмдарын инфраструктуралык өзгөртүү жана материалдык-техникалык жабдуу.
3-глава. Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүнүн модели
Эл аралык тажрыйбаны талдоо 12 жылдык мектептик билим берүүнүн модели жана ар кайсы өлкөлөрдөгү мектептик билим берүүнүн ар бир деңгээлинде окутуунун узактыгы төмөнкү суроолордун жооптору менен аныкталарын көрсөттү:
- мектептик билим берүүнүн кайсы звеносунда биринчи кезекте окутуунун сапатын камсыз кылуу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү зарыл;
- билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринин (мектепке чейинки, мектептик, кесиптик) ортосунда окутуунун мазмунунун жана натыйжаларынын улантуучулугун кантип камсыз кылуу керек;
- система үчүн жаңы милдеттердин интеграциясын кантип жакшыраак камсыз кылуу/колдоо керек (окуучуларда универсалдуу, негизги жана социалдык компетенцияларды өнүктүрүү, базалык предметтик концепцияларды түшүнүүнү камсыз кылуу ж.б.);
- окуучуларга билим берүүдө профилдештирүү жана кесиптик (чейинки) өнүктүрүү стратегиясы кандай.
Азыркы учурда Кыргызстанда 4+5+2 түзүмдүк модели ишке ашырылууда, анда башталгыч мектепте окутуунун узактыгы 4 жылды, негизги жалпы билим берүү деңгээлинде - 5 жылды түзөт жана 2 жыл орто жалпы билим берүүнү аяктоого бөлүнөт. Билим берүүдө жакшы натыйжаларга жеткен өлкөлөрдөгү билим берүүнүн түзүмүн талдоо 6 жылдык башталгыч мектепке негизделген модель кыйла жайылтылган модель болуп саналарын көрсөттү. PISA-2022 жыйынтыгы боюнча алдынкы 30га дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы өлкөлөр кирет (Түштүк-Чыгыш Азия; Борбордук, Түндүк жана Чыгыш Европа; Түндүк Америка), аларда башталгыч жалпы билим берүүнүн узактыгы 6 жылды түзөт, бул окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана негизги окуу көндүмдөрүн мыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул өлкөлөрдө окутуунун башталышы беш жаштан жети жашка чейин жана мектепке чейинки билим берүүнүн түзүмү жана өнүгүү деңгээли менен байланышкан. Эл аралык практикада негизги жана орто деңгээлдердин узактыгынын катышы ар кандай варианттарда ишке ашырылат: 4+2, 5+1, 3+3 жана кээде жалпысынан 6 эмес, андан көп жылды түзөт. Бул коомдун демографиялык мүнөздөмөлөрүнө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээлине, билим берүүнүн белгилүү бир рынокторуна багыт алуу менен, ошондой эле башталгыч, орто же жогорку кесиптик билими бар окуучулардын жана студенттердин эмгек рыногуна чыгуусунун күтүлгөн ылдамдыгы менен мектепте профилдик/кесиптик (чейинки) билим берүү агымдарын калыптандыруу качан башталгандыгына байланышкан. Кыргызстан үчүн кыйла актуалдуу катары 12 жылдык мектептин (6+3+3)1 моделин кароо сунушталууда, анда кошумча жыл окутуунун башталгыч деңгээлине киргизилет жана мектептик билим берүү системасына алты жаштагы балдар тартылат. Мындай тандоо биринчи кезекте социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана андан ары билим алуу, ошондой эле ар кандай мектепке чейинки даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн негиз катары башталгыч жалпы билим берүүнүн сапатын олуттуу жогорулатуу зарылдыгы менен аныкталат. Мындай ыкма мектепке чейинки курактагы балдардын 75%га жакынын камтыган "Наристе" мектепке даярдоо программасын трансформациялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат, бул 1-класста окутуу этабында балдардын билим деңгээлин теңдөө көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле мектепке балдарды алты жаштан баштап кабыл алуу бала бакчаларга жүктөмдү азайтат жана 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен көбүрөөк камтууну камсыз кылып, бул эрте жашта алардын когнитивдик, социалдык жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сунушталган 12 жылдык моделде Кыргыз Республикасы үчүн негизги жана орто деңгээлдерде окутуунун узактыгынын 3 жылдан (3+3) болушу билим берүүдөгү профилдештирүү жогорку деңгээлде пландалганы менен шартталган. Жогорку мектепте окутуунун узактыгы 3 жылдын ичинде төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- окуучуларга ашыкча жүк келтирбестен, аларга профилдик даярдык алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө жана ЖОЖдо окууга мотивацияны калыптандырууга;
- мектепте окутулуп жаткан жалпы билим берүү предметтеринин кайталанышын болтурбоо менен жогорку кесиптик билим берүү деңгээлинде бакалавриатта (бакалаврларды даярдоо багыттары боюнча: педагогикалык билим берүү, гуманитардык, социалдык илимдер) окуу мезгилин 1 жылга кыскартууга.
9-класстан кийин башталгыч жана орто кесиптик билим берүү түзүмүнө өтүүнү пландаштырган окуучулар 8-9-класстарда профилге чейинки даярдыктан өтөт, ошондой эле (каалоосу боюнча) орто жалпы билим берүү деңгээлинде (9-11-класстар) кошумча кесиптик билим берүүнүн кыска мөөнөттүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 6+3+3 модели боюнча 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө ушул Концепциянын тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн бардык деңгээлдеринде колдонуудагы системаны өзгөртүү болжолдонууда. Модель төмөнкү деңгээлдерге бөлүүнү болжолдойт:
- башталгыч жалпы билим берүү - 1-6-класстар (6-11 жаш);
- негизги жалпы билим берүү - 7-9-класстар (12-14 жаш);
- орто жалпы билим берүү - 10-12-класстар (15-17 жаш).
Башталгыч жалпы билим берүү (1-6-класстар). Бул моделде башталгыч мектеп эки этапка бөлүнөт: 4+2 жыл. Бул мезгилде андан ары окутуу үчүн пайдубал түптөлүп, баланын инсандыгын өнүктүрүүгө, функционалдык сабаттуулугун, коммуникация көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасалат. Балдарда окуу, жазуу, математиканын негиздери, ошондой эле социалдык жана коммуникациялык көндүмдөр сыяктуу негизги билгичтиктер жана көндүмдөр калыптанат. Бул деңгээлдин узактыгы (6 жыл) негизги жалпы билим берүү деңгээлине өтүүнү олуттуу жеңилдетет. 1-4-класстар үчүн стандарттар балдарды социалдык мамилелерге көбүрөөк тартуу багытында кайра каралууга, жумшак (социалдык/негизги) көндүмдөрдү калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Функционалдык сабаттуулукту (эсептөө, окуу, жазуу) калыптандыруу өнүктүрүүнүн жана окутуунун заманбап методикаларын колдонуу аркылуу ишке ашырылышы зарыл. 1-2-класстарда окутуу негизинен окутуу-оюн иш-аракеттери аркылуу жүргүзүлөт. 3-4-класстарда билим берүүнүн мазмуну кыйла академиялык болот. Мында окутуунун методикалары/технологиялары окуучуларды активдүү/интерактивдүү окутууну камсыз кылууга тийиш. 5-6-класстарда окуучулар кыйла өз алдынча болуп, өздөштүрүлүп жаткан материалдын олуттуу көлөмүн кабыл алууга даяр болуп калат. Окуучуларды 1-класстан баштап окуткан педагогдун класс менен иштөөсү улануу менен предметтик педагогдорду тартуу аркылуу предметтик окутуу башталат. Педагог кайсы сабактарды окутууну уланта тургандыгы - аны менен мектептин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. Окуучулар үчүн тарых жана табият таануу боюнча пропедевтикалык курс сыяктуу предметтер кошулат. Заманбап маалыматтык технологияларды билүүнүн өтө маанилүүлүгүн эске алуу менен мектептик билим берүүнүн 1-деңгээли үчүн окуу планына маалыматтык сабаттуулук жана маалыматтык гигиена сабагын киргизүү максатка ылайыктуу. Окуу жана математика, практикалык маселелерди чечүү үчүн санариптик чөйрөдө иштөө, коммуникация жана кызматташуу, коопсуз жашоо-тиричилик боюнча функционалдык көндүмдөрдү интеграциялоо жана иштеп чыгуу үчүн "Мен жана дүйнө" курсу боюнча окуу программасынын бир бөлүгү катары долбоорлоо-изилдөө иши киргизилет. Окуу планы эки түрдө иштелип чыгышы мүмкүн: предметтер боюнча же билим берүү жааттары боюнча бөлүнгөн, мында педагог предметтик стандарттарда жазылган предметтер боюнча билим берүү натыйжаларына жетишүү үчүн зарыл болгон сааттарды өз алдынча деңгээлдин чегинде бөлүштүрөт. Алсак эстетикалык циклдин предметтери интеграцияланган предметке бириктирилиши мүмкүн, ал өзүнө эстетикалык көндүмдөрдү, музыкалык сабаттуулукту, ырдоону, көркөм көндүмдөрдү, жабыштырып жасоону, элдик чыгармачылыкты, моделдөөнү ж.б., ошондой эле креативдүү көндүмдөрдү, анын ичинде компьютердик технологияларды колдонуу менен өнүктүрүүнү камтыйт. Башталгыч мектепте окутуунун натыйжасы окуучулардын негизги мектепте окууну улантуу үчүн жетиштүү болгон деңгээлде окууда жана түшүнүүдө, жазууда, эсептөөдө функционалдык сабаттуулугун/компетенттүүлүгүн өнүктүрүү деңгээлинде, ошондой эле окуучулардын жаш курагына-психологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык социалдык-эмоционалдык деңгээлде болууга тийиш. Баалоо. 1-2-класстарда баасыз система колдонулат - жетишкендиктерди баалоо педагогго окутуунун оптималдуу методикасын тандоого мүмкүндүк берүүчү сапаттык мүнөздөмөлөр түрүндө ишке ашырылат. Баа шкаласын колдонуу менен баалоо 3-класстан башталат. 3-6-класстарда академиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүүгө, аларды көз карандысыз баалоо изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен салыштырууга, ошондой эле билим берүүнүн кийинки деңгээлинде окууга даярдыгынын деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү баллдык система киргизилет. Башталгыч жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин башталгыч мектептин бүтүрүүчүлөрүн тестирлөө жүргүзүлөт, ал окуучунун жеке жетишкендиктерин, ошондой эле бүтүндөй башталгыч мектептин ишинин сапатын баалоого мүмкүндүк берет. Тестирлөөнү уюштурууга жана анын мазмунуна карата принциптер жана мамилелер Баалоо концепциясында бекитилет. Негизги жалпы билим берүү (7-9-класстар). Бул деңгээлде окутуунун узактыгы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы билим берүү системасына (5 жыл) салыштырмалуу кыйла аз (3 жыл). Негизги мектептин мазмуну билим берүүнүн узактыгынын олуттуу кыскарышын жана окутуунун багытын тандоону эске алуу менен түзүлөт. Билим берүүнүн мазмуну окуучуларда функционалдык сабаттуулукту жана маданий-баалуулук багыттарды калыптандырууга, окуу-таанып-билүү иш-аракеттеринде заманбап компетенцияларды өнүктүрүүгө жана өз алдынча окууга умтулууга багытталган. Табигый-илимий, технологиялык, инженердик жана математикалык билим берүүгө, ошондой эле Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга басым жасоо менен тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулат. Окуучулар санариптик билим берүү ресурстарын, окутуучу онлайн-платформаларды өздөштүрөт, чыгармачылык жөндөмдөрү долбоорлоо-изилдөө иштери аркылуу өнүгөт. Педагогдор окутуунун интерактивдүү методдорун колдонот. Окуучулардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутууда дифференцияланган ыкмага көбүрөөк көңүл бурулат. Билим берүүнүн бул деңгээлинде айрым предметтер (математика, физика, тилдер) ар түрдүү класстардын окуучуларынын агымы түрүндө деңгээлдик негизде (негизги жана алдынкы курстар) ишке ашырылышы мүмкүн. Кыйла төмөн деңгээлдеги жылдык программаны ийгиликтүү аяктаган учурда окуучу кийинки жылы кыйла жогорку деңгээлдеги программага өтө алат. 9-класста тандоо боюнча курстар профилге чейинки багыттын негизи катары киргизилет, алар кыска мөөнөттүү/модулдук жана кезектешүүчү мүнөзгө ээ, бул окуучуларга жогорку мектепте окутуунун багытын тандоого мүмкүндүк берет. Окуунун аягында окуучулар аларга андан аркы билим берүү траекториясы жөнүндө чечим кабыл алууга жардам берүүчү кесипке багыт берүүчү тесттерди аткара алат. Негизги мектепте окутуунун натыйжасы Мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарда пландаштырылган, окуучуларда окуу, математикалык, табигый-илимий сабаттуулукту, жарандык компетенттүүлүктү жана башка бир катар негизги компетенцияларды калыптандырууну камсыз кылган билим берүүнүн натыйжаларына жетүү болууга тийиш. Баалоо. Окуу аяктагандан кийин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлөт, анын форматы жана мазмуну негизги жалпы билим берүү деңгээлинин кайра каралган милдеттери менен билим берүүнүн жаңы миссиясына ылайык келүүгө тийиш. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны уюштурууга жана анын мазмунуна карата принциптер жана мамилелер Баалоо концепциясында бекитилет. Орто жалпы билим берүү (10-12-класстар). Орто жалпы билим берүүнүн деңгээлинде окутуу мектептик билим берүүнүн жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелет жана 10-12-класстарда ишке ашырылат (1 жылга көбөйөт), бул тереңдетилген профилдик жана зарыл болгон учурда кесиптик (чейинки) билим алууга мүмкүндүк берет. Окуучулар өздөрүнүн керектөөлөрүнө, кызыкчылыктарына жана ниеттерине ылайык окуу үчүн багыттардын бирин тандайт: биргелешкен долбоорлор жана тандоо боюнча элективдүү предметтер түрүндө практикалык колдоо менен профилдик предметтерди тереңдетип окуу үчүн табигый-математикалык, социалдык-гуманитардык, технологиялык, көркөм-эстетикалык ж.б. (Профилдик билим берүү концепциясында). Профилдер мектептин мүмкүнчүлүктөрүнө (профилдик предметтерди окутууга жөндөмдүү педагогдордун болушу, мектептин жабдылышы ж.б.), регионду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына жана башка факторлорго жараша ата-энелер жана окуучулар менен макулдашуу боюнча мектеп тарабынан аныкталат. Орто мектептин окуу планы окуучулардын жалпы өнүгүүсүнө багытталган милдеттүү предметтердин топтомун (математика, эне тили жана экинчи тил ж.б.), ошондой эле профилдик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) предметтерди камтыйт. Тандалган профилге/профилдерге жараша мектеп белгилүү бир билим берүү жааттарынын предметтери артыкчылыктуу болуп саналган окуу планын тандай алат. Профилдик окутуу бар мектеп окуучуларга базалык (стандарттык) деңгээлде профилдик эмес предметтерди окууну, профилдик предметтерди жана окуучулардын жалпы өнүгүүсүнө багытталган тандоо боюнча (элективдик) предметтерди тереңдетип окууну камсыз кылууга милдеттүү. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн баштапкы этабында мектептер окуучуларга жалпы академиялык билимди жана компетенттүүлүктү берүү менен профилдерсиз окутууну сактап кала алат. Профилдик билим жана/же кесиптик (чейинки) көндүмдөрдү алуу менен билим алууну улантуу мектептин эки тараптуу келишимдердин негизинде башталгыч кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдары менен тармактык өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну талап кылат. Мындай өнөктөштүктү камсыз кылуунун маанилүү милдеттеринин бири болуп бюджеттик каржылоонун минималдуу стандартынын каражаттарын бөлүштүрүү жана окуучуларды кесиптик (чейинки) окутууну жабуучу стандарттын бөлүгүн аныктоо саналат. Ошондой эле кесиптик (чейинки) окутуунун аягында окуучулар ала турган мамлекеттик үлгүдөгү документтин тибин аныктоо зарыл. Бул этап үчүн жаңы максаттарга ылайык орто мектепте билим берүүнүн мазмуну олуттуу түрдө өзгөртүлөт. Билим берүү процесси инновациялык технологияларды жана методикаларды, анын ичинде долбоордук ишти, кейс-методдорду, окутуунун интерактивдүү формаларын колдонуу, жасалма интеллект, санариптик платформалар менен иштөө ж.б. аркылуу түзүлөт. Критикалык ой жүгүртүү, коммуникация жана кооперация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, креативдүү мамилеге, окуучулардын өз алдынча иштерин жана изилдөө долбоорлорун уюштурууга олуттуу көңүл бурулат. Профилдик окутуу ЖОЖдор жана кесиптик уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү божомолдойт. Бул модель мектепте окутулуучу кайталанган жалпы билим берүү предметтерин алып салуу менен кесиптик билим берүү деңгээлинде бакалавриатта окуу мезгилин (зарыл болсо) 1 жылга кыскартууга мүмкүндүк берет. Баалоо. 12-класстын аягында жыйынтыктоочу баалоо (экзамендер) жүргүзүлөт, анын форматы жана мазмуну профилдештирүүнүн багыттарын эске алуу менен иштелип чыгууга жана апробацияланууга тийиш. Республиканын ЖОЖдоруна тапшырууну пландаган окуучулар ЖРТ тапшырат. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны уюштурууга жана анын мазмунуна карата принциптер жана мамилелер Баалоо концепциясында белгиленет.
4-глава. 12 жылдык мектепте окутуудан күтүлүүчү натыйжалар
4.1. Күтүлүүчү натыйжалар
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- бирдей мүмкүнчүлүктөр жана андан ары билим алуу үчүн бардык алты жаштагы балдардын социалдашууга жана өнүгүүгө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
- жарандуулукка, мекенчилдикке (Кыргыз жараны), адамдын укуктарын жана эркиндигин урматтоого, өзүнүн жана коомдун алдындагы жоопкерчиликке тарбиялоо;
- өзүнүн жана башка элдердин каада-салтын жана маданиятын сыйлаган, дене-бою чың, руханий жактан бай, адептүү, сабырдуу, билимдүү инсанды тарбиялоого өбөлгө түзүүчү мектептик жашоонун жаңы тартибин калыптандыруу;
- бирдиктүү илимий дүйнө таанымды, экологиялык маданиятты калыптандыруу; ачык маалыматтык-билим берүү мейкиндигине кирүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү;
- функционалдык сабаттуулукту, 21-кылымдын көндүмдөрүн калыптандыруу;
- окуучулардын өзүнүн инсандык жөндөмдөрүн ачуусуна өбөлгө түзүүчү таанып-билүүчүлүк кызыкчылыктарын, чыгармачылык жөндөмдөрүн, жалпы окуу билимдерин, өз алдынча билим алуу жөндөмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүү;
- билим берүүнүн деңгээлдеринин ортосунда, анын ичинде профилдик жана кесиптик (чейинки) өнүгүүнүн жеке траекториясын түзүү үчүн тыгыз байланыштарды түзүү.
12 жылдык окутууга өтүү боюнча коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык окутуунун натыйжасы төмөнкүлөр болууга тийиш:
- окуучулардын окуу предметтери боюнча фундаменталдык билимдерин, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрүн, бүтүрүүчүлөрдүн коомдун жана мамлекеттин экономикалык, социалдык, жарандык турмушуна кирүүсүн камсыз кылуучу ийкемдүү көндүмдөрүн калыптандыруу;
- критикалык ой жүгүртүүнү, маалыматты талдоо жана синтездөө жөндөмүн, көйгөй үстүндө ой жүгүртүүнү жана маселелерди чечүүнү өнүктүрүү;
- чыгармачылыкты, анын ичинде өмүр бою билим алуу, стартаптарды түзүү ж.б.у.с. гана эмес, билгенин унутуу жана кайра үйрөнүү жөндөмдүүлүгү үчүн шарт катары өнүктүрүү;
- санариптик гигиенанын ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен, атап айтканда, билим берүү жана турмуштук маселелерди чечүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана жасалма интеллекти колдоно билүү;
- окууда жана эмгек рыногунда чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн үч же андан көп тил билүү;
- коомчулуктун жана бүтүндөй өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу, азыркы учурдун керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү, бирок келечектеги муундардын өздөрүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгүнө коркунуч туудурбай турган ченемдерди сактоо;
- коммуникация жана кызматташуу көндүмдөрүн, анын ичинде топто иштөө, өз ойлорун жана идеяларын билдирүү, башкалардын пикирин угуу жана урматтоо көндүмдөрүн калыптандыруу;
- өзүн-өзү сыйлоо, өзүн-өзү уюштуруу, жоопкерчилик, толеранттуулук жана эмоционалдык интеллект сыяктуу инсандык сапаттарды өнүктүрүү;
- профилдик багыт алуу жана кесиптик (чейинки) көндүмдөрдү жана/же академиялык билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу аркылуу өзүнүн өнүгүүсүнүн андан аркы траекториясын так түшүнүү;
- андан ары окууга же эмгек рыногуна чыгууга даяр болуу.
4.2. 12 жылдык мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо
Билдирилген натыйжаларга жетишүүнү камсыз кылуучу 12 жылдык мектепте билим берүүнүн мазмунун конструкциялоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- окуу жана турмуштук кырдаалдарда колдонуу үчүн билимди жана адамзаттын педагогикалык жактан ылайыкташтырылган тажрыйбасын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү ар бир предметтин өзөгүн бөлүп алуунун эсебинен билим берүүнүн мазмунунун фундаменталдуулугу;
- илимий билимдердин түзүмүндө методологиялык курамды күмөтүү: теориялар, мыйзамдар, принциптер, моделдер, түшүнүктөр, чоңдуктар, илимий фактылар; базалык илимдерде колдонулуучу изилдөө ыкмаларынын системасы, дүйнөнү таанып билүү жана өзгөртүү методдору жөнүндө окуу;
- билим берүү процессинде универсалдуу (негизги, ийкемдүү) жана предметтик компетенциялардын айкалышы;
- азыркы учурда дүйнөдө жана Кыргызстанда болуп жаткан тез технологиялык жана башка өзгөрүүлөрдү эске алган алдынкы билим берүү концепциясын ишке ашыруу;
- инсандын чыгармачыл потенциалын ачууга багытталган билим берүүнүн инновациялык жана өнүктүрүү методдорун киргизүү;
- маданияттын калыптанышы - билим берүүнүн мазмунунда окутуунун ар бир этабында окуучулардын инсандык гармониялуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу дүйнөлүк жана улуттук маданияттын ар кандай аспекттерин чагылдыруу;
- окуучулардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү камтыган билим берүүнүн мазмунунун инсандык багыты, кызыкчылыктарын жана каалоолорун эске алуу менен алардын билим алуусун жекелештирүү;
- билим берүүнүн мазмунунда компетенттүүлүк билим берүү жана жаңы типтеги окуу планын түзүү аркылуу ишмердик компонентин күчөтүү;
- билим берүүнүн мазмунун педагогикалык жана психологиялык тандоо аркылуу негизги мектепте окуу жүктөмүн кыскартууну камсыз кылуу;
- окуучулардын дүйнө жөнүндө түшүнүктөрүнүн бүтүндүгүн камсыз кылууга багытталган билим берүүнүн мазмунун интеграциялоо;
- окуучулардын келечектеги жашоо стратегиясын тандоосунун шарты катары билим берүүнүн мазмунун профилдештирүү жана дифференциациялоо;
- билим берүү чөйрөсү катары ар кандай кошумча маалымат массивдерин жана окуу материалынын башка булактарын пайдаланууну камтыган билим берүүнүн мазмунунун ачыктыгы.
4.3. Базистик окуу планы
Билим берүүнүн жаңыланган мазмунунун негизинде жаңы базистик окуу планын (мындан ары - БОП) конструкциялоо үчүн баштапкы маалыматтар болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттин социалдык заказы жана билим берүү чөйрөсүндөгү дүйнөлүк тренддер;
- ар кандай курактагы балдардын психологиялык жана физиологиялык мүнөздөмөлөрү (зарыл жана мүмкүн болгон жүктөм);
- БОП конструкциялоонун педагогикалык принциптери (окутуунун бардык жылдарында бардык билим берүү чөйрөлөрүнүн болушу, стандартта бекитилген натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгү менен сааттардын катышы; мээнин жарым шарларынын өз ара аракеттенүүсүн натыйжалуу өнүктүрүү максатында предметтердин катышы ж.б.).
БОП түзүмүндө төмөнкүлөр эске алынышы керек:
- мамлекеттик жана мектептик компоненттердин катышы;
- мектептик билим берүүнүн жогорку деңгээлдери үчүн айрым предметтердин деңгээлдик программаларынын болушу;
- жогорку класстар үчүн БОПтун профилдик компоненттеринин болушу;
- класстык жана өз алдынча иштөө үчүн убакыттын болушу;
- "Жалпы билим берүү уюмдарында окутуунун шарттарына жана уюштурулушуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине ылайык келүүсү.
5-глава. 12 жылдык мектептик билим берүүгө мониторинг жүргүзүү жана сапатын баалоо системасы
Билим берүүнүн сапатын баалоо системасы 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана ишке ашыруу шарттарында мектептик билим берүү системасын башкаруунун негизги элементи, билим берүүнүн натыйжаларына жетишүүгө багытталган маалымдуу башкаруучулук жана педагогикалык чечимдерди кабыл алуунун маанилүү куралы катары каралат. Мектептик билим берүүнүн 12 жылдык моделин киргизүү мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо системасын өркүндөтүүнү жана төмөнкүлөргө баалоо жүргүзүүнү талап кылат:
- мектепке чейинки курактагы балдардын когнитивдик, физикалык, социалдык жана эмоционалдык өнүгүү деңгээлине;
- балдардын мектепте окууга даярдыгынын деңгээлине;
- окуучунун жана класстын (тарбиялануучунун жана мектепке чейинки топтун) жетишкендиктерине;
- билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана жетекчи кызматкерлеринин кесиптик ишинин натыйжаларына.
Мектепке чейинки билим берүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн мектепке чейинки курактагы балдардын курактык-психологиялык өнүгүүсүнүн индикаторлору (валидизацияланган), ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмунун билим берүү чөйрөсүнүн натыйжалуулугунун индикаторлору колдонулат. Биринчи класстын окуучуларынын мектепке окутууга психологиялык-педагогикалык даярдыгына мониторинг жана башталгыч мектептин окуу программасын корректировкалоо 2026-жылдан баштап ар жылдык тандалма изилдөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Мектептик билим берүүнүн деңгээлинде баалоонун негизи болуп Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар менен бекемделген билим берүүнүн натыйжалары саналат. Окуучуларды окутуудан күтүлүүчү натыйжалар (билим, ээ болгон көндүмдөр, калыптанган компетенттүүлүктөр) төмөнкүлөр аркылуу бааланат:
- окуучулардын окуу процессинде окуудагы жетишкендиктерине байкоо жүргүзүү;
- орто жалпы билим берүүнүн баштапкы деңгээлин (6-класс) аяктагандан кийин көз карандысыз экзамен өткөрүү;
- 9, 12 жылдык окууну аяктагандан кийин жыйынтыктоочу аттестациялоону өткөрүү.
1-класстан 12-класска чейин критериалдык негизде диагностикалык, формативдик, суммативдик/жыйынтыктоочу баалоолор колдонулат. Башталгыч билим берүүдө 1-2-класстарда баа коюлбаган баалоо сапаттык мүнөздөмөлөр түрүндө ишке ашырылат, бул педагогго окутуунун оптималдуу методикасын тандоого мүмкүндүк берет. Диагностикалык жана формативдик баалоо аны дифференциациялоо жана жекелештирүү үчүн окуу процессине киргизилген, бул билиминин баштапкы деңгээли ар кандай болгон балдарга инклюзивдүүлүктү жана колдоону камсыз кылуу үчүн окутуунун баштапкы баскычында өзгөчө маанилүү. 3-6-класстарда бааларды колдонууга өтүү жүргүзүлөт. Баллдык система критериалдык негизде киргизилет жана окуучулардын билим алуусунун натыйжаларын жана прогрессин көзөмөлдөөгө, ошондой эле билим берүүнүн кийинки деңгээлинде окууга даярдыктын деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет. Класс ичиндеги натыйжалуу баалоо үчүн окутуу процесси контролдук-өлчөө материалдарынын топтому менен, анын ичинде заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу менен камсыз кылынат. Башталгыч мектепте окутуунун жана өнүктүрүүнүн натыйжалары 6-класстын аягында базалык сабаттуулуктун (окуу, жазуу, математикалык жана табигый илимий сабаттуулук) негизги түрлөрү боюнча жыйынтыктоочу аттестация (комплекстүү тест) түрүндө өлчөнөт. Негизги мектептин деңгээлинде окутуунун натыйжалары белгилүү бир предметтерге/билим берүү жаатына болгон шыкты жана кызыгууну аныктоо үчүн 8-класстан кийин өлчөнөт. Күтүлгөн натыйжаларга жетишүүнү баалоо эки багыт боюнча параллелдүү жүргүзүлөт:
- Мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарын өздөштүрүү даражасы (формалары - тестирлөө, контролдук/текшерүү иштери ж.б.);
- окуучулардын жеке жетишкендиктери (анын ичинде инсандык өсүүнү аныктоо методикаларын, ошондой эле кесипке багыттоочу тестирлөөнү ж.б. колдонуу менен).
Маалыматтар жеке билим берүүнүн натыйжаларын баалоо үчүн, ошондой эле 8-9-класстардын деңгээлинде окутуунун андан аркы траекториясын тандоо жана андан ары профилдештирүү багытын (жеке билим берүү траекториясы) аныктоо үчүн колдонулат. Негизги мектептеги (9-класс) окутуунун натыйжалары стандартташтырылган баалоо түрүндө өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо менен текшерилет. Жогорку мектепти профилдештирүүгө байланыштуу, профилдик окутуунун билим берүүчү натыйжаларына басым жасалат, бирок баалоого киргизилген жалпы билим берүү натыйжалары катары академиялык билим, критикалык ой жүгүртүү көндүмдөрү, кызматташуу, чыгармачылык көндүмдөрү да калат. Бул көндүмдөрдү өлчөө жана баалоо билим берүү уюмунун деңгээлинде окуучулардын долбоорлоо, изилдөө жана чыгармачылык иштерин баалоо аркылуу жүргүзүлөт. Объективдүү жана дифференциалдуу баалоо үчүн беш баллдык баалоо шкаласы он баллдык шкалага өзгөртүлөт. Мындай өтүү Баалоо концепциясында жана андан ары педагогдор үчүн методикалык материалдарда чагылдырылат. Окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн "Кыргызтест" системасынын негизинде стандартта белгиленген аны өнүктүрүү деңгээлине ылайык айрым класстарда комплекстүү стандартташтырылган тестирлөө жүргүзүлөт. Тестирлөө угуу, окуу, сүйлөө, жазуу көндүмдөрүнүн калыптанышын, функционалдык лексиканы жана грамматиканы өздөштүрүүнү аныктайт. Субтесттердин топтому окутуунун ар башка деңгээлдеринде ар кандай болушу мүмкүн. Орус тилин экинчи тил катары жана англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн өткөрүлгөн стандартташтырылган тестирлөө аркылуу бааланат. БИМ окутуунун орто аралык натыйжаларын аныктоо үчүн контролдук/текшерүү иштерин белгилөөгө укуктуу, алардын саны жана мөөнөтү Контролдук/текшерүү иштери жөнүндө жобо менен аныкталат. Контролдук/текшерүү иштеринин милдети окутуунун белгилүү бир этабында предметтик стандарттарда пландаштырылган билим берүүнүн натыйжаларына жетишүүнү аныктоо болот. 6 жана 9-класстарды кошпогондо, которуу экзамендери өткөрүлбөйт. ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн бүтүрүүчүлөрдүн андан ары ЖОЖдо окууга жөндөмдүүлүгүн аныктоочу тест катары ЖРТ сакталат. БИМ тарабынан аныкталган милдеттүү предметтер боюнча 11-класста жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация мектепке карата тышкы баалоо түзүмү тарабынан өткөрүлөт. Ошондой эле мектеп/окуучулар 1-2 предметти тандай алышат. Негизги жана орто мектепте окутуунун жыйынтыктары боюнча бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү документтерди алышат, анда окутууда жетишкен натыйжалар чагылдырылат. Өлкөдөгү билим берүүнүн сапатына мониторинг билим берүүнүн натыйжаларына жетишүүнүн деңгээлин (анын ичинде функционалдык сабаттуулук жана ийкемдүү көндүмдөр) өлчөө үчүн негизги предметтик багыттар боюнча үзгүлтүксүз тандалма изилдөөлөрдүн (ОБЖУБ, Баалоо ж.б.) негизинде, ошондой эле өлкөнүн эл аралык баалоо изилдөөлөрүнө (PISA ж.б.) катышуусу аркылуу жүргүзүлөт.
6-глава. 12 жылдык мектептик билим берүү концепциясын ишке ашыруу
6.1. Концепцияны ишке ашыруу этаптары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет
1. Даярдык этабы:
2024-ж. сентябры - 2025-ж. августу
Билим берүү стандарттарын, программаларын, ОМКларды жаңылоо. Педагогдорду окутуу ж.б. Инфраструктураны даярдоо (имараттар, жабдуулар, компьютерлер ж.б.)
Ишке киргизүү этаптары:
Башталгыч мектеп (1-6-класстар)
Негизги мектеп (7-9-класстар)
Орто мектеп (10-12-класстар)
2024/2025-окуу жылы
5,5-6 жашка толгон балдарды мектепке чейинки даярдоонун "Наристе" программасы боюнча жалпы (100%) камтуу камсыздалат
2025/2026-окуу жылы
1. 6 жашка толгон балдар (100%) 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана мектептерде "Наристе" мектепке чейинки программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт.
3. 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 5-классына өтүшөт
1. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 8-классына өтүшөт
2026/2027-окуу жылы
1. 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 5-классына өтүшөт
1. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 8-классына өтүшөт
1. 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 11-классына өтүшөт
2027/2028-окуу жылы
1. 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 5-классына өтүшөт
1. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 8-классына өтүшөт
1. 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-ж. туулгандар) жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 11-классына өтүшөт
Вариант. 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн этаптары
Туулган жылы
Жашы
Окуу жылы
2024/25
2025/26
2026/27
2027/28
2028/29
2029/30
2030/31
2031/32
2032/33
2033/34
2034/35
2035/36
2036/37
2019
5 жаш
1*
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
2018
6 жаш
0
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
2017
7 жаш
1
2с
3с
5
6
7
8
9
10
11
12
2016
8 жаш
2
3
5
6
7
8
9
10
11
12
2015
9 жаш
3
5
6
7
8
9
10
11
12
2014
10 жаш
4
5с
6с
8
9
10
11
12
2013
11 жаш
5
6
8
9
10
11
12
2012
12 жаш
6
8
9
10
11
12
2011
13 жаш
7
8с
9с
11
12
2010
14 жаш
8
9
11
12
2009
15 жаш
9
10
11с
2026/2027-окуу жылында - 9-класстын окуучуларынын кош бүтүрүүсү
2008
16 жаш
10
11
2007
17 жаш
11
12 жылдык мектепти аяктагандыгы жөнүндө аттестат - 2027-2028-окуу жылынан баштап
Толук 12 жылдык программаны биринчи бүтүрүү - 2036-2037-окуу жылы
(*) - бардык 6 жаштагы балдар мектептин 1-классына барат. Вариант төмөнкүлөрдү камтыйт: башталгыч деңгээлде 3-класстан 5-класска 3 жолу өтүү; 6-класстан 8-класска 3 жолу өтүү, 9-класстан 11-класска 2 жолу өтүү (өтүүлөр кызыл алкак менен белгиленген).
6.2. 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнү камсыз кылуу ишинин негизги багыттары
Кыргызстандын мектептеринин 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүшүн камсыз кылуу үчүн төмөнкү маселелер боюнча бир катар ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү зарыл:
- профилдик класстардын педагогдоруна эмгек акы төлөөнү жөнгө салуу;
- кесиптик (чейинки) окутууга өтүүнүн түзүмүн жана каржылоону жөнгө салуу;
- бүтүрүүчүлөрдү көз карандысыз аттестациялоо, анын ичинде тилдер боюнча билим берүүнүн ар бир деңгээлинде;
- 6 жаштан баштап балдарды мектепке кабыл алуу жана мектепке электрондук жазылуу порталына өзгөртүү киргизүү тартиби;
- билим берүүнүн ар бир деңгээлинде окуу процессин уюштуруу;
- билим берүү жана башкаруу ишин уюштурууда мектептердин автономиясынын деңгээли;
- окутуунун сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү ж.б.
Ошондой эле ар бир билим берүү уюмунун иштешинин ченемдик базасын түзүү үчүн алардын негизинде локалдуу ченемдик актылардын кабыл алынышын камсыз кылуу керек. Методологиялык жана окуу-методикалык камсыздоо төмөнкүлөрдү карайт:
- эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен 12 жылдык мектептин бардык деңгээлдери үчүн Мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- мектептин кабыл алууда жана предметтерди окутууда өз алдынчалыгынын, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун деңгээлин жана формаларын аныктоо менен БОПтун жаңы моделин иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо системасынын концепциясын жаңылоо жана кабыл алуу жана анын принциптерин педагогдордун күнүмдүк практикасына киргизүү;
- жаңы формациядагы педагогдорду даярдоо үчүн дуалдык билим берүү принциптерин эске алуу менен Үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүү концепциясын/программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Көп тилдүү жана коп маданияттуу билим берүүнү киргизүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- чет өлкөлүк басма тарабынан берилген ОМКны Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө ылайыкташтыруу жана аларды мектептердин окуучуларынын керектөөлөрүн 100% камсыз кылган санда басып чыгаруу;
- авторлорду даярдоо, калган предметтер боюнча ОМКны иштеп чыгуу жана басып чыгаруу;
- педагогдор үчүн билим берүү жана тарбиялоо процесстерин уюштуруу, классты башкаруу, ата-энелер менен иштөө ж.б. боюнча методикалык сунуштамаларды даярдоо.
12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу шарттарында педагогдорго болгон муктаждыктын олуттуу көбөйүшүн эске алуу менен педагогдорду даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча төмөнкүдөй бир катар кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү чараларды көрүү зарыл:
- окутууда интеграцияланган предметтерди, билингвалык (көп тилдүү) мамилени ишке ашыруу үчүн педагогикалык адистиктердин магистрлерин даярдоо боюнча жаңы билим берүү программаларын (практикалык магистратура - узактыгы 1,5-2 жыл) иштеп чыгуу;
- ЖОЖдордо жана колледждерде педагогдорду даярдоо программаларын 12 жылдык билим берүү программасындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кайра карап чыгуу;
- 5/6-7/8-класстарда "Табият таануу" интеграцияланган курсун окутуу үчүн табигый-илимий билим берүү тармагынын предметтери боюнча педагогдорду Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесипке кайра даярдоо институтунун "табият таануу мугалими" квалификациясын ыйгаруу менен кайра даярдоо (окуу мөөнөтү 1,5 жыл);
- алты жаштагы балдар менен алардын өнүгүүсүнүн физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык иш алып барууну камсыз кылуу үчүн программаларды иштеп чыгуу жана башталгыч мектепте иштеген жана "Наристе" программасын алып барган педагогдордун квалификациясын жогорулатуу/кайра даярдоо.
12 жылдык мектептик билим берүүнү ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын даярдоо зарыл:
- Кыргыз Республикасынын ар бир району боюнча демографиялык тренддерди эске алуу менен мектептерди жана аларга курулмаларды куруу (башталгыч мектепти максатка ылайык келген жерлерде өзүнчө имараттарга бөлүү мүмкүн болуучу перспектива менен);
- окуу класстарын оңдоо, аларды заманбап эмеректер, компьютерлер, проекторлор, интерактивдүү доскалар жана башка зарыл техникалык каражаттар, ошондой эле биринчи кезекте 1-класстар үчүн дидактикалык материалдар менен жабдуу;
- адистештирилген кабинеттерди жана лабораторияларды (физика, химия, биология, информатика, башталгыч класстардын) түзүү жана жабдуу;
- китепканаларды жана окуу залдарын интернетке чыгууну камсыз кылуу менен жаңылоо;
- окуучуларды компьютерлер менен, ал эми педагогдорду электрондук материалдардын жеткиликтүү болушу жана колдонуу үчүн планшеттер/ноутбуктар менен камсыз кылуу.
Коомдо 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө жагымдуу мамилени түзүү жана бул процессти ишке ашырууну туруктуу маалыматтык коштоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо:
- БИМдин сайтында бирдиктүү маалыматтык баракчаны же өзүнчө порталды түзүү, анда 12 жылдык билим берүү жөнүндө бардык зарыл маалыматтар, анын ичинде анын максаттары, милдеттери, артыкчылыктары, окуу пландарындагы жана программаларындагы өзгөрүүлөр, педагогдорго коюлган талаптар ж.б. жайгаштырылууга тийиш;
- маалыматтык материалдарды жарыялоо: брошюралар, баракчалар, жалпыга маалымдоо каражаттарында макалалар, видеороликтер жана башка материалдар, алар ар кандай тилдерде жана ар кандай форматтарда жеткиликтүү болушу керек;
- ар кандай кызыкчылыктагы топтор: педагогдор, ата-энелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ж.б. үчүн 12 жылдык билим берүү жана анын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык кампанияларды (семинарларды, конференцияларды, мастер-класстарды ж.б.) өткөрүү;
- заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу: 12 жылдык билим берүү жөнүндө маалыматты жарандар каалаган убакта жана каалаган жерден алуу жана өз пикирлерин жана сунуштарын калтыруу мүмкүнчүлүгү үчүн социалдык тармактарды, мобилдик тиркемелерди.
2) кайтарым байланышты камсыздоо:
- туруктуу иштөөчү кайтарым байланыш каналдарын түзүү: жарандар 12 жылдык билим берүү жөнүндө суроолорун берип, сунуштарын айта алган шашылыш байланыш, БИМдин сайтында электрондук почта;
- 12 жылдык билим берүү жөнүндө жарандардын пикирлерин билүү жана алардын муктаждыктарын аныктоо үчүн сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- 12 жылдык билим берүүнү киргизүү жана аны маалыматтык коштоо процессин жакшыртуу үчүн кайтарым байланышка талдоо жүргүзүү жана натыйжаларын пайдалануу;
3) бардык кызыкдар тараптарды тартуу:
- ата-энелер чогулуштарынын, семинарлардын, консультациялардын жана башка форматтардын алкагында ата-энелер менен кызматташуу;
- семинарларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды өткөрүүнү камтыган 12 жылдык билим берүү шарттарында иштөө үчүн квалификациясын жогорулатуу/кайра даярдоо курстарынан өткөн педагогдор менен кызматташуу;
- 12 жылдык билим берүүнү илгерилетүү үчүн ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик органдар, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу;
4) 12 жылдык билим берүүнү киргизүүгө жана маалыматтык коштоого мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыз кылуу:
- 12 жылдык билим берүүнү киргизүүнү маалыматтык коштоонун натыйжаларын баалоо;
- мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизинде 12 жылдык билим берүүнү киргизүүнү маалыматтык коштоого түзөтүүлөрдү киргизүү.
Жогорку класстардын окуучуларын кесиптик (чейинки) даярдоонун багыттарынын тизмегин иштеп чыгуу:
- тизмекти бекитүү;
- кесиптик (чейинки) даярдоо базасын түзүү;
- сертификациялоо механизмдери;
- кошумча кесиптик билим берүүнү өздөштүрүү боюнча билим берүү программаларын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринде калькуляциялоо жана бекитүү.
7-глава. Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүү концепциясын киргизүүгө мониторинг жүргүзүү жана баалоо
12 жылдык мектептик билим берүү концепциясын киргизүүгө системалуу мониторинг жүргүзүү проблемаларды жана ийгиликтүү практикаларды аныктоого жардам берет, бул киргизүү процессинин натыйжалуулугун баалоого жана (зарыл болсо) аталган Концепцияны киргизүү боюнча иш-аракеттер планына түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүү концепциясынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн төмөнкүлөрдү баалоого мүмкүндүк берүүчү индикаторлорду колдонуу зарыл:
1) билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын:
- билим алуу жеткиликтүү болгон балдардын пайызы;
- мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде балдардын курамын сактоо;
- билим берүү программаларынын дүйнөлүк стандарттарга ылайык келүүсү;
- квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу;
- окуучулардын керектөөлөрүнө ылайык болгон заманбап жана адекваттуу окуу жана материалдык-техникалык базанын болушу ж.б.;
2) окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин:
- экзамендерди жана/же ЖРТны ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн пайызы;
- ар кандай предметтер боюнча орточо баллдар;
- билим берүүнүн кийинки деңгээлине өткөн бүтүрүүчүлөрдүн саны;
3) эл аралык изилдөөлөргө катышууну:
- PISA, TIMMS ж.б. эл аралык изилдөөлөргө катышуу;
- базалык жана андан жогору деңгээлдеги тапшырмаларды аткарган окуучулардын үлүшүн ырааттуу түрдө жогорулатуу;
- эл аралык изилдөөлөргө катышкан өлкөлөрдүн рейтингинде жогорулоо;
4) окуучулардын жана алардын ата-энелеринин канааттануу деңгээлин - тандалма сурамжылоонун, фокус-топтордун, билим берүү процессине, окутуунун сапатына жана анын башка аспекттерине канааттануу деңгээлин баалоо үчүн анкеталоонун натыйжалары;
5) улуттук жана эл аралык мониторинг изилдөөлөрүнө катышуунун натыйжаларын:
- PISA, TIMMS ж.б. эл аралык изилдөөлөргө катышуу;
- улуттук мониторинг изилдөөлөрүн жүргүзүү;
- базалык жана андан жогору деңгээлдеги тапшырмаларды аткарган окуучулардын үлүшүн ырааттуу түрдө жогорулатуу;
- эл аралык изилдөөлөргө катышкан өлкөлөрдүн рейтингинде жогорулоо.
Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын жана Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын баалоонун пландалган натыйжаларына жетүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн негиз болуп "Баалоо" улуттук программасынын алкагында туруктуу баалоо жүргүзүү жана билим берүү секторуна туруктуу сереп салуу (мамлекеттик бюджеттен каржылоонун эсебинен) саналат. Кыскартуулардын тизмеси
БОП
-
базистик окуу планы
ЖОЖ
-
жогорку окуу жайы
БЭСК
-
Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясы
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ОБЖУБ
-
Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо
ЖРТ
-
жалпы республикалык тестирлөө
ОМК
-
окуу-методикалык комплекс
(1) 16+3+3 модели Сингапур, Япония, Түштүк Корея, Кытай ж.б. сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянат жана дүйнө жүзүндө жайылган БЭСКда аталган.
Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясына тиркеме
Кыргыз Республикасынын 12 жылдык мектептик билим берүү модели (6+3+3)
Билим берүүнүн деңгээли
Узактыгы, жыл
Окуучулардын курагы, жаш
Миссиясы жана негизги милдеттери
Башталгыч жалпы (БЭСК 1)
6 (4+2)
6-11
Балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө:
- социалдаштыруу;
- жалпы окуу көндүмдөрү;
- негизги функциялык сабаттуулук;
- санариптик көндүмдөр;
- тил көндүмдөрү
1
2
3
4
5
6
Негизги жалпы (БЭСК 2)
3
12-14
Өмүр бою билим алуу үчүн жана инсандык өнүгүү үчүн негиз түзүү:
- негизги көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- SТЕМ-билим берүүнүн негиздери;
- жарандык компетенциянын негиздери;
- тилдик/көп тилдүү билим берүү;
- социалдык, негизги, ийкемдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- профилге чейинки багыт берүү
7
8
9
Орто жалпы (БЭСК 3)
3
15-17
Жеке билим берүү траекториясын колдоо: тереңдетилген профилдик билим берүү (академиялык жана практикалык багыттар). Өнөктөш уюмдарда (КББ, КЛ, ЖОЖдор ж.б.) практикалык багыттагы сабактар. Кошумча кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү
10
11
12
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 "Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 30.10.2024 · № 654
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.