Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 571
Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон административдик-аймактык бирдиктин чегинде жүзөгө ашырылуучу өнөр жай жана инновациялык ишканалардын инвестициялык ишине дем берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2 “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусу преференциалык аймак болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 193 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 1591, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмеги
№
ЭИМК коду
Экономикалык иштин түрүнүн аталышы
1
Инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү
2
Жеңил жана тамак-аш өнөр жайы
13
Текстиль өндүрүшү
14
Кийим өндүрүү
15
Булгаары, булгаары буюмдарын, бут кийим өндүрүү
10
Тамак-аш азыктарын өндүрүү (тамеки буюмдарын кошпогондо)
3
Электр энергетикасы
35.11
Электр энергиясын өндүрүү
35.12
Электр энергиясын берүү
35.13
Электр энергиясын бөлүштүрүү
35.14
Электр энергиясын сатуу
4
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү
10.11
Эт өндүрүү ( кайра иштетүү жана сактоо),тоок этин кошпогондо
10.12
Айыл чарба канаттууларынын этин өндүрүү ( кайра иштетүү жана сактоо)
10.20
Балык, рак сыяктууларды жана моллюскаларды кайра иштетүү жана консервалоо
10.3
Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү жана консервалоо
10.31
Картошканы кайра иштетүү жана консервалоо
10.39
Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнүн жана консервалоонун башка ыкмалары
10.51
Сүттү кайра иштетүү жана сыр өндүрүү (сыр кайнатуу)
5
Чогултуу өндүрүшү
26
Компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү
27
Электр жабдууларын өндүрүү
28
Башка топторго кирбеген машиналарды жана жабдууларды өндүрүү
29
Автомобиль өндүрүү
30
Башка транспорт каражаттарын өндүрүү
31
Эмерек өндүрүү
32
Башка продукцияларды өндүрүү
6
Экспортко багытталган бардык өндүрүш
Эскертүү. ЭИМК – Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 42-т (Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвстициялык…Распоряжение · 29.01.2026 · № 42-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.04.2019 · № 193 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Баткен облусунун статусу жөнүндөЗакон · 10.09.2021 · № 113
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 193 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.04.2019 · № 193 · Күчүн жоготкон