Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын «2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо мыйзам бузуулар жөнүндө укук коргоо органдарынын материалдары тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-августу № 82
2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо мыйзам бузуулар жөнүндө укук коргоо органдарынын материалдары тууралуу
2021-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) "№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө" № 822 токтому менен № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары аныкталган:
1) № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылган;
2) № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп Бакиров Өмүрбек Мирзараимович таанылган.
№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.Р.Рысбаевдин өкүлү А.Жумалиев соттук тартипте даттанганда, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 23-декабрындагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 17-декабрындагы № 822 токтому мыйзамдуу деп таанылып, күчүндө калтырылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын жогоруда аталган 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомунун негизинде, 2023-жылдын 27-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясынын № 838 токтому кабыл алынган, ал токтом менен Ө.М.Бакиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган. 2022-жылдын декабрында Р.Р.Рысбаевдин өкүлү А.Жумалиев тарабынан - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган Х.Б.Гоиповду жана Ф.М.Норматовду шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнөөлүү деп тапкан Ноокат райондук жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрүн эске алуу менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндө доо арызы Бишкек шаарынын Административдик сотуна берилген. 2022-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарынын Административдик соттун ишти кароонун жыйынтыгы боюнча, Р.Р.Рысбаевдин жаңы ачылган жагдайлар негизинде кайра кароо арызы канааттандырылып, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин (№ АД-1368/21абс8) жокко чыгаруу тууралуу аныктама кабыл алынган. Борбордук шайлоо комиссиясы жана Ө.М. Бакиров тарабынан апелляциялык жана кассациялык инстанцияларга даттанууда, Бишкек шаардык Административдик сотунун 2022-жылдын 12-декабрындагы аныктамасы Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 6-февралындагы аныктамасы менен жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 26-апрелиндеги токтому менен күчүндө калтырылган. 2023-жылдын 7-июнунда, Бишкек шаарынын Административдик соту Р.Р.Рысбаевдин арызын маңызы боюнча карап чыгып, арыз боюнча анын талабын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 1433 чечимин жана 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомун жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Административдик соттун аталган чечими жогору турган инстанцияга даттанылып, Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июндагы аныктамасы менен жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомун жокко чыгаруу тууралуу 2023-жылдын 7-июнундагы Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими күчүндө калтырылган. Жогоруда аталган сот актылары менен, шайлоо болду деп таанылган, ал эми Ө.М.Бакиров шайланган депутат болуп таанылган "№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтому жокко чыгарылган. 2023-жылдын 26-августунда Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июндагы аныктамасы менен жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен күчүндө калтырылган Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткарууда Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтомун Ө.М.Бакировду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бөлүгүндө жокко чыгарган, анткени ал токтомду кабыл алууга негиз болгон Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтому сот актылары менен жокко чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, мында, жаңы ачылган жагдайлар болуп 2022-жылдын 22-январындагы Ноокат райондук сотунун жана 2022-жылдын 31-мартындагы Ош облустук сотунун күчүнө кирген өкүмдөрү Р.Р.Рысбаевдин арызын кайра кароо үчүн негиз болгон, анда жарандар Х.Б.Гоипов жана Ф.М.Норматов № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо мезгилинде шайлоочулардын добуштарын сатып алууда күнөөлүү деп таанылган. Жарандар Гоипов Х.Б. жана Норматов Ф.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө гана каралган шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнөөлүү деп таанылып, бул жерде субъект болуп жарандар өздөрү саналарын (талапкердин катыштыгы аныкталбай) белгилөө зарыл. Баяндалгандарга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомду кабыл алууда ошол учурдагы колдо болгон, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча тергөө жүргүзгөн укук коргоо органдарынын маалыматтарына негизденгендигин белгилейт. Түздөн-түз аталган округ боюнча шайлоонун натыйжаларын белгилөө алдында, министрдин орун басары Э.Аширходжаевдин колу коюлуп, 2021-жылдын 8-декабрында берилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин корутундулаган маалыматы (№ 1/7137) суратылып алынган жана каралган, ага ылайык "КР ЖК депутаттыгына талапкер Ө.Бакировдун, добуштарды сатып алуу боюнча өзүнчө бөлүнгөн сотко чейинки өндүрүш ишине катыштыгы бар экендигин далилдеген маалыматтар табылган эмес". Кийин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2022-жылдын 16-декабрындагы министрдин орун басары кол койгон № СЭД-3401 маалыматы жиберилген, анда өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн Ө.М. Бакировго карата кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатканы айтылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтому сот актылары менен жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени кароо үчүн 2023-жылдын 21-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн Ө.М. Бакировго карата кылмыш ишин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берүү тууралуу суроо-талап (№ 04-9/743) жөнөткөн. 2023-жылдын 30-августунда Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен 2023-жылдын 29-августунда Бакиров Өмүрбек Мырзараимовичке № 03-040-2021-001548 кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинде (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөө коюлгандыгы тууралуу маалымат (№ СЭД-3450) келип түшкөн. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык: "Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу. Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылган учурда, шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга берген добуштары шайлоо бюллетендерин анык эмес бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат". Жогоруда аталган берененин 5-бөлүгүнө ылайык: "Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт". Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июнундагы аныктамасы менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен күчүндө калтырылган Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткарууда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 30-августундагы маалыматынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 26-августтагы № 81 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык талапкер Ө.М.Бакиров боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылсын.
2. Рысбаев Равшанбек Рысбаевич № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилсин.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы № 838 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө (бир…Постановление · 27.12.2021 · № 838
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 26-августундагы № 81 "№ 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 26.08.2023 · № 81
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон