Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламүдүн айылдык кеңешинин «Эрежелерди жана жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-декабры № 121-28
Эрежелерди жана жоболорду бекитүү жөнүндө
Эрежелердин жана жоболордун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Төмөнкү эреже жана жоболор бекитилсин:
- “Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык аймагындагы участоктордон, имараттардын жана курулмалардын капталына орнотулган түтүктөрдөн жана чорголордон агып чыккан сууну буруу” эреже;
- “Аламүдүн айыл аймагында жер участокторунун, турак жайларынын максатсыз пайдаланылышын аныктоо тартиби жөнүндө” жобо;
- “Аламүдүн айыл аймагында салык кызматынын органдарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салык жыйноодо көмөк көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобо.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.П. Филимоненко
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 121-28 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык аймагындагы участоктордон, имараттардын жана курулмалардын капталына орнотулган түтүктөрдөн жана чорголордон агып чыккан сууну буруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык аймагындагы участоктордон, имараттардын жана курулмалардын капталына орнотулган түтүктөрдөн жана чорголордон агып чыккан сууну буруу эрежелерин аныктайт (мындан ары – Эрежелер).
2. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине;
3) “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставына.
5) КР КЧжЭ.
II. Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык аймагындагы участоктордон, имараттардын жана курулмалардын капталына орнотулган түтүктөрдөн жана чорголордон агып чыккан сууну буруу эрежелери
3. Аламүдүн айыл аймагында жалпы пайдалануудагы жайларга (жанжолдорго, жолдун четине, жолдорго ж.б.) участоктордон, имараттардын жана курулмалардын капталына орнотулган түтүктөрдөн жана чорголордон агып чыккан сууну бурууга тыюу салынат. Анткени, жалпы пайдалануудагы жолдордун жана жанжолдордун асфальт төшөлмөлөрүнүн бузулушуна алып келет жана жамгыр жааган мезгилде калктуу конуштарды суу каптап кетишине себеп болот. Участоктордон, имараттардын жана курулмалардын капталына орнотулган түтүктөрдөн жана чорголордон агып чыккан суу имараттардын жана курулмалардын өзүнүн аймагына бурулушу керек.
4. Аламүдүн айыл аймагынын кварталдык жана үй комитеттери (мындан ары - Комитеттер) ушул Эрежелердин сакталышына мониторинг жүргүзүшөт. Эреже бузгандар жөнүндө маалымат Аламүдүн айыл өкмөтүнө Комиттердин төрагалары тарабынан берилет.
5. Жалпы пайдалануудагы жайларга (жанжолдорго, жолдун четине, жолдорго ж.б.) ушул Участоктордон, имараттардын жана курулмалардын капталына орнотулган түтүктөрдөн жана чорголордон агып чыккан сууну буруу эрежелерин бузган фактылар аныкталган учурда “Аламүдүн-Муницкурулуш” муниципалдык ишканасы эреже бузуучуларга тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына жана башка ыйгарым укуктуу органдарга маалымат жөнөтөт.
6. “Аламүдүн-Муницкурулуш” муниципалдык ишканасы муниципалдык менчикке келтирилген зыянды эреже бузуучулардан төлөтүү жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.
7. Комитеттердин төрагалары берилген маалыматтардын өз убагында болушу, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
8.Ушул Эрежелердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик ______________ жүктөлөт.
III. Корутунду жобо
9. Ушул Жобо, Жобого өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 121-28 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айыл аймагында жер участокторунун, турак жайларынын максатсыз пайдаланылышын аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында жер участокторунун, турак жайларынын максатсыз пайдаланылышын аныктоо тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө айыл өкмөтүнүн карамагына жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук кылуу кирет.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине;
3) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине;
4) “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставына.
II. Жер участокторунун, турак жайларынын максатсыз пайдаланылышын аныктоо тартиби
4. Аламүдүн айыл аймагынын кварталдык жана үй комитеттеринин (мындан ары - Комитеттер) төрагалары ар айлык негизде өздөрүнүн комитетинин чегинде экономикалык (ишкердик) ишти жүзөгө ашырып жаткан субъектилерге (коомдук тамактануу жайлары, соода түйүндөрү, дүкөндөр, турак жай жана турак эмес жайларды ижарага берүү, техникалык тейлөө станциялары, чач тарачтар ж.б.) карата маалымат даярдоону ишке ашырат.
5. Аталган маалыматтар Комитеттердин төрагалары тарабынан отчеттук күндөн кийинки 5 күндөн кечиктирбестен кагаз жана электрондук түрдө Аламүдүн айыл өкмөтүнө берилет. Маалымат реестр түрүндө берилет, анда экономикалык (ишкердик) ишти жүзөгө ашыруучу субъектинин аты-жөнү же аталышы, дареги, иштин түрү, иш жүргүзүү мөөнөтү көрсөтүлөт.
6. Аламүдүн айыл өкмөтү алынган маалыматтарды талдайт жана жыйынды реестр түзөт.
7. Аламүдүн айыл өкмөтү жыйынды реесрди жер участокторунун, турак жайларынын максатсыз пайдаланылышын текшерүү үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалына жөнөтөт.
8. Жер участокторун, турак жайларды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган учурда Аламүдүн айыл өкмөтү мыйзам бузуучуларга тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жана башка ыйгарым укуктуу органдарга маалымат жиберет.
9. Жер участокторун максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган учурда Аламүдүн айыл өкмөтү жер участогунун менчик ээсин же жерди пайдалануучуну үч айдан кем эмес мөөнөттө мыйзам бузууну четтетүү жөнүндө кат жүзүндөгү эскертүүсүнөн кийин сотко жер участогун алып коюу жөнүндө доо арызы менен кайрылууга укуктуу.
10. Жыйынды реестрди түзүү үчүн жоопкерчилик Аламүдүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлөт.
11. Комитеттердин төрагалары берилген маалыматтардын өз убагында болушу, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
Комитеттердин төрагалары өздөрүнүн Комитетинин чегинде жаңы ишкердик субъектилерди ачуу жөнүндө маалыматтарды аныктоого жана өз убагында берүүгө милдеттүү.
III. Корутунду жобо
12. Ушул Жобо, Жобого өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 121-28 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айыл аймагында салык кызматынын органдарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салык жыйноодо көмөк көрсөтүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 151-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн компетенциясынын чегинде салык кызматынын органдарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды жыйноодо көмөк көрсөтөт.
2. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында салык кызматынын органдарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды жыйноодо көмөк көрсөтүү тартибин аныктайт.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине;
3) “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставына.
III. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салык жыйноодо көмөк көрсөтүү тартиби
4. Аламүдүн айыл аймагынын кварталдык жана үй комитеттеринин (мындан ары - Комитеттер) төрагалары ар айлык негизде өздөрүнүн комитетинин чегинде экономикалык (ишкердик) ишти жүзөгө ашырып жаткан субъектилерге (коомдук тамактануу жайлары, соода түйүндөрү, дүкөндөр, турак жай жана турак эмес жайларды ижарага берүү, техникалык тейлөө станциялары, чач тарачтар ж.б.) карата маалымат даярдоону ишке ашырат.
5. Аталган маалыматтар Комитеттердин төрагалары тарабынан отчеттук күндөн кийинки 5 күндөн кечиктирбестен кагаз жана электрондук түрдө Аламүдүн айыл өкмөтүнө берилет. Маалымат реестр түрүндө берилет, анда экономикалык (ишкердик) ишти жүзөгө ашыруучу субъектинин аты-жөнү же аталышы, дареги, иштин түрү, иш жүргүзүү мөөнөтү көрсөтүлөт.
6. Аламүдүн айыл өкмөтү алынган маалыматтарды талдайт жана жыйынды реестр түзөт.
7. Аламүдүн айыл өкмөтү жыйынды реесрди салык төлөөчүлөрдүн салыктык каттоосун текшерүү үчүн Аламүдүн районунун МСКБга жана зарыл болгон учурда укук коргоо органдарына жөнөтөт.
8.Жыйынды реестрди түзүү үчүн жоопкерчилик Аламүдүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлөт.
9. Комитеттердин төрагалары берилген маалыматтардын өз убагында болушу, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
Комитеттердин төрагалары өздөрүнүн Комитетинин чегинде жаңы ишкердик субъектилерди ачуу жөнүндө маалыматтарды аныктоого жана өз убагында берүүгө милдеттүү.
III. Корутунду жобо
10. Ушул Жобо, Жобого өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон