Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 „Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө“ токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 2-сентябры № 535 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 «Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу Архитектуралык-шаар куруу процесстерин борборлоштуруп башкаруу, архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча стратегияны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 «Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясына бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөр сунушталсын:
- «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасын «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү;
- «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасын «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесин тиешелүү ыйгарым укуктары, кызматкерлеринин штаты жана материалдык-техникалык базасы, анын ичинде имараттары жана курулмалары менен, өткөрүп берүү актысы боюнча белгиленген тартипте өткөрүп берүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн карамагына «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесин кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасын «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ортосундагы өткөрүп берүү актысын бекитүүгө ыйгарым укук берилсин.
5. «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
6. Бул токтом менен анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда мекемени кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 68 (3622) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 "Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү…Постановление · 25.01.2023 · № 40 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 "Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү…Постановление · 25.01.2023 · № 40 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15