2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 552 токтому менен бекитилди)
2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№
Иш-чаралар
Аракеттер/чаралар
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар
Каржылоо
Жоопту аткаруучулар
1-глава. Мыйзамдык базаны өркүндөтүү
1
Эксперттик изилдөөлөрдүн сапатына жана мөөнөттөрүнө терс таасир тийгизген боштуктарды жана карама-каршылыктарды четтетүү үчүн СЭИ чөйрөсүндөгү мыйзамдарга талдоо жүргүзүү
СЭИни жөнгө салуучу ЧУАлардын бардык мүмкүн болуучу боштуктарды жана коллизияларды жоюуга багытталган тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу
2025-жыл I квартал
Жогору турган органдар тарабынан ЧУА долбоорлору иштелип чыкты жана кабыл алынды
Каржылоо талап кылынбайт
СЭК ССМ ИИМ УКМК МЭСЭУ (макулдашуу боюнча)
2
Экспертизалардын айрым түрлөрү жана тектери боюнча жеке жана юридикалык жактарды тейлөөнүн санариптик технологияларын киргизүү
“Эксперт” АМСти аскердик режимде ишке киргизүү жана соттук-тергөө органдарынын АМСтери менен интеграциялоо.
АМС бөлүгүндө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу
2025-жыл II квартал
Экспертизалардын айрым түрлөрү жана тектери боюнча жеке жана юридикалык жактарды тейлөөнүн санариптик технологиялары ишке киргизилди
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
СЭК ССМ ИИМ УКМК БП (макулдашуу боюнча) ЖС (макулдашуу боюнча)
3
Кыргыз Республикасынын соттук эксперттеринин Кесиптик этика кодексин иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын соттук эксперттеринин Кесиптик этика кодексинин долбоорун иштеп чыгуу
2025-жыл II квартал
Кыргыз Республикасынын соттук эксперттеринин Кесиптик этика кодекси иштелип чыкты жана кабыл алынды
Каржылоо талап кылынбайт
СЭК ССМ ИИМ УКМК МЭСЭУ (макулдашуу боюнча)
2-глава. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу
4
Эксперттик иштин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөргө катышууну камсыз кылуучу окуу-методикалык базаны түзүү жана өнүктүрүү
Ар кандай тармактарда изилдөө жүргүзүү боюнча зарыл болгон заманбап адабияттарды сатып алуу
2026-жыл IV квартал
Эксперттик иштин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөргө катышууну камсыз кылуучу жаңы окуу-методикалык база түзүлдү жана колдонуудагы база өркүндөтүлдү
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
СЭК ССМ ИИМ УКМК
5
Эксперттердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле илимий иштерге катышуу максатында Кыргыз Республикасында соттук экспертиза боюнча электрондук журнал түзүү
Кыргыз Республикасында соттук экспертизалар боюнча электрондук журналды ишке киргизүү
2024-жыл IV квартал
Эксперттердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле илимий ишке катышуу максатында Кыргыз Республикасында соттук экспертизалар боюнча электрондук журнал түзүлдү
Каржылоо талап кылынбайт
СЭК ССМ ИИМ УКМК
3-глава. Инновациялык мамилелерди киргизүү менен соттук-эксперттик иштин натыйжалуулугун жогорулатуу
6
Ата мекендик жана чет өлкөлүк соттук эксперттер менен соттук-эксперттик уюмдардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу жана байланыштарды чыңдоо
Чет өлкөлүк жана ата мекендик соттук-эксперттик уюмдар менен соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө макулдашуулардын/мемо-рандумдардын долбоорлорун түзүү, макулдашуу жана кабыл алуу; Тегерек столдорду/семинарларды өткөрүү;
Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү; Тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөгө стажировкаларды уюштуруу
2024–2027-жж.
Соттук экспертиза жаатында эл аралык кызматташтык жөнгө салынды
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
ЮМ ССМ ИИМ УКМК ТИМ
7
Техногендик мүнөздөгү окуялар жана авиатранспорттогу авариялар боюнча жогорку технологиялар, энергетика, экология, генномодификацияланган технологиялар, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жаңы түрлөрүн/тектерин киргизүү
Соттук эксперттеринин чет өлкөгө стажировкаларын уюштуруу;
Керектүү адабияттарды сатып алуу
2027-жыл II квартал
Техногендик мүнөздөгү окуялар жана авиатранспорттогу авариялар боюнча жогорку технологиялар, энергетика, экология, генномодификацияланган технологиялар, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө соттук-эксперттик изилдөөлөр киргизилди жана жүргүзүлүүдө
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
СЭК
8
Латын алфавитиндеги, араб жазуусундагы жана кытай иероглифтериндеги тексттерди изилдөө боюнча жаңы методикаларды өздөштүрүү жана окутуу
Соттук эксперттеринин чет өлкөгө стажировкаларын уюштуруу;
Керектүү адабияттарды сатып алуу
2027-жыл III квартал
Латын алфавитиндеги, араб жазуусундагы жана кытай иероглифтериндеги тексттерди изилдөө боюнча жаңы алдынкы методикалар кабыл алынды жана өздөштүрүлдү
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
СЭК
4-глава. Соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө мамлекеттик, жеке жана коомдук институттар менен өз ара аракеттенүү
9
Укук коргоо жана сот органдары үчүн экспертизаларды дайындоодо аныкталган маселелер жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрүү
Республиканын региондорунда соттук эксперттердин биргелешкен көчмө семинарларын уюштуруу
2024–2027-жж.
Укук коргоо жана сот органдары үчүн экспертизаларды дайындоодо аныкталган маселелер жөнүндө биргелешкен семинарлар өткөрүлдү
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
СЭК ССМ ИИМ УКМК ЖС (макулдашуу боюнча) БП (макулдашуу боюнча)
10
Мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын өкүлдөрүн киргизүү менен эксперттик ишти өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн жана жолдорун талкуулоо үчүн аянтчаларды түзүү
СЭИни өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык биргелешкен жумушчу топторду уюштуруу
2025-жыл III квартал
Мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын өкүлдөрүн киргизүү менен эксперттик ишти өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн жана жолдорун талкуулоо үчүн аянтча түзүлдү
Каржылоо талап кылынбайт
СЭК ЮМ ССМ ИИМ УКМК МЭСЭУ (макулдашуу боюнча)
11
Соттук-эксперттик иш жөнүндө калкты маалымдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү
Роликтерди, маалыматтык макалаларды түзүү жана аларды ЖМКларда, телекөрсөтүү жана мамлекеттик органдардын социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу андан ары жарыялоо
2025-жыл I квартал
Калкты СЭИ жөнүндө маалымдоо боюнча ЖМКларда жана мамлекеттик органдардын социалдык тармактарында роликтер жарыяланды
Каржылоо талап кылынбайт
СЭК ССМ ИИМ
5-глава. Материалдык-техникалык камсыздоо
12
Мамлекеттик соттук-эксперттик лабораторияларды керектүү заманбап жабдуулар, сапаттуу инструменталдык база эл аралык стандарттарга ылайык чыгымдалуучу материалдар менен жана өз убагында жабдууну камсыз кылуу
Мамлекеттик соттук-эксперттик мекемелер үчүн заманбап адистештирилген лабораториялык жабдууларды сатып алуу
2027-жыл III квартал
Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар керектүү заманбап жабдуулар, инструменталдык база менен камсыздалды, эл аралык стандарттарга ылайык чыгымдалуучу материалдар менен жабдылды
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
СЭК ССМ ФМ
13
Экспертизалардын жаңы түрлөрүн жүргүзүү үчүн адистештирилген техниканы жана жабдууларды сатып алуу (геномдук (ДНК-анализ), экологиялык, автотовар таануучулук, товар таануучулук, санариптик кол тамгаларды изилдөө сыяктуу ж.б. экспертизалардын түрлөрүн киргизген учурда)
Мамлекеттик соттук-эксперттик мекемелер үчүн заманбап адистештирилген лабораториялык жабдууларды сатып алуу
2027-жыл III квартал
Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар геномдук (ДНК-анализ), экологиялык, автотовар таануучулук, товар таануучулук, санариптик кол тамгаларды изилдөө сыяктуу ж.б. экспертизалардын түрлөрүн жүргүзүү үчүн адистештирилген жабдуулар менен камсыздалды
Республика-лык бюджетте каралган каражаттар-дын чегинде;
Тартылган донордук каражаттар
СЭК ССМ ФМ УКМК
Кыскартуулардын тизмеси:
СЭИ
–
соттук-эксперттик иш
АМС
–
автоматташтырылган маалыматтык система
СЭК
–
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат
МЭСЭУ
–
мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар
ЖМК
–
жалпыга маалымдоо каражаттары
ЖС
–
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
БП
–
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
ЮМ
–
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ФМ
–
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ИИМ
–
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ССМ
–
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ТИМ
–
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
УКМК
–
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.