Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 110 «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-04-30.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 30-апрели ПЖ № 110
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча илимий секциялар жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №…Положение · 27.08.2024 · № 516
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо (КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №110 Жарлыгына)Положение · 30.04.2024 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 516 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу боюнча…Постановление · 27.08.2024 · № 516
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Указ · 24.03.2022 · № 88 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 24.03.2022 · № 88 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Указ · 24.03.2022 · № 88 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 175 · Күчүн жоготкон