Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Жер аянтын пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө» №14/112 токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
2024-жылдын 13-майы №14/112
Жер аянтын пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 32-беренесинин 4-пунктуна, 25-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» №37 Мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктуна, 19-беренесине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык, калкка турак жай куруу үчүн жер аянтын чечип берүү максатында Миӊ-Булак айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2024-жылдын майындагы № 1 отурумунун токтому бекитилсин.
2. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылынан 0,5 га (А.Тыныбеков №39 көчөсү) Эмгекчил айылынан 0,5 га жер аянты (А.Токтоев №1 көчөсү) жер аянты турак жай куруу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» ААК мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
3. Турак жай куруу үчүн берилген жер аянты, ААК «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» 2028-жылга чейин иш жүргүзбөсө, мөөнөтү узартылсын же айыл өкмөтүнө кайтарылсын.
4. Бөлүнгөн жер аянтына тиешелүү чечим чыгарып берүү жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
5. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
Төрага
А.Ж. Жамангулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.