19-берене. Фонддо жана анын тобуна кирүүчү туунду компанияларда стратегиялык башкарууну жана пландоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 3-глава
1. Фонд өзүнүн тармактык өзгөчөлүгүнө шайкеш келген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын эске алуу менен алдыдагы үч жылга карата өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана жыл сайын жаңылап турууга тийиш.
2. Өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында Фонд өзүнүн үч жылдык өнүктүрүү планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.
Фондду өнүктүрүү планынын мазмунуна карата талаптар директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. Фонддун тобуна кирген туунду компаниялар Фонддун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга өзүнүн иш чөйрөсүнүн чегинде тартышат. Фонддун тобуна кирген башка компаниялар өздөрүнүн башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык Фонддун стратегиясын иштеп чыгууга катышат.
3. Фонддун туунду компанияларында Фондду өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен үч жылдан кем эмес мөөнөткө өз стратегиялары жана өнүктүрүү пландары иштелип чыгууга, бекитилүүгө жана жыл сайын жаңыланууга тийиш.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>