Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөрдү жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 27-сентябры № 590-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөрдү жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Көк-Суу" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин 1-тиркемеге ылайык;
2) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Ак-Босого" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин 2-тиркемеге ылайык.
2 Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Көк-Суу" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары
Чекиттер №
X
Y
1
13399330
4390407
2
13395743
4388240
3
13394855
4382369
4
13376876
4374535
5
13383633
4386500
6
13397800
4392025
Аянты 14155,7 га
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Ак-Босого" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары
Чекиттер №
X
Ү
1
13348562
4403381
2
13356672
4414221
3
13359217
4415276
4
13367921
4406957
5
13357447
4399589
6
13351936
4399636
Аянты 16843,4 га
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү…Постановление · 23.08.2021 · № 148
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.