16-берене. Фонддун, Фонддун туунду жана көз каранды компанияларынын аудити
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 3-глава
1. Фонд бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык финансылык отчеттуулукту даярдайт.
2. Фонддун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн анын түзүмүндө бюджет жана аудит боюнча комитет түзүлөт, анын жеке курамы Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бир жылга (аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен) бекитилет. Бюджет жана аудит боюнча комитет Фонддун директорлор кеңешине отчет берет.
3. Фонддун жылдык финансылык отчеттуулугун текшерүү жана аныктыгын ырастоо үчүн жыл сайын көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлөт.
Тиешелүү каттоосу бар жана аудит жүргүзүүгө эл аралык бедели таанылган жана Фонд же анын уюштуруучуларынын мүлктүк кызыкчылыктары менен байланышпаган көз карандысыз аудитордук уюмду тандоо тартиби Фонддун директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.
4. Фонддун ар жылдык көз карандысыз тышкы аудитинин жыйынтыктары Фонддун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда каралууга тийиш.
5. Фонд ар жылдык көз карандысыз тышкы аудиттин жыйынтыктарын жыл сайын өзүнүн расмий интернет-сайтында жарыялайт.
6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Фонддун жана анын туунду компанияларынын дивиденддерин төлөө боюнча операцияларды жүргүзүү бөлүгүндө гана Фонддун аудитин жүргүзөт.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>