Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Министрлер кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттиги буйрук 2024-жылдын 14-августу № 696
«Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 13-21-1 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажырыйбасы менен максимум бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Кыргыз Республиканын министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алынсын.
4. Күчүн жоготту деп табылсын:
- 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9» буйругунун 1-пунктунун 9-абзацы;
- 2017-жылдын 11-майдагы № 1 « Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9» «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т.Төлөгөновго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-августундагы № 62 (3616) саны менен жарыяланды.
Директордун милдетин убактылуу аткаруучу
Д.К. Бостонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.01.2016 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9»(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин…Правила · 14.08.2024 · № 696
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 13-21-1 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине…Приказ · 19.03.2026 · № 13-21-1
- (Утверждено приказом Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики от 27 января 2016 года № 1) "АВИАЦИОННЫЕ ПРАВИЛА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ АПКР-9 «Упрощение…Правила · 27.01.2016 · № 1 · Күчүн жоготкон
- КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 11-майындагы № 1 “КРАЭ-9. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана…Приказ · 11.05.2017 · № 1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.01.2016 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9»(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин…Правила · 14.08.2024 · № 696
- КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 11-майындагы № 1 “КРАЭ-9. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана…Приказ · 11.05.2017 · № 1 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.