5-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштешинин финансылык негиздери
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Бирдиктүү төлөөчү тутуму аймактык принцип боюнча иштейт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна башкарууга өткөрүп берилет. Бирдиктүү төлөөчү берүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерине түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат. Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча аныкталат. Бирдиктүү төлөөчү калктын тең төлөө каражаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын отчетторунун негизинде жыйынды маалыматтарды түзөт жана аларды бириктирилген бюджетти түзүүдө пайдаланат.";
3) 6-статьяда:
а) биринчи бөлүк "саламаттык сактоо жана" деген сөздөрдөн кийин "милдеттүү" деген сөз менен толукталсын;
б) экинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн укуктары Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- бюджеттик стратегияны иштеп чыгууга катышууга;
- жыл сайын милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылык камсыз кылуу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын иштеп чыгууга катышууга;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра кароо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- берүүчүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын, тең төлөмдү пайдаланышын контролдоого.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230012378/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>