17-берене. Фонддун товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 3-глава
1. Фонддун жана анын туунду компанияларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
2. Фонддун жана анын туунду компанияларынын сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жоболорун аткаруу үчүн жооптуу атайын түзүмдүк бөлүмдөрү болууга тийиш. Фонддун туунду компанияларындагы мындай түзүмдүк бөлүмдөр Фонддун сатып алуулардын бирдиктүү кызматы менен алмаштырылышы мүмкүн.
3. Фонддун директорлор кеңешинин бюджет жана аудит боюнча комитети Фонд жана анын туунду компаниялары тарабынан жүзөгө ашырылуучу ички ченемдердин жана сатып алуулар эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт жана контролдойт.
4. Фонд жана анын туунду компаниялары тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана талаптары сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн баа сунуштары жана сапаттык мүнөздөмөлөрү бирдей болгон учурда ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө өтүнмөгө артыкчылык берүү боюнча шарттарды караштырууга тийиш.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>