Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-октябры № 654
Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук мектептик билим берүү системасын түзүү, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берген, улуттун социалдык-маданий мурасынын сакталышын жана өнүгүшүн камсыз кылган сапаттуу билим берүүгө коомдун муктаждыктарын канааттандыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Концепцияны аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) тийиштүү жылга базистик окуу планын оптималдаштыруунун эсебинен жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондун каржылоону жүргүзсүн.
4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү жылдарга бөлүнгөн каражаттардын чегинде, Концепцияны ишке ашыруу менен байланышкан башка чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 402-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планынын алкагында, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бул Концепциянын аткарылышын камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 30.10.2024 · № 654
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 «Кыргыз…Постановление · 30.05.2025 · № 298
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122