Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красный Восток айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/5
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективалык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы N 494 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329- буйругуна ылайык, «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк чарбаларына, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» Красновосточный айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ кылат:
1. Красный Восток айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги № 12/3 токтому менен бекитилген “Красновосточный айыл өкмөтүнүн 2019-2024-жылдарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун Перспективдүү планынын” графикалык жана текстик бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом Красновосточный айыл аймагынын сайтына жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүндө мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевке милдеттендирилсин.
Төрага
Абдусаматов У.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-апрелиндеги № 12/3 "Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Узак мөөнөттүү…Постановление · 09.04.2019 · № 12/3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Постановление · 09.09.2022 · № 494
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы 329-ни "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Күчүн жоготкон