Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красный Восток айылдык кеңешинин «Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө» токтому
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/4
Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн, 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык, жана ошондой эле 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» № 4 Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде, Красновосточный айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ кылат:
1. Красновосточный айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:
- айыл чарба жерлерине салык;
- турак жайга, жайга жана курулушка салык;
- турак эмес имаратка, жайга жана курулмага салык;
- айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык;
- транспорт каражаттарына салык;
- калктуу конуштардын жерлерине салык.
2. Красновосточный айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу (М.А.Токчулуков) бул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красновосточный айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Т.Кадыралиевага жүктөлсүн.
Жөнөтүлсүн: иш кагаздар тиркемесине, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына
Төрага
Абдусаматов У.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3