20-берене. Фонддун резервдик фонду
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 3-глава
1. Фонддо анын уставында каралган өлчөмдө, бирок Фонддун уставдык капиталынын 10 пайызынан ашпаган резервдик фонд түзүлөт.
2. Резервдик фонд Фонддун таза кирешесинен гана түзүлөт. Резервдик фонд Фонддун уставында белгиленген өлчөмгө жеткенге чейин ар жылдык чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Ар жылдык чегерүүлөрдүн өлчөмү Фонддун уставында каралат, бирок Фонддун уставында белгиленген өлчөмгө жеткенге чейин таза пайданын 5 пайызынан кем эмес болууга жана 15 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Резервдик фонд Фонддун жана анын туунду компанияларынын күтүүсүз жоготууларын жабууга, ошондой эле Фонддун облигацияларын төлөөгө жана башка каражаттар жок болгон учурда Фонддун акцияларын сатып алууга арналган.
4. Резервдик фонд Фондду башкаруунун жогорку органы тарабынан белгиленген башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>