Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Транспорт жана жол министрлигинин “КРАЭ-9. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Государственного агенство гражданской авиации при Кабинете Министров КР от 14 августа 2024 года № 696 "Об утверждении Авиационных правил Кыргызской Республики «АПКР 9. Упрощение формальностей»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14-августу № 696 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2017-жылдын 11-майы № 1 “КРАЭ-9. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Жарандык авиациясынын эл аралык уюмунун (ИКАО) сунуш кылынган практикасы жана Стандарттары менен максималдуу бирдиктүүлүктү камсыздоо максатында жана эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын 9-Тиркемесине 25 оңдоолорду киргизгендигине байланыштуу 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. “КРАЭ-9. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” 27 январь, 2016-жылдагы №1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Аныктамалар жана жалпы жоболор” 1-главасынын “Терминдерди аныктоо” бөлүгүндө “Талап кылынбаган багаж” деген аныктамадан кийин төмөндөгү мазмундагы 40-абзац менен толукталсын:
“Сактыктын зарыл чаралары. Учуу пунктунда аба кемелеринин эксплуатанттарынын же компаниянын тиешелүү үлгүдө даярдалган кызматкерлери аба кемелеринин эксплуатанттарынын атынан, ар бир жүргүнчүнүн учуу документи бар экендигин, жана ал кайсы жерде колдонулаарын, кабыл алып жаткан мамлекетке кирүүгө зарыл болгон визаларын же жашоого уруксатты текшерүүсү. Бул текшерүү туура эместиктерди табууга багытталган (мисалы, документтерди атайын өзгөртүп коюу).”; “Эскертүү” деген аныктамадан кийин төмөндөгү мазмундагы 56-абзац менен толукталсын: “Бир терезе режими. Соода жана транспорттук операцияларга катышкан тараптарга стандартташтырылган маалыматты жана документтерди импорт, экспорт жана транзитке байланышкан бардык ченемдик талаптарды аткаруу үчүн кирүү/алып киргизүүнүн бир пунктунда көрсөтүү каражаты. Электрондук маалымат берүү учурунда маалыматтардын айрым элементтерин бир жолу гана көрсөтүү керек.”;
- “Жүргүнчүлөрдүн жана алардын багажынын келүү кетүү убактысы” 3-главанын “Б. Жүрүү үчүн талап кылынган документтер” бөлүмүнүн 3.5-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“3.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар адамдардын келүү жана кетүүсүн тариздөөдө ушул главада көрсөтүлгөн документтерден башка эч кандай документ талап кылынбасын камсыздашат”.
- “Жүргүнчүлөрдүн жана алардын багажынын келүү кетүү убактысы” 3-главанын “В.Жүрүү документтерин коргоо” 3-главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 3.8.2-пункт менен толукталсын:
“3.8.2. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар конкреттүү бир мамлекет тарабынан берилген учуу документтеринин уурдалган, жоготулган, кайра чакырылганы жөнүндө так маалыматтарды, аларды уурдалган жана жоготулган учуу документтери жөнүндөгү маалымат базасына киргизүү үчүн ИНТЕРПОЛго кечиктирбей жиберишет. (SLTD).”;
- “Жүргүнчүлөрдүн жана алардын багажынын келүү кетүү убактысы” 3-главанын “Г. Жүрүү документтери” 3.12.- пункту төмөндөгү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар качкындарга жана жарандыгы жок адамдарга берилген учуу документтери (Конвенцияда каралган учуу документтери), Doc 9303 документтеринин спецификациясына ылайык машинада окула тургандай болуусун камсыздайт.”;
- “Адамдардын жана алардын багажынын келүүсү жана кетүүсү” 3-главанын “И. Учуу документтерин текшерүү” 3.25-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“п. 3.25. Аба кемелеринин эксплуатанттары конуу пунктунда бортко киши алуу учурунда адамдардын транзитин жана дайындалган жерди мамлекеттик контролдоо максатында жана бул главада жазылгандар үчүн берилген так учуу документтери бар экенине ишенүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт.”;
- Жүктөрдү жана башка предметтерди алып кирүү жана чыгаруу” 4-главада «Чыгаруу жана экспорттук жүктөрдү бажылык тазалоо” жана «Чыгаруу жана импорттук жүктөрдү бажылык тазалоо” аталыштары бириктирилип, бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«В. Чыгаруу жана экспорттук жана импорттук жүктөрдү бажылык тазалоо”.
- “Кирүүгө укугу жок жана депорттолгон адамдар” 5-главанын “Б. Кирүүгө укугу жок адамдар” 5.14-пунктундагы “жетишерлик чаралар” деген сөздөр “сактыктын зарыл болгон чаралары” деп алмаштырылсын.
2. Бул буйрук расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Г.К.Абдралиевага жүктөлсүн.
Министрдин орун басары
А. Жусубалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.01.2016 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14-августу № 696 «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү. КРАЭ-9» Кыргыз…Приказ · 14.08.2024 · № 696
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- (Утверждено приказом Министерства транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики от 27 января 2016 года № 1) "АВИАЦИОННЫЕ ПРАВИЛА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ АПКР-9 «Упрощение…Правила · 27.01.2016 · № 1 · Күчүн жоготкон