Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдардын жана объекттердин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 445
Милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдардын жана объекттердин тизмегин бекитүү жөнүндө
Адамдардын, уюмдардын, өнөр жай багытындагы (өндүрүш) объекттердин өрт коопсуздугун камсыз кылуу, мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо максатында, "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдардын жана объекттердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Уюмдарда жана объекттерде ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтардын ишин жүзөгө ашыруу эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча), уюмдардын жетекчилери жогоруда аталган Тизмекке ылайык өрткө каршы кызматтарды түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдардын, өнөр жай объекттеринин жетекчилерине өрткө каршы кызматтарды түзүү жана ишин уюштуруу боюнча зарыл болгон методикалык жардам көрсөтсүн.
4. Бул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар катышкан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А. У. Жапаров
1-тиркеме
Милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдардын жана объекттердин ТИЗМЕГИ
1. Мунай жана газды казуу, кайра иштетүү, сактоо жана камсыздоо жана ташуу боюнча уюмдар жана объекттер:
1) мунай казуу боюнча объекттер:
- өндүрүмдүүлүгү суткасына 300 тоннага чейин - чыгуучу техникасы жок;
- өндүрүмдүүлүгү суткасына 300 тонна же андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
2) өндүрүмдүүлүгүнө карабастан газ казуу боюнча объекттер - чыгуучу техникасы менен;
3) мунай сордуруучу станциялар:
- резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 40000 куб метрге чейин - чыгуучу техника жок;
- резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 40000 куб метр жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
4) газ сордуруучу агрегаттардын жалпы кубаттуулугуна карабастан газ компрессордук станциялар - чыгуучу техникасы менен;
5) өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан газды кайра иштетүүчү заводдор - чыгуучу техникасы менен;
6) өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан мунайды кайра иштетүүчү заводдор - чыгуучу техникасы менен;
7) газ сактоочу станциялар:
- резервуардын жалпы сыйымдуулугу 8000 куб метрге чейин - чыгуучу техникасы жок;
- резервуардын жалпы сыйымдуулугу 8000 куб метр жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
8) мунай куюучу жана мунай чыгаруучу эстакадалар:
- агызуу операциялардын долбоордук көлөмү суткасына 2000 куб метрге чейин - чыгуучу техникасы жок;
- агызуу операциялардын долбоордук көлөмү суткасына 2000 куб метр жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
9) мунай базалары жана мунай продуктуларынын кампалары:
-резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 5000 куб метрге чейин - чыгуучу техникасы жок;
- резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 5000 куб метр жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
10) жер астындагы газ сактоочу станциялар:
- жалпы көлөмү 1 миллиард куб метрге чейин - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы көлөмү 1 миллиард куб метр жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен.
2. Химиялык жана мунай химиялык өнөр жай уюмдары:
1) мунай химиялык продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар (полипропилен, полиэтилен, ароматтык көмүрсуутектер, синтетикалык каучук, полистирол жана башкалар):
- жалпы өндүрүштүк аянты 3000ден 10000 квадрат метрге чейин, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр жана андан көп болсо, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык түзүлүштөр ээлесе - чыгуучу техникасы менен;
2) химиялык продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар (спирттерди, эфирлерди, чайырларды, винилхлоридди, булаларды, сырларды ж.б.) жарылуучу өрт коркунучу бар жарылуу заттарды колдонуу менен:
- жалпы өндүрүштүк аянты 3000ден 10000 квадрат метрге чейин, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр жана андан көп болсо, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы менен;
3) шина жана резина техникалык буюмдарды өндүрүү боюнча ишканалар:
- жалпы өндүрүштүк аянты 3000ден 10000 квадрат метрге чейин, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр жана андан көп болсо, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы менен;
4) суюлтулган көмүрсуутек газдарын алуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалар:
- жалпы өндүрүштүк аянты 3000ден 10000 квадрат метрге чейин, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр жана андан көбүн, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы менен;
5) минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишканалар:
- жалпы өндүрүштүк аянты 3000ден 10000 квадрат метрге чейин, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр жана андан көбү, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы менен;
6) кубаттуулугуна карабастан биоотун өндүрүү боюнча ишканалар - чыгуучу техникасы жок.
3. Электр энергетика өнөр жай уюмдары:
1) электр станциялары кубаттуулугу 1000 МВт жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
2) гидроэлектростанциялар:
- кубаттуулугу 250 МВтка чейин - чыгуучу техникасы жок;
- кубаттуулугу 250 МВт жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
3) жылуулук электр станциялары:
- кубаттуулугу 50 МВтга чейин же 300 Гкалга чейин - чыгуучу техникасы жок;
- кубаттуулугу 50 МВт жана андан ашык же 300 Гкал жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
4) газ турбиналык электр станциялары:
- кубаттуулугу 50 МВт чейин - чыгуучу техникасы жок;
- кубаттуулугу 50 МВт жана андан ашык - чыгуучу техникасы менен;
5) чыңалуусу 500 кВ жана андан ашык подстанциялар - чыгуучу техникасы менен.
4. Өнөр жай уюмдары:
1) өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан автомобиль өнөр жай ишканалары - чыгуучу техникасы менен;
2) жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр металл иштетүү өнөр жай ишканалары, эгерде бул аянттын 10% же андан көбүн жарылуу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
3) металлургия өнөр жай ишканалары;
- жалпы өндүрүштүк аянты 3 миңден 10000 квадрат метрге чейин, эгерде бул аянттын 10% жана андан көбүн жарылуу-өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр жана андан көп, эгерде аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы менен;
4) целлюлоза өндүрүүчү, жыгач сактоочу жана кайра иштетүүчү ишканалар:
- жыгач кесүү боюнча жылына 50000 куб метрге чейин - чыгуучу техникасы жок;
- целлюлоза, кагаз өндүрүү үчүн жылына 100000 тоннага чейин - чыгуучу техникасы жок;
- жалпы аянты 3500дөн 10000 квадрат метрге чейин эмерек, фанера, ДСП, ДВП, жыгач буюмдарын, жыгач конструкцияларын өндүрүү боюнча - чыгуучу техникасы жок;
- жылына 50000 куб метр же андан ашык жыгачты кесүү боюнча - чыгуучу техникасы менен;
- целлюлоза, кагаз өндүрүү боюнча жылына 100000 тонна же андан көп - чыгуучу техникасы менен;
- өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан жалпы аянты 10000 квадрат метр жана андан ашык эмеректерди, фанераларды, ДСП, ДВП, жыгач буюмдарын, жыгач конструкцияларын өндүрүү боюнча - чыгуучу техникасы менен.
5. Өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан көмүр казуу кенинин объекттери - чыгуучу техникасы менен.
6. Жүргүнчүлөрдү эсепке алуу сыйымдуулугу бар имараттары менен калкты түздөн-түз тейлөө үчүн арналган транспорттук ишканалар:
- аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугуна карабастан - чыгуучу техникасы менен;
-темир жол вокзалдарында жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугуна карабастан - чыгуучу техникасы менен (өрт өчүрүүчү поезд) жана чыгуучу техникасы жок.
7. Жалпы аянты 1500 квадрат метрден ашкан жана андан ашык жардыргыч заттар кампаларын эксплуатациялоочу уюмдар жана объекттер - чыгуучу техникасы менен.
8. Селитебдик аймактын чегинен тышкары жайгашкан башка өнөр жай ишканалары, кампа багытындагы базалар:
- бир калктуу конуштун же райондун чектеринде имараттардын жана жайлардын жалпы аянты 10000 квадрат метрден 100000 квадрат метрге чейин болгон шартта, аянттын 10%дан азын жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы жок;
- бир калктуу конуштун же райондун чегинде имараттардын жана жайлардын жалпы аянты 100000 квадрат метрден кем эмес болгон шартта, аянттын кеминде 10%дан азын жарылуучу коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе - чыгуучу техникасы менен.
9. 50000 тонна жана андан ашык данды сактоо жана кайра иштетүү үчүн жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу менен элеваторлор - чыгуучу техникасы менен.
10. Өрт коркунучу, жарылуучу өрт коркунучу бар имараттары жана жайлары, ошондой эле жалпы аянты 3500 квадрат метр жана андан ашык болгон, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 3 километрден ашык аралыкта жайгашкан өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрүндөгү уюмдар жана ишканалар - чыгуучу техникасы менен.
11. Соода аянты 3500 квадрат метр жана андан ашык, өрт өчүрүүнүн автоматтык системасы менен жабдылбаган жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 3 километрден ашык аралыкта жайгашкан рыноктор - чыгуучу техникасы менен.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Уюмдарда жана объекттерде ведомстволук (объекттик) өрткө каршы кызматтардын ишин жүзөгө ашыруу ЭРЕЖЕЛЕРИПравила · 31.07.2024 · № 445
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өрт коопсуздугу жөнүндөЗакон · 13.12.2022 · № 118