Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча илимий секциялар жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 516 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча илимий секциялар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 110 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча илимий секциялар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысына изденүүчүлөрдү жана тиркелген материалдарды тандоо боюнча илимий-техникалык профилдеги илимий секцияларды түзүүнүн тартибин, ишин, курамын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
3. Илимий-техникалык багыттарга жана илимий изилдөөлөрдүн тематикаларына ылайык төрт секция түзүлөт. Секциялар өзүнүн ишин ушул Жобонун алкагында жүргүзүшөт.
4. Секциялар келип түшкөн сунуштарды жана аларга тиркелген материалдарды комиссиялык негизде кароо максатында түзүлөт.
5. Секциялар Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысына талапкер болгон эмгектерди алдын ала тандашат жана экспертизадан өткөрүшөт.
6. Эмгектерди алдын ала тандоонун жана экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча секциялар өз багыттары боюнча корутунду чыгарышат.
7. Секциянын мүчөлөрү өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылары чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына ылайык коомдук башталышта жүргүзөт.
2-глава. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
8. Мамлекеттик сый акыны изденүүчү - бул илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин кандидаты, илимдин доктору же философия доктору (PhD) илимий даражасы бар, жогорку билимдүү окумуштуу же үч адамдан ашпаган окумуштуулар тобу.
9. Илим жана техника жаатындагы эксперт - жогорку билимдүү, ар кандай тармактарда жаңы технологияларды жана инновацияларды баалоо, иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн ар кандай дисциплиналардын кесилишинде иштеген, изилдөө, долбоорлорду иштеп чыгуу, маалыматтарды талдоо, компанияларга жана өкмөттүк уюмдарга кеңеш берүү жана инновациялык долбоорлорду башкаруу жаатында кеңири милдеттерди аткаруучу, илимдин, техниканын жана инновациянын тиешелүү тармагындагы жогорку квалификациялуу адис. Ал татаал көйгөйлөрдү чечүү жана экономикалык өсүшкө жана социалдык прогресске дем берүү үчүн алдынкы илимий жана технологиялык жетишкендиктерди иштеп чыгууда жана колдонууда негизги ролду ойнойт.
10. Илимий секция - илим жана техника багыттары боюнча иштеген, жетекчини кошо алганда 7 адамдан турган эксперттердин тобу, алар келип түшкөн сунуштарды жана аларга тиркелген материалдарды Коомдук комиссиянын жыйналышына киргизүү үчүн өз багыттары боюнча корутундусу менен комиссиялык негизде карайт.
11. Коомдук комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылар чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 110 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобого ылайык коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
3-глава. Илимий секциялар
Илимий секциялар төмөнкүдөй илимий багыттар боюнча түзүлөт:
12. Мамлекеттик тилдин статусун өнүктүрүү жана жогорулатуу.
Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сый акы мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө, статусун жогорулатууга өбөлгө түзгөн көрүнүктүү илимий ачылыштар үчүн (илимдин бардык багыттары боюнча) ыйгарылат.
13. Табигый, химиялык-техникалык, медициналык-биологиялык, айыл чарба жана аскердик илимдерди өнүктүрүү.
Табигый, химиялык-техникалык, медициналык-биологиялык, айыл чарба жана аскердик илимдер жаатындагы мамлекеттик сый акы ата мекендик илимди олуттуу байыткан жана табигый, техникалык, медициналык илимдердин өнүгүшүнө, айыл чарба комплексин түзүүгө жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга, анын ичинде физика, кванттык технология, медицина, биология, химия, айыл чарбасы, климатология, экология, аскердик ж.б. илимдердин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары үчүн ыйгарылат.
14. Инженердик-техникалык, математикалык, тоо-кен жана геологиялык илимдерди өнүктүрүү.
Инженердик-техникалык, математикалык, тоо-кен жана геология илимдери жаатындагы мамлекеттик сый акы экономиканы жана социалдык чөйрөнү, анын ичинде математиканы, информатиканы, маалыматтык технологияларды, киберкоопсуздукту, жасалма интеллектти, нерселердин интернетин (IoT), машина курууну, курулуш индустриясын, тоо-кен иштерин, энергетиканы инновациялык өнүктүрүүнү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоону, ошондой эле экономиканын ар түрдүү тармактарында мамлекеттик сырларга тиешелүү маалыматтарды камтыган принципиалдуу жаңы продукцияларды жана технологиялык процесстерди түзүүнү камсыз кылган жаңы техниканын жана прогрессивдүү технологиялардын үлгүлөрүн иштеп чыккандыгы үчүн ыйгарылат.
15. Коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүү.
Мамлекеттик сый акы социология, саясат таануу, филология, тарых, археология, экономика, маданият таануу, философия, эл аралык иштер ж.б. кошо алганда, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө жана коомду баш коштурууга көмөктөшкөн гуманитардык, агартуучулук жана тынчтыкты орнотуу ишиндеги көрүнүктүү жетишкендиктер үчүн ыйгарылат.
4-глава. Секцияларды түзүү тартиби
16. Мамлекеттик сый акыларды изденүүчүлөргө сунуштарды, аларга тиркелген материалдарды кабыл алууну жана алардын критерийлерге жана шарттарга шайкештигин алдын ала кароону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп жетекчинин атынан билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) эсептелет.
17. Мамлекеттик сый акыларды изденип алууга талапкерлердин материалдарын объективдүү жана адилеттүү кароо максатында ыйгарым укуктуу орган илимий секцияларды жана алардын курамдарын түзөт, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
18. Секцияларды түзүү ачыктык, тандоонун көп баскычтуу системасы, ротация, илимий коомчулуктун кеңири катышуусу жана илимдин айрым багыттарынын өзгөчөлүгүн эске алуу принциптерине негизделет.
19. Илимдин кандидаты/философия доктору (PhD), илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле илим жана техника, маданият жана коомдук турмуш жаатында эмгек сиңирген ишмерлер секцияларга мүчө боло алышат.
Секциянын мүчөлөрүнүн илимий изилдөөлөрдүн материалдарына экспертиза жүргүзүүгө катышуу тажрыйбасы, ошондой эле илимий-изилдөө иштерине оппонент жана рецензент катары иш тажрыйбасы болууга тийиш. Секциялардын курамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын Президиумунун 2023-жылдын 29-июнундагы № 312, 314 токтомдору менен бекитилген окумуштуулук даражанын классификациясынын шифрлери боюнча бирдей адистиги бар талапкерлер кире албайт. Башка жарандыкка ээ Кыргыз Республикасынын резиденти эместер, ошондой эле соттуулугу барлар секцияларга мүчө боло албайт.
20. Секциянын мүчөлөрүнүн биринчи жыйналышында ачык добуш берүү аркылуу анын жетекчиси шайланат.
21. Секциялардын курамы үч жылда бир жолудан кем эмес жаңыланууга тийиш.
5-глава. Илимий секциялардын ишин уюштуруу
22. Мамлекеттик сый акыларды изденүүчүлөргө сунуштарды жана аларга тиркелген материалдарды берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акылар боюнча коомдук комиссиясы тарабынан белгиленет.
Сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрү, аларга карата талаптар, тиркелген материалдарды тариздөө жөнүндө маалыматтар, ошондой эле сунуштарды кабыл алуунун башталышы жана аякташы жөнүндө кулактандыруулар сунуштарды кабыл алуу башталганга чейин эки жумадан кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
23. Талапкерлер төмөнкү документтерди электрондук жана кагаз түрүндө жөнөтүшөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш (автордук жамаатты көрсөтүүдө сунушта изденүүчүлөрдүн ар биринин сунушталган ишти түзүүгө катышуусу жөнүндө маалыматтар чагылдырылат);
2) белгиленген үлгү боюнча изденүүчүнүн толтурулган анкетасы;
3) сунушталган иштин аннотациясы;
4) паспорттун көчүрмөсү;
5) соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
6) билими, окумуштуулук даражасы жөнүндө дипломдордун, эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
7) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн коллегиялык органдын токтомдорунун же чечимдеринин көчүрмөлөрү, изденүүчүнүн сунушталган ишин талкуулоо боюнча протоколдордун көчүрмөлөрү;
8) жарыяланган илимий эмгектердин, изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын тизмеси.
24. Алынган материалдар илимий секциялар жөнүндө бекитилген Жобонун ченемдерине жана талаптарына толук эмес же ылайык келбеген учурда илимий секциялар материалдарды кайра кайтарып бериши же бул жөнүндө талапкерге тийиштүү билдирүү менен кароосуз калтырышы мүмкүн.
25. Илимий секциялар талапкердин материалдарын карап чыгуу жана чечим кабыл алуу аяктагандан кийин алар боюнча өз чечимдерин ыйгарым укуктуу органга жиберет.
26. Мамлекеттик сый акыларды ыйгарууга изденүүчүлөрдүн иштерин жана алардын Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акылары жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келишин иликтөө максатында документтер кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө секциянын жыйналышында ар бир иштин баасы аныкталат.
27. Мамлекеттик сый акыны ыйгарууга сунушталган изденүүчүлөрдүн иштери жана эксперттик корутундулар секциянын жыйналышында талкууланат, анын натыйжалары илимдин жана техниканын тиешелүү тармагы боюнча эксперттик топтун бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет.
28. Изденүүчүлөрдүн эки терс корутунду алган ишинен баш тартылат жана алар коомдук комиссиянын жыйналышына киргизилбейт.
29. Илимий секциялар тарабынан мамлекеттик сый акыны изденип алууга материалдарды объективдүү жана адилеттүү кароо процесси аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм) дарегине документтерди жыйноону, комплектөөнү жана өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат.
30. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген материалдарга өзүнүн экспертизасын жүргүзгөндөн кийин аларды жана өзүнүн корутундусун Коомдук комиссиянын кароосуна киргизет.
31. Илимий секциялардын жыйынтыктары жана алардын курамы жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу органга, Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнө, ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмгө гана жеткиликтүү болуп, ачыкка чыгарылбайт.
6-глава. Илимий секциялардын мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери
32. Секциянын жетекчиси:
- ушул Жобо менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык секциянын ишин уюштурат жана анын натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- секциянын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт;
- секциянын ишин чагылдырган пландоочу жана отчеттук документтерди даярдоону уюштурат;
- секциянын ишин контролдойт жана кабыл алынган чечимдерди текшерүүнү уюштурат;
- секциянын жыйналышын чакыруу жана өткөрүү датасын аныктайт;
-секциянын жыйналыштарынын протоколдорун өз убагында даярдоону уюштурат;
- секциянын жыйналышынын чечимдерин өз убагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеткирүүнү ишке ашырат.
33. Секциянын катчысы:
- секциянын ишин уюштуруучулук, документтик жана маалыматтык камсыздоону ишке ашырат;
- секциянын ишинин план-графигинин долбоорун түзөт;
- секциянын жыйналышынын күн тартибин түзөт жана аны секциянын төрагасынын бекитүүсүнө сунуштайт;
- секциянын жыйналыштарын даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;
- коштоочу материалдарды даярдоону камсыз кылат (зарыл болсо);
-секциянын мүчөлөрүнө секциянын жыйналышы өтүүчү жер, датасы жана убактысы жөнүндө маалыматты таратат;
- секциянын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт.
34. Секциянын мүчөлөрү:
- секциянын жетекчисинин тапшырмаларын жана иш-чараларын белгиленген мөөнөттө аткарышат;
- секциянын бардык жыйналыштарына катышат;
- өзүнүн иши менен секциянын милдеттерин аткарууга көмөктөшөт;
-жарыш сөздөргө катышат, изденүүчүлөрдүн каралып жаткан иштеринин маңызы боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 516 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча…Постановление · 27.08.2024 · № 516
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 110 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Указ · 30.04.2024 · № 110 · Күчүнө кире элек