Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Коо айылдык кеңешинин «Сары-Коо айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө» токтому
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2022-жылдын 18-октябры № 27
Сары-Коо айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэфициентти кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-5 бөлүгү, 37-беренесинин 3-бөлүгү жана 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4-мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Сары-Коо айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Коо айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү мүлк салыктары киргизилсин:
- Айыл чарба жерлерине мүлк салыгы;
- Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы;
-Турак жай эмес имаратына, курулмага жана жайга;
- Транспорт каражатына мүлк салыгы;
- Айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгы.
-Үй жанындагы, короо жай багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгы.
2. Айыл аймагында экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн, зоналдык коэфициент - 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (А.Акматова) бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, Юстиция Министерствосуна Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Абдылдаевге жүктөлсүн.
Сары-Коо айылдык кеңешинин төрагасы
Шамыров Ж.Р.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3