Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасын бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 9-сентябры № 537-т
Кыргыз Республикасында феруланын табигый запастарын сактоо жана калыбына келтирүү, эгүү, өстүрүүгө дем берүү аркылуу ферула плантацияларын түзүү жана феруладан алынуучу сырьёну кайра иштетүү жана даяр продукцияны экспорттоо, ошондой эле бул чөйрөгө инвестицияларды кеңири тартуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 388 "2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасын ишке ашыруу боюнча индикаторлор матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) Иш-чаралар планын аткарууга алсын;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
Милдеттер
Чаралар
Күтүлүүчү натыйжа/индикатор
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
1-артыкчылык. Кыргыз Республикасында айыл чарба максаттары үчүн феруланы өстүрүүнү ченемдик жөнгө салуу
1. Феруланы өстүрүүнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү
1.1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу
Айыл чарба өндүрүшү шарттарында феруланы өстүрүү боюнча укуктук база түзүлдү
2025-жылдын 1-мартына чейин
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын алкагында
1.2. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу
Феруланы айыл чарба өндүрүш ыкмасы менен эгүү жана өстүрүү тартибин жана феруланы жыйноо, кайра иштетүү, ошондой эле плантацияларын түзүү боюнча нускамаларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар САЧКӨМгө өткөрүп берилди
2024-жылдын 30-декабрына чейин
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын алкагында
2-артыкчылык. Жергиликтүү табигый-климаттык шарттарга ылайыкташтырылган прогрессивдүү жана инновациялык айыл чарба технологиялары менен феруланы өстүрүү
2. Феруланы эгүү жана өстүрүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу
2.1. Айыл чарба багытындагы жер аянттарында түзүлгөн феруланын экме плантацияларына инвентаризация жүргүзүү
Феруланын экме плантацияларынын аянттары аныкталды
2024-жылдын 30-декабрына чейин
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын алкагында
2.2. Феруланы өстүрүү үчүн асылдуулугу төмөн жана деградацияланган айыл чарба багытындагы жерлерди бөлүү жана пайдалануу
Деградацияга учураган жана асылдуулугу төмөн 11600 га айыл чарба багытындагы жер бөлүп берилди
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын алкагында
3. Феруланы өстүрүүнүн алдыңкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларын киргизүү
3.1. Үрөн алмаштыруу жана ферула өстүрүү менен жайытка өсүмдүктү которуштуруп айдоо жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди (жайыт жерлерин) жакшыртуу боюнча деградацияга жана эрозияга каршы иш-чараларды жүргүзүү
Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгү феруланы өстүрүүнүн натыйжасында жакшыртылды
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
Чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин каражаттарынын алкагында
3.2. Феруланы өстүрүүнүн ресурс үнөмдөөчү жана суу үнөмдөөчү технологияларын колдонуу
250,0 га аянтка 25,0 млн. сом суммасына тамчылатып сугаруу системасы орнотулду
2025-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
Чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин каражаттарынын алкагында
3.3. Ферула сырьёсун өндүрүүнүн кластердик ыкмасын пробациялоо
Феруланын кластердик өндүрүшү киргизилди, "Ферула" кластери түзүлдү
2025-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
"Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоорунун каражаттарынын алкагында
3.4. Феруланы өстүрүүнүн жана сырьёсун кайра иштетүүнүн эсебинен кошумча нарктын кошумча чынжырын түзүү
12760,0 тонна көлөмүндө ферула, 1392,0 тонна сырьё өндүрүшү камсыз кылынды
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, чарбакер субъекттер, жеке ишкерлер
Чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин каражаттарынын алкагында
3-артыкчылык. Феруланы өстүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү
4. Техникалык жана технологиялык мүнөздөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү
4.1. Феруланын айдоо аянттарын, өнөр жайлык кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле продукциянын сатуу рынокторун кеңейтүү
Феруланын сырьёлук дүң продукциясын өндүрүү жалпы 3340,8 млн. сом суммасына 1392,0 тоннага жеткирилди
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, чарбакер субъекттер, жеке ишкерлер
Чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин каражаттарынын алкагында
4.2. Феруланы өстүрүү боюнча чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин ишин координациялоо, феруланын техникалык сырьёсун жыйноо, кайра иштетүү жана экспорттоо процесстерин уюштуруу
Феруланын техникалык сырьёсун жыйноодо, кайра иштетүүдө жана экспорттоодо чарбакер субъекттерге, жеке ишкерлерге өндүрүштүк жана маркетингдик колдоо көрсөтүлдү
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча)
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын алкагында
4.3. Феруланы сатуунун тышкы рынокторуна маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
Феруланы сатууда тышкы рыноктор изилденди, экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча сунуштар берилди
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын, чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин каражаттарынын алкагында
4.4. Феруланын экме плантацияларын уюштуруу жана феруланын табигый продукциясынын түшүмүн жыйноо үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди тартуу
Ата-мекендик жана чет өлкөлүк адистер тартылды, феруланын экме плантациялары уюштурулду
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын, чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин каражаттарынын алкагында
5 .Инвестициялык, экономикалык жана финансылык мүнөздөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү
5.1. Феруланын өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттерди каржылоо үчүн эл аралык уюмдарды тартуу боюнча шарттарды түзүү
Эл аралык ишканалардан 25,0 млн. сом суммасында финансалык каражаттар тартылды
2025-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
Эл аралык уюмдардын каражаттарынын алкагында
5.2. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун линиясы боюнча феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттерди жана жеке ишкерлерди жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен кредиттөө (каржылоо)
Феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер жалпы суммасы 30,0 млн. сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз болушту
2025-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, коммерциялык банктар
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун каражаттарынын алкагында
5.3. Ферула сырьесун өстүрүү жана өндүрүү чөйрөсүндө салыктык, бажылык-тарифтик, баалык жана техникалык жөнгө салуу чараларын колдонуу
Феруланы сырьесун өстүрүү жана өндүрүү чөйрөсүндөгү ички рынокто туруктуулук камсыз кылынды
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, мамлекеттик органдар
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын алкагында
4-артыкчылык. Феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин илимий жана кадрдык потенциалын жогорулатуу
6. Феруланы изилдөө боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
6.1. Феруланы айыл чарба максаттарында өстүрүү үчүн изилдөө боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу
Феруланы айыл чарба максаттарында өстүрүү боюнча илимий-изилдөө жүргүзүлдү
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, БИМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
6.2. Феруланы өстүрүү, аны кайра иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү аркылуу өстүрүү көлөмүн көбөйтүү процесстерине илимий иштеп чыгууларды кеңири киргизүү
Феруланы өстүрүү боюнча илимий иштеп чыгуулар жактырылды жана ишке киргизилди
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ, БИМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
7. Феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин потенциалын жогорулатуу
7.1. Чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин айыл чарба максаттарында феруланы өстүрүү боюнча билимдерин жогорулатуу үчүн илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, окутуу курстарын, тренингдерди өткөрүү
Илимий-практикалык конференция, семинарлар, тегерек столдор, окутуу курстары, тренингдер өткөрүлдү. Чарбакер субъекттердин жана жеке ишкерлердин феруланы өстүрүү боюнча билим деңгээли жогорулатылды
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
Чарбакер субъекттердин, жеке ишкерлердин каражаттарынын алкагында
7.2. Калк арасында феруланын экономикалык артыкчылыктары жөнүндө кеңири пропаганда иштерин жүргүзүү
ЖМК беттеринде, интернет сайттарында жана мобилдик тиркемелерде феруланы өстүрүүнүн артыкчылыктары жарыяланды
2024-2028-жылдар аралыгында
САЧКӨМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында
Кыскартуулардын тизмеси
САЧКӨМ
-
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
БИМ
-
Билим берүү жана илим министрлиги
КРП облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
ЖӨБ органдары
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
3-тиркеме
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасын ишке ашыруу боюнча индикаторлор МАТРИЦАСЫ
Милдеттер
Индикатордун аталышы
Өлчөө бирдиги
Базалык жыл (2023)
Орто аралык индикаторлор (жылдык)
Акыркы индикаторлор
Жооптуу аткаруучулар
2024
2025
2026
2027
2028
2-артыкчылык. Жергиликтүү табигый-климаттык шарттарга ылайыкташтырылган прогрессивдүү жана инновациялык айыл чарба технологиялары менен феруланы өстүрүү
Феруланы эгүү жана өстүрүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу
Феруланы өстүрүү үчүн асылдуулугу төмөн жана деградацияланган айыл чарба багытындагы жерлерди бөлүү жана пайдалануу
га
-
921,0
1280,0
3360,0
6960,0
11600,0
11600,0
САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча)
Феруланы өстүрүүнүн алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларын киргизүү
Феруланы өстүрүүнүн ресурс үнөмдөөчү жана суу үнөмдөөчү технологияларын колдонуу
га
-
-
20,0
45,0
75,0
110,0
250,0
САЧКӨМ
млн. сом
-
-
3,0
5,0
7,0
10,0
25,0
Феруланы өстүрүүнүн жана сырьесун кайра иштетүүнүн эсебинен кошумча нарктын кошумча чынжырын түзүү
тонн
-
904,4
1267,2
3360,0
7308,0
12760,0
12760,0
САЧКӨМ, чарбакер субъекттер, жеке ишкерлер
тонн
-
87,5
128,0
352,8
765,6
1392,0
1392,0
3-артыкчылык. Феруланы өстүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Техникалык жана технологиялык мүнөздөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Феруланын айдоо аянттарын, өнөр жайлык кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле продукциянын сатуу рынокторун кеңейтүү
тонн
-
87,5
128,0
352,8
765,6
1392,0
1392,0
САЧКӨМ, чарбакер субъекттер, жеке ишкерлер
млн. сом
-
175,0
268,8
776,1
1760,8
3340,8
3340,8
Экономикалык жана финансылык мүнөздөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттерди каржылоо үчүн эл аралык уюмдарды тартуу боюнча шарттарды түзүү
млн. сом
-
-
-
5,0
10,0
10,0
25,0
САЧКӨМ
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун линиясы боюнча феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттерди жана жеке ишкерлерди жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен кредиттөө (каржылоо)
млн. сом
-
-
3,0
5,0
8,0
14,0
30,0
САЧКӨМ, коммерциялык банктар
Кыскартуулардын тизмеси
САЧКӨМ
-
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
КРП облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
ЖӨБ органдары
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
4-тиркеме
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында феруланы өстүрүү программасынын БЮДЖЕТИ
№
Чаралар
Өлчөө бирдиги
Каржылоо муктаждыгы
Мүмкүнчүлүктөр
Финансылык ажырым
РБ
МИП
Башкалар
Бардыгы
РБ
МИП
Башкалар
Бардыгы
РБ
МИП
Башкалар
Бардыгы
Феруланы өстүрүүнүн алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларын киргизүү
1
Феруланы өстүрүүнүн ресурс үнөмдөөчү жана суу үнөмдөөчү технологияларын колдонуу
млн. сом
-
-
25,0
25,0
-
-
25,0
25,0
-
-
-
-
Инвестициялык, экономикалык жана финансылык мүнөздөгү мамлекеттик колдоо көрсөтүү
2
Феруланы өстүрүү чөйрөсүн инвестициялоо үчүн эл аралык уюмдарды тартуу боюнча шарттарды түзүү
млн. сом
-
-
25,0
25,0
-
-
-
-
-
-
25,0
25,0
3
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча феруланы өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттерге жана жеке ишкерлерге жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү (каржылоо)
млн. сом
-
-
30,0
30,0
-
-
30,0
30,0
-
-
-
-
Программа боюнча бардыгы:
млн. сом
-
-
80,0
80,0
-
-
55,0
55,0
-
-
25,0
25,0
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 388 "2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету…Постановление · 15.07.2022 · № 388