Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 10-сентябры № 552 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иштин ролун жогорулатуу максатында, сот адилеттигин камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо процессине соттук-эксперттик иштин салымын белгилөө менен, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) 2-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программанын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын карасын.
3. Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка тартылган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
– Мамлекеттик программаны жана Планды аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
– ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Мамлекеттик программаны жана Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
– ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Мамлекеттик программаны жана Планды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин;
– мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырга киргизилген маалыматтарды кошпогондо, ишке ашыруунун даражасы жөнүндө тыянактарды камтыган Мамлекеттик программаны ишке ашыруу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жыл сайын жайгаштырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 70 (3624) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы…Программа · 10.09.2024 · № 552
- 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…План · 10.09.2024 · № 552
- 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын бюджеттин тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Приложение · 10.09.2024 · № 552
- 2024–2027-жылдары Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун…Матрица · 10.09.2024 · № 552
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122