Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 537-т тескемесине)
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
Азык-түлүк коопсуздугуна жана калктын социалдык жактан корголушуна жетишүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын заманбап агрардык саясатынын милдеттери агроөнөр жай өндүрүшүнүн жана агроазык-түлүк рынокторунун ишинин натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга карата жаңы талаптарды аныктайт. Бул милдеттердин контекстинде өлкөнүн агрардык экономикасынын маанилүү стратегиялык жана көп функциялуу багыты катары жогорку маржиналдык дары өсүмдүктөрүн өстүрүү артыкчылыктуу мааниге ээ болууда. Өзгөчө дары өсүмдүктөрдүн наркы дайыма өсүп жатканын эске алуу менен, дары өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн негизинде фармацевтикалык продукцияны өнүктүрүү өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган тармак болуп калышы мүмкүн. Дары өсүмдүктөр туруктуу экспорттук багытка ээ экендигине карабастан, азыркы учурда дары чөптөр сектору Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунун катарына кирбейт. Экологиялык жактан таза дары өсүмдүктөрүн өстүрүүдө республиканын потенциалы чоң. Кыргыз Республикасынын аймагы дары өсүмдүктөрүнө бай экендигин, алар өлкөнүн бардык региондорунда өнүп чыгарын жана дары өсүмдүктөрүнүн запасын туура пайдалануу менен кыргыз фармацевтикалык компанияларын сырьё менен камсыз кылууга боло тургандыгын белгилөө зарыл. Дары чөптөр тармагы азырынча өзүнүн потенциалына жете электигине карабастан, дал ушул тармак региондордогу калктын кирешесинин өсүшүнүн жана жакырчылыкты кыскартуунун негизги булагы болуп калышы мүмкүн. Албетте, бул тармакта экспорттук рынокторго кирүү башкы фактор бойдон калууда. Акыркы жылдары бир катар өлкөлөр Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык мамилелерди активдештиришти. Дары өсүмдүктөрүн экспорттоонун олуттуу көлөмү Корея Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Индия Республикасы, Россия Федерациясы, Германия өлкөлөрүнө таандык. Кыргыз Республикасында дары өсүмдүктөрүн жыйноо, даярдоо жана кайра иштетүү, чайырларды, тундурмаларды жана экстракттарды чыгарган жеке чарба субъекттери жана жеке ишкерлер алектенет. Өлкөдө дары чөптөрдүн 5,0 пайызы гана кайра иштетилет, калганы сырьё түрүндө чет өлкөлөргө ташып чыгарылат. Дары өсүмдүктөрүн ташып чыгарууга уруксат берилген тизмеге 48 түр кирген, алардын ичинен ферула көбүрөөк суроо-талапка ээ. Ферула - көп жылдык дары чөп. Кыргызстанда анын 35тен ашык түрү өсөт. Негизинен өлкөнүн түштүк региондорунда (Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында) деңиз деңгээлинен 1000-1600 м бийиктикте өсөт. Ферула ошондой эле Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында жана Суусамыр өрөөнүндө кездешет. Ферулага болгон суроо-талап дүйнөлүк масштабга ээ, бул ишканаларды өнүктүрүү жана өзүнүн даяр продукциясын чыгаруу үчүн перспективаларды ачат, өз кезегинде ал Кыргызстанга өзүн эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле дары чөптөрдү, анын ичинде феруланы өстүрүү жана эгүү чөйрөсүндө ноу-хауну жайылтуу маанилүү болуп саналат. Жыл сайын дары чөптөрдүн себүү аймагы да көбөйүп жатат. Бүгүнкү күндө ал тогуз жүз гектардан ашты. Дары чөптөрдү өстүрүү Кыргызстандын айылдарындагы кирешенин басымдуу бөлүгүн түзөт. Ушуга байланыштуу фермерлер өстүрүү пайдалуу болгон дары чөптөрүн тандоого кыйла кылдаттык менен мамиле кыла башташты. Жогоруда айтылган жагдайларды жана дары өсүмдүктөрүн, анын ичинде феруланы өстүрүүнүн прогрессивдүү келечегин жана экономиканын агроөнөр жай секторун өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге чыгарууну эске алуу менен ушул Программа иштелип чыкты. 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасы (мындан ары - Программа) ферула дары өсүмдүгүн өстүрүүгө, ферула дары чайыры сырьёсу болуп саналган келечектүү ата мекендик фармецевтиканы өнүктүрүүгө багытталган. Феруланы айыл чарба өсүмдүктөрү катары өстүрүү жана эгүү жогорку рентабелдүүлүккө, экспорттук рынокторго багыттоого, региондорду экономикалык туруктуулукка, жаңы жумуш орундарын түзүүгө - жыйынтыгында рыноктук экономика шарттарында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
2. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Советтик пландуу экономика мезгилинде республиканын бир катар райондорунда дары өсүмдүктөрдүн ар кандай сортторун өстүрүү жана кайра иштетүү ийгиликтүү жолго коюлган. СССР кулагандан кийин дары чөптөрдү өстүрүү жана кайра иштетүү начарлап кеткен. Өнөр жай масштабында өндүрүштү калыбына келтирүүнүн негизги көйгөйү, башка себептерден тышкары: практикалык, (адистердин жетишсиздиги), ошондой эле теориялык билимдердин жетишсиздиги болуп эсептелет. Азыркы учурда коммерциялык максатта чогултуунун көбөйүшүнөн улам, негизинен көзөмөлсүз соодадан, жапайы жаратылыштагы өсүмдүктөрдүн популяциясына басым жасалууда. Табигый дары өсүмдүктөрүнүн запастарын ченемдүү пайдалануу жана аларды интенсивдүү айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында өстүрүү менен кыргыз фармацевтикалык компанияларын сырьё менен камсыз кылууга болот. Бул аларды андан ары сатууга бааларды кыйла жогорулатат, ошондой эле жергиликтүү калкты кошумча жумуш менен камсыздайт. Ушундай жол аркылуу дары өсүмдүктөрүн башаламан чогултуу менен күрөшүүгө болот, антпесе дары чөптөрдүн табигый өнүп чыккан жерлери жоголуп кетиши мүмкүн. Дары чөптөр өскөн жерлерде жыл бою мал жаюу да чоң зыян алып келет, бул алардын андан ары кайра жанданышына терс таасирин тийгизет. Ошого карабастан, азыркы шартта дары чөптөрдү өстүрүү кайрадан күч алууда. Чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер айрым дары чөптөрдү өстүрүү менен алектенишип, алар өстүрүлгөн продукцияны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногуна сатууну жүзөгө ашырууда. Алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды колдонуу менен дары өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин кызыкчылыктары байкалууда. Ошону менен бирге дары өсүмдүктөрдүн айрым топтору дагы эле жакшы изилдене элек. Кыргыз Республикасынын пайдалуу дары өсүмдүктөрүнүн кызыктуу жана аз изилденген топторунун бири чайырлуу дары өсүмдүктөрү болуп эсептелет, алардын мүнөздүү өзгөчөлүгү аларда чайырлардын болушу саналат. Чайырлар медицинада ар кандай дары-дармектерди даярдоо үчүн колдонулат. Ошондуктан ата мекендик чайыр өсүмдүктөрүн изилдөө жана аларды сарамжалдуу өстүрүү жолдорун аныктоо ата мекендик илимдин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Ферула (улуттук аталышы - "чайыр") чайырлуу дары өсүмдүктөрүнүн курамына кирет, анын республикада 35 түрү өсөт. Феруланын чайырлары негизинен тамырларында жана мөмөсүндө болот. Чайырлар тамырдан 15-25%га чейин чыгат. Азыркы учурда Кыргызстанда ферула чайырын алуу иштери жүргүзүлбөйт. Кыргыз Республикасында ферула дары өсүмдүгүнүн төмөнкүдөй негизги түрлөрү бар:
1) жалбырактуу ферула - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кеңири таралган, сабагы 2,0 метр бийиктикке чейин жетет, айрым жерлерде жыш чытырман болуп өсөт, июлда мөмө берет, мөмөсүндө 10 пайызга чейин, тамырында 12%га чейин чайыр бар;
2) перистонервдик ферула - бийик тоолуу аймактарды кошпогондо, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында, Суусамыр өрөөнүндө өсөт. Бул феруланын элдик аталышы "скипидардык тамыр";
3) иешке же кугитан феруласы - Кыргыз тоо кыркаларында, Ысык-Көл ойдуңунда, Кеминде, Суусамырда, Алай жана Чаткал райондорунда таралган. Ал шагылдуу талааларда өсөт, субальп бийиктигине чейин жетет;
4) сасык ферула - сабагы жоон, жогору карай ичкерет, бийиктиги 1,0 метрден ашык, чачыраган, бутактуу, май айында гүлдөйт, июлда мөмө берет. Сасык ферула Жумгал, Көкөмерен, Кетмен-Төбө жана Суусамырда өсөт. Аталган жерлерде чайыр алууну уюштурса болот;
5) боролдой феруласы - бутактары калың эмес, жайылган, гүлдөрү сары, сабагынын бийиктиги 1,0 метрге жетет, май айында гүлдөйт, июлда мөмө берет. Республиканын түштүгүндөгү тоо этектеринде, Алай районунун тоолуу жерлеринде өсөт, мөмөсүндө чайыр 12,5%ды, тамырында 13,4%ды, сабагында 4,5%ды түзөт. Феруланын бул түрү кандайдыр бир деңгээлде жайыттарды отоо чөптөрдөн арылтат;
6) жалган ореоселин феруласы - бийиктиги 3,0 метрге жетет, Чаткал кырка тоосундагы токойлордо жана бадалдарда өсөт, тамыры чоң, кээде 35 метрге чейин жетет жана 25,0%га чейин чайыр алса болот;
7) көп каналдуу ферула - тоо этектеринин жана орто тоо этектеринин жумшак капталдарында кездешет, жайылуу ареалы - ички Тянь-Шань, кыргыз тоо кыркаларында сейрек кездешет.
Феруланын вегетация мезгили эрте жазда кар эригенден кийин жаздын биринчи ысык күндөрүндө, марттын аягында жана апрелдин башында башталат жана июлдун аягында же августтун башында жылдын ысык мезгилинде аяктайт. Негизги өсүү процесстери нымдуу жаз мезгилинде өтөт жана ар жылы июлдун башында же ортосунда аяктайт. Ферула өнүгүүнүн генеративдик фазасына өсүүнүн сегизинчи-тогузунчу жылында кирет. Республикада Тажикстан Республикасынан жана Афганистандан ташып киргизилген үрөндөр менен өстүрүлгөн ферула көчөттөрү бар. Ошону менен бирге, бул көчөттөрдүн сорттору Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин реестринде катталган эмес.
3. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Жыл сайын дары чөптөрдүн, анын ичинде феруланын себүү аянты көбөйүүдө. 2024-жылдын 1-январына карата феруланын себүү аянты 900 гектардан ашты. Феруланы өстүрүү көп киреше алып келет, ушуга байланыштуу дыйкан жана фермер чарбалары феруланы өстүрүүгө кызыгуу көрсөтө башташты. Республикада феруланы өстүрүү өнүгүүнүн баштапкы стадиясында тургандыгына байланыштуу, өзгөчө жетишкендиктер белгилене элек. Ошону менен бирге феруланы өстүрүүдө көйгөйлөр бар, алардын ичинен негизгилери:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 288 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында дары-дармек, тамак-аш өсүмдүктөрүн жана козу карындарды даярдоо жана жыйноо эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Уруксат боюнча гана жүргүзүлүүчү чарбалык, коммерциялык жана башка илимий максаттарда жаратылыш чөйрөсүнөн (жеке менчикте болгон жерлерден башка) алып коюлуучу жапайы өсүмдүктөрдүн, алардын бөлүктөрүнүн жана азыктарынын (мөмө-жемиштер) түрлөрүнүн тизмесине ылайык дары өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрүн табигый чөйрөдөн алууга тыюу салынат. Сасык ферула бул Тизмеге кирет жана аны табигый чөйрөдөн уруксатсыз алууга тыюу салынган.
Ошону менен бирге феруланы жана анын чайырын айрым чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер тарабынан даярдоо, жыйноо жана сатуу фактылары бар;
2) Феруланы жана анын чайырын даярдоо, жыйноо жана сатуу, ошондой эле алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологиялар менен өстүрүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен регламенттелген эмес;
3) феруланын өстүрүү технологиясы аз изилденген.
Бул көйгөйлөрдү чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу феруланы өстүрүү үчүн асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин бөлүп берүү, финансы каражаттарын жана жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу, өстүрүүнүн жаңы технологияларын киргизүү, феруланы өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча жаңы ишканаларды түзүү, тышкы сатуу рынокторуна экспортту уюштуруу талап кылынат.
4. Программанын максаты, артыкчылыктуу багыттары, милдеттери жана ишке ашыруу боюнча чаралар
Бул Программанын максаты болуп экспортко арналган сырьёну алуу үчүн өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен феруланы өстүрүү боюнча чаралар комплексин ишке ашыруу саналат. Бул Программанын коюлган максатына жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар тандалып алынды: 1-артыкчылык. Кыргыз Республикасында айыл чарба максаттары үчүн феруланы өстүрүүнү ченемдик жөнгө салуу. 2-артыкчылык. Жергиликтүү табигый-климаттык шарттарга ылайыкташтырылган прогрессивдүү жана инновациялык айыл чарба технологиялары менен феруланы өстүрүү. 3-артыкчылык. Феруланы өстүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү. 4-артыкчылык. Феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин илимий жана кадрдык потенциалын жогорулатуу. 1-артыкчылыкгын негизги милдети ферула өстүрүүнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү болуп саналат. Бул милдет төмөнкү чаралар менен чечилет:
1) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу;
2) төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнү караган "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу:
- феруланы айыл чарба өндүрүш ыкмасы менен өстүрүү жана эгүү тартибин;
- феруланы жыйноо, кайра иштетүү, ошондой эле плантацияларын түзүү боюнча нускамаларды.
2-артыкчылыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) феруланы эгүү жана өстүрүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу. Бул маселенин чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
- айыл чарба багытындагы жер аянттарында түзүлгөн феруланын экме плантацияларына инвентаризация жүргүзүү;
- феруланы өстүрүү үчүн асылдуулугу төмөн жана деградацияланган айыл чарба багытындагы жерлерди бөлүү жана пайдалануу;
2) феруланы өстүрүүнүн алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларын киргизүү. Бул милдеттин чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
- үрөн алмаштыруу жана ферула өстүрүү менен жайытка өсүмдүктү которуштуруп айдоо жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди (жайыт жерлерин) жакшыртуу боюнча деградацияга жана эрозияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
- феруланы өстүрүүнүн ресурс жана суу үнөмдөөчү технологияларын колдонуу;
- ферула сырьёсун өндүрүүнүн кластердик ыкмасын пробациялоо;
- феруланы өстүрүүнүн жана сырьёсун кайра иштетүүнүн эсебинен кошумча нарктын кошумча чынжырын түзүү.
3-артыкчылыктын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) техникалык жана технологиялык мүнөздөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ал төмөнкү чаралар менен ишке ашырылат:
- феруланын айдоо аянттарын, өнөр жайлык кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле продукциянын сатуу рынокторун кеңейтүү;
- феруланы өстүрүү боюнча чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин ишин координациялоо, феруланын техникалык сырьёсун жыйноо, кайра иштетүү жана экспорттоо процесстерин уюштуруу;
- феруланы сатуунун тышкы рынокторуна маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- феруланын экме плантацияларын уюштуруу жана феруланын табигый продукциясынын түшүмүн жыйноо үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди тартуу;
2) экономикалык жана финансылык мүнөздөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Бул милдет төмөнкү чаралар менен ишке ашырылат:
- феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттерди каржылоо үчүн эл аралык уюмдарды тартуу боюнча шарттарды түзүү;
- "Айыл чарбасын каржылоо", "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө", "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоорлорунун алкагында феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттерге жана жеке ишкерлерге жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү (каржылоо);
- ферула сырьёсун өстүрүү жана өндүрүү чөйрөсүндө салыктык, бажылык-тарифтик, баалык жана техникалык жөнгө салуу чараларын колдонуу.
4-артыкчылыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) феруланы изилдөө боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү. Бул милдеттин чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
- феруланы айыл чарба максаттарында өстүрүү үчүн изилдөө боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
- феруланы өстүрүү, аны кайра иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү аркылуу өстүрүү көлөмүн көбөйтүү процесстерине илимий иштеп чыгууларды кеңири киргизүү;
2) феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин потенциалын жогорулатуу. Бул милдетти төмөнкү чаралар менен аткарууга болот:
- чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин айыл чарба максаттарында феруланы өстүрүү боюнча билимдерин жогорулатуу үчүн илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, окутуу курстарын, тренингдерди өткөрүү;
- калк арасында феруланын экономикалык артыкчылыктары жөнүндө кеңири пропаганда иштерин жүргүзүү.
5. Феруланы орто мөөнөттүү мезгилде өстүрүү (2024-2028-жылдар)
1. Феруланы өстүрүү боюнча үрөн чарбаларын өнүктүрүү.
Азыркы учурда республикада ферула өстүрүү менен алектенген үрөн чарбалары жок. Ошону менен бирге, феруланы республиканын 12 айылында 107 чарбакер субъект (фермер) өстүрөт.
2. Айдоо аянттарын пландоо.
Учурда ферула 921,0 га жерде өстүрүлөт, анын ичинен биринчи жылдын айдоо аянты 287,0 га, экинчи жылдыкы - 205,0 га, үчүнчү жылдыкы - 212,0 га, төртүнчү жылдыкы - 217,0 га түзөт. Орто мөөнөттүү мезгилде (2024-2028-жылдар) феруланын айдоо аянттарын андан ары 921,0 гектардан 11600,0 гектарга чейин көбөйтүү жагына пландоо белгиленүүдө. Феруланын айдоо аянттарын пландоо
Феруланы айдоо
2024
2025
2026
2027
2028
биринчи жылы, га
287,0
350,0
620,0
1330,0
2300,0
экинчи жылы, га
205,0
310,0
780,0
1710,0
2800,0
үчүнчү жылы, га
212,0
300,0
970,0
1930,0
3200,0
төртүнчү жылы, га
217,0
320,0
990,0
1990,0
3300,0
Бардыгы:
921,0
1280,0
3360,0
6960,0
11600,0
Феруланын айдоо аянты алдыдагы орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдар) 11600,0 га түзөт же 2024-жылга салыштырмалуу 12 эсеге көбөйөт. Көбөйтүү асылдуулугу төмөн айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууну, феруланын жогорку наркын жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рынокторунда чоң суроо-талабын эске алуу менен жетишилет.
3. Ферула өндүрүшүн болжолдоо.
Орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) ферула өндүрүшүн көбөйтүү болжолдонууда. Феруланы өндүрүү
Ферула продукциясы
2024
2025
2026
2027
2028
Айдоо аянты, га
921,0
1280,0
3360,0
6960,0
11600,0
Түшүмдүүлүк, кг/га
982,0
990,0
1000,0
1050,0
1100,0
Дүң чогултуу, тонна
904,4
1267,2
3360,0
7308,0
12760,0
Ферула өндүрүшүн көбөйтүү айдоо аянттарын 10,6 миң га жана мөмө өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 118 кг/га көбөйтүүнүн эсебинен жетишилет.
4. Ферула сырьёсун (чайыр) өндүрүүнү болжолдоо.
Орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) ферула сырьёсун (чайыр) өндүрүүнү көбөйтүү болжолдонууда. Ферула сырьёсун (чайыр) өндүрүү
Ферула продукциясы
2024
2025
2026
2027
2028
Айдоо аянты, га
921,0
1280,0
3360,0
6960,0
11600,0
Сырьёнун түшүмдүүлүгү, кг/га
95,0
100,0
105,0
110,0
120,0
Сырьёну (чайырдын) дүң чогултуу, тонна
87,5
128,0
352,8
765,6
1392,0
Орто мөөнөттүү мезгилде (2024-2028-жылдар) ферула сырьёсун (чайыр) өндүрүү 16 эсеге көбөйөт, ал ферула сырьёсунун (чайырынын) айдоо аянтын жана түшүмдүүлүгүн көбөйтүү менен жетишилет.
5. Феруланын дүң сырьёсун (чайыр) болжолдоо.
Орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) феруланын дүң сырьёлук продукциясынын (чайырынын) көбөйүшү болжолдонууда. Феруланын дүң сырьёлук (чайыр) продукциясы
Ферула продукциясы
2024
2025
2026
2027
2028
Ферула сырьёсун (чайыр) дүң чогултуу, тонна
87,5
128,0
352,8
765,6
1392,0
Өздүк наркы, сом/кг
2000,0
2100,0
2200,0
2300,0
2400,0
Дүң сырьёлук наркы, млн. сом
175,0
268,8
776,1
1760,8
3340,8
Орто мөөнөттүү мезгилде (2024-2028-жылдар) феруланын дүң сырьёлук наркы (чайыр) 19 эсеге көбөйөт, ага ферула сырьёсун (чайырынын) дүң чогултуунун жана жогорку өздүк наркынын көбөйүшү менен жетишилет.
6. Феруланын сырьёлук продукциясынын (чайыр) экспортун болжолдоо.
Орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) мөмө продукциясынын экспортун көбөйтүү болжолдонууда. Феруланын сырьёлук (чайыр) продукциясын экспорттоо
Ферула продукциясы
2024
2025
2026
2027
2028
Ферула продукциясын (чайыр) дүң чогултуу, тонна
87,5
128,0
352,8
765,6
1392,0
Экспорттун наркы, сом/кг
9000
9500
10000
10500
11000
Экспорттун жалпы суммасы, млн. сом
787,5
1216,0
3528,0
8038,8
15312,0
Феруланын сырьёлук продукциясынын (чайыр) экспорту өсүү тенденциясына ээ жана болжолдонгон мезгилде көбөйүү 19 эсени түзөт. Бул Программаны ишке ашыруу мезгилинде 11480,0 га жерге ферула өстүрүү боюнча 1500 дыйкан (фермер) чарбасы ишке тартылат. Импорттук үрөндөр менен атаандашууга жөндөмдүү ата мекендик селекциянын сапаттуу ферула үрөндөрүн колдонуу өтө маанилүү, бул үчүн илимий уюмдар жана мекемелер тарабынан республикада чыгарылган ферула үрөндөрүнүн мыкты үлгүлөрү иштелип чыгып, ишке киргизилиши керек. Ферула уруктарынын жетишпеген көлөмү (тартыштыгы) чет өлкөлүк селекциянын импорттук үрөндөрү менен компенсацияланат.
6. Финансылык ресурстарды баалоо
Бул Программаны каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат: "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы каражаттар жана Мамлекеттик инвестиция программасынын (МИП) алкагындагы тикелей мамлекеттик инвестициялар, мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) каражаттары, донордук финансылык жана техникалык жардам, жеке инвестициялар жана товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттары. Чаралардын бир бөлүгүн аткаруу гранттык жана инвестициялык кредиттик каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттер тарабынан да колдоого алынат. Финансылык кредиттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен консультация өткөрүү аркылуу тартылат. Бул Программаны ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын берүүнүн тартиби жана көлөмү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Ички, ошондой эле тышкы булактардан инвестициялык каражаттарды тартуу боюнча чаралар көрүлөт, мындай чараларды ишке ашыруу финансылык ажырымды кыйла кыскартууга жана кийинки финансылык жылдардын башталышына карата финансылык каражаттардын талап кылынган суммасын толук көлөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк берилет. Ошол эле учурда кредиттик каражаттарды алуу, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор үчүн сапаттуу бизнес-пландарды берүү үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгууда феруланы өстүрүү менен алектенген субъекттердин потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарыл болот. Программаны ишке ашыруу боюнча каржылоого жалпы муктаждык 80,0 млн. сомду түзөт. Программаны ишке ашыруу боюнча каржылоодогу мүмкүндүктөр 55,0 млн. сом же керектөөнүн 68,7% түзөт. 25,0 млн. сом өлчөмүндөгү калган бөлүгү же 31,3% жеке компаниялардын жана эл аралык донор уюмдардын эсебинен табылууга тийиш. Демек, чараларды ишке ашыруу Программаны каржылоо үчүн талап кылынган суммаларды жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Программанын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу жана бардык программалык иш-чараларды аткаруу төмөнкү натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет:
- айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн 10679,0 га жерди кошумча өздөштүрүү, анын натыйжасында бюджетке түшүүлөр көбөйөт;
- ферула продукциясын дүң чогултууну 12760,0 тоннага чейин көбөйтүү;
- эрозиялык процесстерди жана деградацияны азайтуу үчүн айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жерлерди интенсивдүү пайдалануу, асылдуулугу төмөн жерлерди жакшыртуу, айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүн жогорулатуу;
- фармацевтика тармагынын ишканалары үчүн сырьёлук базаны түзүү;
- феруланын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү;
- айыл калкынын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын сактоо жана түзүү;
- айыл калкынын кирешесин өстүрүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн жашоо сапатын жогорулатуу.
Болжолдоонун натыйжасында эл аралык уюмдардан 25,0 млн. сомдон кем эмес финансалык каражаттар тартылып, феруланы өстүрүү боюнча 5тен кем эмес долбоор иштелип чыгат.
8. Тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар
Республикада ферула сырьёсун өстүрүү, өндүрүү жана сатуу төмөнкү тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар менен байланыштуу. Чечүүчү мааниге ээ болгон тобокелдиктердин, коркунучтардын жана чакырыктардын арасында табигый-климаттык, экономикалык, экологиялык жана форс-мажордук коркунучтар бар. Феруланы өстүрүүдөгү негизги табигый-климаттык коркунучтар болуп абанын температурасынын критикалык маанилерден төмөн болушу, катуу суук, топурактын тоңуу мүмкүндүгү, эрте эрүү, кеч жаз мезгилинде күнгө күйүү саналат. Ошондой эле жаан-чачындын азайышы, суунун аздыгы, кургакчылык феруланы өстүрүү үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн жана феруланы өстүрүү менен алектенген субъекттердин чарбалык-финансылык ишине терс таасирин тийгизет. Негизги экономикалык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар болуп ферула продукциясынын өсүү темпинин жана ферула өстүрүү менен алектенген субъекттердин кирешелеринин төмөндөшү, салыктык, бюджеттик, бажылык-тарифтик, курстук, техникалык жөнгө салуу жана тышкы соода саясатынын чараларын колдонуу, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкты катаалдаштыруу болуп саналат. Экономикалык тобокелдиктер, коркунучтар, чакырыктар ички жана тышкы болушу мүмкүн. Тышкыларга тышкы экономикалык ишти либералдаштыруу менен шартталган соода-экономикалык чектөөлөрдү киргизүү, салыктык, тарифтик, бажылык-тарифтик квоталоонун чаралары боюнча жана экспорттук жана импорттук жеткирүүлөргө чектөөлөрдү киргизүү кирет. Ичкилер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- экономикалык кризистин кесепетинен экономиканын агрардык секторундагы экономикалык кырдаалдын туруксуздугу;
- феруланы өстүрүү менен алектенген субъекттердин кирешесине олуттуу өлчөмдө таасир этиши мүмкүн болгон күйүүчү-майлоочу материалдарга, көчөт материалдарына, жер семирткичтерге, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына баалардын өсүшү;
- ферула продукциясын өндүрүүнүн өздүк наркын жогорулатуу;
- феруланы өстүрүү чөйрөсүндө максаттуу багытталган экономикалык жана финансылык мамлекеттик саясаттын жоктугу;
- финансылык каражаттардын (кредиттердин, гранттардын) жана башка дем берүүчү механизмдердин жоктугу;
- кредиттик жана башка каражаттарга жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү, жогорку пайыздык ставка.
Негизги экологиялык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар төмөнкүлөр болуп саналат:
- натыйжада феруланын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөй турган мөңгүлөрдүн жок болушуна, суу запастарынын азайышына, кыртыштын деградациясына, жердин суу жана шамал эрозиясына, кургакчылыкка, акыры чөлгө айланууга алып келген глобалдык жылуулук;
- курчап турган чөйрөнүн булганышынын өсүшү, суулардын, жер ресурстарынын абалынын начарлашы, биологиялык түрлөрдүн азайышы.
Бул тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, ферула продукциясын өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана экспортунун көлөмүнүн азайышына алып келиши мүмкүн. Феруланы өстүрүүгө терс таасирин тийгизген негизги табигый кырсыктар болуп форс-мажордук тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар (нөшөрлүү жамгырлар, селдер, мөндүр уруулар, үшүктөр) жана техногендик кырсыктар (жер титирөө) болушу мүмкүн.
9. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруу процессин көзөмөлдөөнүн натыйжалуу инструменти болуп саналат, ал бул Программаны ишке ашыруу пландарына түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу өз убагында чечимдерди кабыл алууга мүмкүндү берет. Ишке ашыруу этабында бул Программага мониторинг жыл сайын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Иш-чаралар планында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча иштерди уюштуруунун кыйла натыйжалуу формаларын жана тартибин аныктайт;
- артыкчылыктуу багыттарды аныктайт жана каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу боюнча чараларды көрөт;
- Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана сапатын контролдоону камсыз кылат.
Иш-чаралар планында каралган милдеттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аларды ишке ашыруунун прогрессине байкоо жүргүзүүнүн натыйжалуу куралы болуп калат жана төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- артыкчылыктарды илгерилетүү процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө алардын таасирин баалоону жүргүзүүгө.
Мониторинг менен Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу мезгил-мезгили менен бааланып турат. Бул баалоонун жүрүшүндө жетишилген прогресс деталдуу талданат, иш-чараны жана Программанын долбоорун аткаруудагы кемчиликтер аныкталат. Алынган натыйжалардын негизинде Программанын пландарын ишке ашырууда кийинки кадамдар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, эл аралык уюмдар менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, коомдун күтүүлөрүн толук канааттандыруу боюнча чечимдер кабыл алынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы N 537-т (2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасын бекитүү тууралуу)…Распоряжение · 09.09.2024 · № 537-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы №288 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2011 · № 288 · Күчүн жоготкон