1-берене
Күчүндө · 22.07.2024 редакциясы
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
"Дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүлөрүнө медициналык чектөөлөр жок болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат. Дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.";
2) 35-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Дене тарбия-спорт боюнча жаңы инфратүзүмдү (спорт залдарын, сүзүүчү бассейндерди, спорттук комплекстерди) курууда жана колдонуудагысын реконструкциялоодо алардын ээлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ага кирүүсүнө шарттарды түзүүгө милдеттүү.".
Берененин тексти 22.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014956/st-1" title="1-берене - Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>