Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Жайыл, Бакай-Ата, Тогуз-Торо, Токтогул, Базар-Коргон жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-августу № 82 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Жайыл, Бакай-Ата, Тогуз-Торо, Токтогул, Базар-Коргон жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын (23.08.2023-ж. №58,59) – Чүй облусунун Кемин шаардык кеңеши боюнча;
- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын (29.08.2023-ж. №29) – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (21.08.2023-ж. №6) – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын (22.08.2023-ж. №3) – Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын (22.08.2023-ж. №21,22) – Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айылдык кеңеши боюнча;
- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (21.08.2023-ж. №45) – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айылдык кеңеши боюнча;
- Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын (22.08.2023-ж. №5,6) – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айылдык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (11.08.2023-ж. №12,13; 22.08.2023-ж. №14) – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын (23.08.2023-ж. №5) – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык жана Кеңеш айылдык кеңештери боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын (28.08.2023-ж. №6,7) – Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча. Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын (22.08.2023-ж. №3) – Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылдык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (11.08.2023-ж. №13) – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет». Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Жайыл, Бакай-Ата,
Тогуз-Торо, Токтогул, Базар-Коргон жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Москва жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кемин, Ысык-Ата, Москва, Жайыл, Тогуз-Торо, Токтогул,
Базар-Коргон жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кемин, Ысык-Ата, Москва, Жайыл, Тогуз-Торо, Токтогул,
Базар-Коргон жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2023-жылдын 30-августундагы № 83 токтомунун 1-тиркемеси
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
Ф.А.А.
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз
Чүй облусу
Кемин району
1.
Кемин шаардык
Садыбакасов Эрнис Кадырбекович (7) «Патриот Ынтымагы» депутаттык фракциясы
Кемин АШК, №58, 23.08.2023-ж. (14.08.2023-ж. – өз арызы)
Аламүдүн району
2.
Ленин айылдык
Досалиева Гульмира Кожомуратовна
Аламүдүн АШК, №29, 21.08.2023-ж. (12.08.2023-ж. – өз арызы)
Ысык-Ата району
3.
Люксембург айылдык
Молдокулова Надира Советбековна
Ысык-Ата АШК, №6, 21.08.2023-ж. (20.08.2023-ж. – өз арызы)
Москва району
4.
Предтеченка айылдык
Кальдашов Бакытбек Тулегенович
Москва АШК, №3, 22.08.2023-ж. (03.08.2023-ж. – өз арызы)
Жайыл району
5.
Сары-Коо айылдык
Кадыралиева Айнура Тойгуловна
Жайыл АШК, №21, 22.08.2023-ж. (20.08.2023-ж. – өз арызы)
Талас облусу
Бакай-Ата району
6.
Шадыкан айылдык
Токкулиев Радилбек Айтбекович
Бакай-Ата АШК, №45, 21.08.2023-ж. (20.07.2023-ж. – өз арызы)
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо району
7.
Сары-Булуң айылдык
Нуркамилов Эсентур Казакбаевич
Тогуз-Торо АШК, №5, 22.08.2023-ж. (18.08.2023-ж. – өз арызы)
Токтогул району
8.
Кетмен-Дөбө айылдык
Тобокел улуу Амантур
Токтогул АШК, №12, 11.08.2023-ж. (05.08.2023-ж. – өз арызы)
Базар-Коргон району
9.
Базар-Коргон шаардык
Абдумаликов Абдулхак Абдулсаматович (8) «Ата-Журт-Кыргызстан» депутаттык фракциясы
Базар-Коргон АШК, №5, 23.08.2023-ж. (19.08.2023-ж. – өз арызы)
10.
Жуманазаров Элдияр Жамшитович (11) «Ата-Журт-Кыргызстан» депутаттык фракциясы
Базар-Коргон АШК, №5, 23.08.2023-ж. (18.08.2023-ж. – өз арызы)
11.
Кеңеш айылдык
Жумали кызы Алтынай
Базар-Коргон АШК, №6, 23.08.2023-ж. (18.08.2023-ж. – өз арызы)
Ысык-Көл облусу
Каракол шаары
12.
Каракол шаардык
Жанышев Жениш Жанышевич (8) «Эмгек» депутаттык фракциясы
Каракол АШК, №6, 28.08.2023-ж. (04.08.2023-ж. – өз арызы)
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 30-августундагы № 83 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин
Ф. А. А.
Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз
Чүй облусу
Москва району
1.
Предтеченка айылдык
Советбек уулу Аман
Москва АШК, №3, 22.08.2023-ж. (22.04.2021-ж. – өз арызы)
Жалал-Абад облусу
Токтогул району
2.
Кетмен-Дөбө айылдык
Токторалиев Алмаз Бердигулович
Токтогул АШК, №13, 11.08.2023-ж. (26.05.2022-ж. – өз арызы)
3.
Атабеков Медербек Абаевич
Токтогул АШК, №13, 11.08.2023-ж. (10.08.2023-ж. – өз арызы)
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2023-жылдын 30-августундагы № 83 токтомунун 3-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф. А. А.
Иштеген жери, ээлеген кызматы
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими
Чүй облусу
Кемин району
1.
Кемин шаардык
Шарипканов Аман Алмазбекович (10) «Патриот Ынтымагы» саясий партиясы
Жеке ишкер
Кемин АШК, №59, 23.08.2023-ж.
Ысык-Ата району
2.
Люксембург айылдык
Кожонов Акжолтой Акылбекович
Жеке ишкер
Ысык-Ата АШК, №6, 21.08.2023-ж.
Москва району
3.
Предтеченка айылдык
Омуркулов Калбек Дутанович
Пенсионер
Москва АШК, №3, 22.08.2023-ж.
Жайыл району
4.
Сары-Коо айылдык
Атышканова Кумушай Насырбековна
Сары-Коо айыл өкмөтү, КК
Жайыл АШК, №22, 22.08.2023-ж.
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо району
5.
Сары-Булуң айылдык
Чокморов Алтынбек Каныбекович
№9 Э.Касымалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү орто мектебинин диерктору
Тогуз-Торо АШК, №6, 22.08.2023-ж.
Токтогул району
6.
Кетмен-Дөбө айылдык
Садырова Венера Нурмамбетовна
Уста-Сай атындагы ФАП, медайым
Токтогул АШК, №14, 22.08.2023-ж.
Базар-Коргон району
7.
Базар-Коргон шаардык
Досматов Нурали Жумалиевич (17) «Ата-Журт-Кыргызстан» саясий партиясы
Жеке ишкер
Базар-Коргон АШК, №5, 23.08.2023-ж.
8.
Кадиров Мамасали Мамажанович (23) «Ата-Журт-Кыргызстан» саясий партиясы
Жеке ишкер
Базар-Коргон АШК, №5, 23.08.2023-ж.
9.
Кеңеш айылдык
Азимжан кызы Гүлсүнай
Жеке ишкер
Базар-Коргон АШК, №6, 23.08.2023-ж.
Иссык-Кульская область
Город Каракол
10.
Караколский городской
Жакшылыков Эдил Рыспекович (23) «Эмгек» саясий партиясы
«Каракол райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору» мекемеси, санитардык врач
Каркол АШК, №7, 28.08.2023-ж.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 30-августундагы № 82 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн № 4 Көк-Жар бир мандаттуу…Постановление · 30.08.2023 · № 82