Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 484
Стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Өлкөнү өнүктүрүүнү стратегиялык башкаруу жана пландоо процессин тартипке келтирүү, мамлекеттик стратегиялык документтерди кабыл алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартибинин 13, 41, 49-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандарт 2-тиркемеге ылайык;
3) Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук стандарты 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик стратегиялык документтерге инвентаризация жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 601 "2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин…Постановление · 23.09.2025 · № 601
- 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия (КР…Приложение · 29.09.2026 · № 653
- Кыргыз Республикасындагы өсүүнүн таяныч борбору үчүн мастер-планды иштеп чыгуунун методологиясы (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын…Методика · 29.04.2026 · № 92
- Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо ТАРТИБИПостановление · 22.08.2024 · № 484
- Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча СТАНДАРТПостановление · 22.08.2024 · № 484
- Мамлекеттик стратегиялык документтердин отчеттуулук СТАНДАРТЫПостановление · 22.08.2024 · № 484
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 10-октябры ПЖ № 349 " Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.10.2022 · № 349